КОҢГУРОО

«Коңгуроону» («Звонок») көрүп жаткан адам өзүндөгү болгон ишенбестик, цинизмди жоготуп, эки саат ичинде кичинекей балага айлана түшөт. Бул – жүзүңдү алаканың менен жаап туруп, бармак арасынан көрө турган тасма.

Режиссёру – Гор Вербински
Сценарийин жазгандар – Кожи Сузуки, Хироши Такахаши, Эрен Крюгер
Продюсерлери – Беннита Аллен, Нил Эдельштейн, Кристин Исо
Ролдордо: Наоми Уоттс, Мартин Хендерсон, Дэвид Дорфман, Брайан Кокс, Жейн Александр, Линдсэй Фрост, Эмбер Тэмблин, Рэйчел Белла жана башкалар.

Мазмуну
Белгисиз жол менен адамдардын колуна сырдуу видеокассета тийип калат. Ал кассетаны сыналгыдан көрүп бүткөн соң телефон шыңгырайт. Бул коңгуроодон кийин туура бир жума өткөн соң кассетаны көргөн адам сөзсүз өлөт.
Башкаарман Рэйчел журналист болуп иштейт. Ал болуп жаткан табышмактуу окуянын сырын чечүү үчүн изилдөө жүргүзүп жаткан болот. Күндөрдүн биринде каргашалуу кассета анын уулунун колуна тийип калат да, кичинекей бала да өлүм коркунучуна кабылат. Рейчел уулун сактап калыш үчүн өлүм менен тең жарышып табышмактын жандырмагын таап чыгат.
Качандыр бир кезде Самара аттуу кичинекей кызды кудукка ыргытып жиберишкен болот. Арадан көп мезгил өткөн соң Самара өч алуу максатында кудуктан чыгып...

Тарыхынан
Негизи, “Коңгуроонун” “мекени” – Жапония. 1998-жылы белгилүү кинематографист Хидео Накатанын мистикалык көрүнүштөр менен заманбап техниканы байланыштырган “Рингу” аттуу тасмасы жаралган. 2002-жылы Голливуд жапон режиссёру Накатадан фильмдин лицензиясын сатып алып, аны Гор Вербинскиге тапшырган.
Голливуд режиссёру хоррор жанрында жаңы агым жаратты десек болот. Үрөйдү учурган коркунучтуу тасма тартуу үчүн сөзсүз эле жүздөгөн литр кан агызуунун кажети жок. Биринчиден, окуя эмне болуп бүтөөрү акыркы мүнөттөргө чейин билинбеши керек. Экинчиден, мыкты саундтректин жардамы менен мистикалык атмосфера жаратуу керек. Анан албетте, мыкты режиссёрдук жана актёрдук тажрыйба, болгону ушул.

Өзүнө тарткан тасма
АКШ менен Жапония биргелешип тарткан бул тасма тез аранын ичинде дүйнөлүк популярдуулукка жетишкен. Фильмдин дисктери сатыкка чыгаар замат алгачкы эки күн ичинде 2 миллион нуска менен тараган. Мынча жетишкендиктин сыры эмнеде? Балким, чынында эле бул тасма сценарийине жараша кандайдыр бир сырдуу тартуу күчүнө ээдир?
Көз карандысыз статистикалык уюмдардын бири интернетте “Коңгуроо” тууралуу сурак жүргүзгөн. Ар түрдүү жаштагы, түрдүү кесиптин ээлери болгон адамдардын дээрлик 80 пайызы тасманы кайрадан көргүлөрү келгендигин билдиришкен.
Ошол эле уюмдун расмий билдирүүсүнө караганда, тасманын бир нече эпизодунда жашыруун маалымат, башкача айтканда, 25-кадр камтылган. Бул маалымат көрүүчүнүн мээсине кандайдыр бир түшүнүксүз буйруктарды жолдойт. Бирок, кандай буйруктар экени белгисиз. Бул тууралуу фильмдин жаратуучулары: “Ооба, тасманын бир эпизодунда (жылкынын өлүмүн сүрөттөгөн көрүнүш) 25-кадр камтылган. Бул жөн гана эксперимент жана адам үчүн эч кандай кооптуу жагдай жаратпайт”,- деп билдирүү жасашкан.
Тасманын күйөрмандарынын бири болсо фильмди атайын 30 жолу көрүп чыккан. 31-жолкусунда кудук жабылып жаткан эпизодунда көрүнөөр-көрүнбөс “менин дартымды түшүнүү үчүн 7 күнүң бар” деген жазууну байкаган.

Кызыктуусу
Тасма көрсөтүлүп баштаган алгачкы эки жума ичинде кинотеатрларда түрдүү акциялар өткөрүлгөн. Мисалы, ар бир көрүүчү театрга келгенде отургучунан сырдуу кассета таап алчу.
Тасма жаңы чыкканда Лос-Анжелесте сыртында жазуусу жок кассеталар пайда боло баштаган. Алар сатылчу эмес, жөн гана көчөлөрдө, коомдук транспортто, парктарда көрүнгөн жерде жатчу.
“Коңгуроонун” лицензияланган дисктери да тасманын өзүндөй кызыктуу. Дискти көрүп жатканда менюдагы башкаруу системасы автоматтык жол менен бузулат: тасманы токтотуу, артка-алдыга айлантуу мүмкүн эмес. Бир гана жол – сыналгыны өчүрүп салуу керек. Ал эми дисктеги фильм аягына чыкканда эки жолу телефон шыңгырайт.
Фильмди жаратуучулар 48 миллион долларга тартып, 250 миллион долларга сатышкан.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
huligano
2011-06-16 19:34:43
mdaa
0
lilokoo
2013-09-10 20:04:19
men horror,mistika janryn koro albaym,korgum da kelbeyt!!
0
№ 266, 7-13-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан