САНЖАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫ ТАШТАЙТ

Билим алуунун эрте кечи жок” демекчи, жаш ыр­чы Сапар Эркебаев музыкалык орто окуу жайдан алган билимин жогорулатуу үчүн кыргыз ырчыларын даярдап чыгарган консерваторияга тапшырып жаткан кези. Алдыда дагы 2 сынак турат. Булардан да өтсө, анда эле бул жигитибиз консерваториянын вокал бөлү­мүндө окуган студенттердин катарын толуктамакчы.

МИКАЭЛЬ ИМИДЖИН ӨЗГӨРТТҮ

Өзгөчө стили менен элге белгилүү болгон ырчы Микаэль имиджин өзгөрттү. Бул ырчы бир калыпта жүрө бергенди жактырбагандыктан, ар дайым өзгөрүп турууга аракет кылат. Бул жолу болсо чачын алдырып, жаңы формага салдырды. Балким, имиджин өзгөртүүгө Астанадагы жаңы чөйрөсү таасир бергендир. Анткени, азыр Микаэль келишимдик негизде Астанадагы белгилүү бир көңүл ачуу борборун жетектеп жатат. Ырчы Кыргызстанга бүгүн-эртең келип, 16-июль туулган күнүн бул жактан белгилемекчи.

ГҮЛАНДА ЭКИ КАБАТ ҮЙ САЛУУДА

Белгилүү ырчы Айбек Карымовдун солисткасы Гүланда Акордо жаңы конушунан жер сатып алып, эки кабат үйдүн курулушун баштады. Албетте, азыркы заманда эки кабат үй салуу жаш кыз үчүн оңой иш эмес. Ошентсе да Гүланданын бул аракетин ата-энеси колдоп, жардам беришүүдө. Бул жаңы үйгө Гүланда “быйыл болбосо да эмки жылы кирип калам” деген жакшы ниетте экендигин билдирди.

АЗАТ “НОВАЯ ВОЛНАДАН” ЖЕҢИШСИЗ КАЙТЫП КЕЛДИ

Белгилүү “Дельмар” тобунун солисти Азат жыл сайын Россияда өтүүчү “Новая волна” эл аралык фестивалына катышып келди. Ал фестивалга 160тан ашуун конкурсанттар катышкан. Натыйжада, Азат эч кандай орунга илинбей, мекенине куру кол кайтып келди. Ал эми орунга илинүү үчүн мамлекеттик деңгээлдеги колдоо керек экени Азатка айкын болду. Эмнеси болсо да, фестивалга катышуунун өзү жеңиш эмеспи.

КАЙРАТТЫН ТУУГАНДАРЫ ТАБЫЛДЫ

Таланттуу ырчы Кайрат Примбердиевдин аты элге сиңип, популярдуулугу арткан сайын анын буга чейин белгисиз туугандары чекеден табылууда. “Мен сенин агаң болом”, “мен сенин эжең болом” деген телефон чалуулар Кайратты бир чети сүйүндүрсө, бир чети таңкалтырып жатат. Болгондо да бул туугандар Ош тараптан чыгууда. Мунун да жөнү бар. Анткени, Кайратты биз таластык деп билгенибиз менен анын чыныгы жердиги каракулжалык. Ырчы 1-2 жашынан баштап Таласта тайларынын колунда өскөндүктөн, Каракулжадагы туугандарын тааныбай да калган. Ошентип, Кайраттын азыр жаңы туугандары менен таанышып, сүйүнүп турган кези.

ЖЫЛДЫЗ ОСМОНАЛИЕВА НААМЫН МАЙЛАДЫ

Профессионал ырчы Жылдыз Осмоналиеванын Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артист деген наам алганы баарыбызга эле белгилүү болсо керек. Бул алган наамын Жылдыз айым 07.07.07 күнү белгиледи, кыргызча айтканда, майлады. Бул майрам Опера-Балет театрында Жогорку Кеңештин депутаттары, белгилүү инсандардын катышуусунда өттү. Ошондой эле бул ийгилиги менен ырчы айымды Россиядан курбусу Светлана Назаренко келип куттуктап кетти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 245, 13-19-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан