ЖАКУТ АВТОКЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

Кызыл гүл көтөр­гөн куудул Жакут сыдыков 10-июль күнү кечинде автокырсыкка кабылды. Бул кырсык Бишкектин Совет жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде куудул менчик машинасы менен кетип бара жатканда болгон. Натыйжада, Жакуттун эки жамбашы сынып, машинасы жараксыз болуп калды. Учурда куудулдун ооруканада дарыланып жаткан кези. Жаңы түзүлгөн тандемдеши Назира Жетигенова Жакуттун абалын сурап, эки бутунун бири ооруканада болуп жаткан учуру. Андан сырткары, Борончу баштаган куудулдар концерт беришип, андан түшкөн акчаны операцияга жана дарыларга жардамдашыш үчүн Жакутка которушкан. Кошумчалай кетсек, куудул дагы 2 ай дарыланмакчы.


АНЖЕЛИКА СТУДЕНТ БОЛДУ

Айдай сулуу ырчы Анжеликанын быйыл окуусун аяктаганы жөнүндө баарыбыз кабардар болсок керек. Эми ырчы кызыбыз жогорку окуу жайга тапшырып студент болду. Алгач “сынактарды кантип тапшырам?” деп чочулаганы менен бардык экзамендерден “5” деген баа алып, окуу жайга өтүп кетти. Анжелика Бишкектеги абройлуу алдыңкы окуу жайлардын биринин информатика жана экономика боюнча адистигине тапшырган. Ошентип, жаш ырчыбыз искусствого таандык эмес кесиптин ээси болмокчу.


МАКСАТ ЫРЛАР ЖЫЙНАГЫН ЧЫГАРАТ

Таланттуу ырчылардын бири Максат Бегалиев “Максимум” аттуу альбомун чыгаруу алдында турат. Бул ырлар жыйнагын Алматыдан жаздырып келет. Ошондой эле жыйнактын ичинде ырчынын клиптери да камтылган. 1500 даана альбомун чыгарып алган соң ырчы Санкт-Петербургда өтүүчү эл аралык фестивалга даярданмакчы. Максат бул фестивалга Россиядагы кыргызстандык эр азаматтардын чакыруусу менен барат.


СЪЕЗДБЕКТИН СҮРӨТҮ МЕНЕН КҮНДӨЛҮК ЧЫГАТ

Эстрада ырчысы Съездбек Искеналивдин сүрөтү менен мектеп окуучулары үчүн күндөлүк чыгат. Бул күндөлүктө ырчынын эки түрдүү сүрөтү түшүрүлгөн. Биринчиси атайын студияда тартылган болсо, экинчиси “Боз салкын” киносунда тартылып жаткан кезиндеги сүрөт болмокчу. Бул күндөлүктөр 1-августтан баштап сатыкка чыга баштайт. Ырчы жигитибиз “Кайып булак” кинотасмасына тартылуу учурунда колун чыгарып алгандыгын айта кетели. “Азыр колумду салдырып, жакшы болуп калдым”,- дейт ырчы.


БАКЫТ АЙЫЛ КЛУБДАРЫН ОҢДОП, ЭЛ АЛКЫШЫНА АРЗУУДА

Белгилүү эстрада ырчысы Бакыт Мамаев айылдагы клубдарды калыбына келтирүү максатында өзүнүн “Ой тобо” тобу менен жакшы жөрөлгө баштады. Тактап айтканда, ырчы тобу менен жаңы долбоордун үстүндө иштөөдө. Долбоор боюнча, Бакыт айыл жергесиндеги оңдоп-түзөөгө кайсы клуб муктаж болсо, ошол клуб жайгашкан айыл өкмөтү менен келишим түзөт. Анан келишим боюнча концерттин билеттери алдын-ала Айыл өкмөтүнө өткөзүлүп берилет. Айыл өкмөтү болсо билеттерди элге сатып, түшкөн каражатты клубду оңдоп-түзөтүүгө жумшайт. Клуб даяр болгондо Бакыт тобу менен барып, концерт коюу менен бирге оңдолуп-түзөлгөн клубду тасмага тартып келип, телевидениеге берет. Ошентип, эл Бакыттын калк үчүн жасап жаткан ишинен кабардар болуп турат. “Өкмөттү күтүп эле отура бербей, өзүбүз деле демилге көтөрүп чыгып, аракет кылсак болот да. Мына, жакында эле Көл, Нарын, Чүйдүн бир-эки айылы менен ушундай негизде иштедик эле, жыйынтыгы жакшы болду”,- дейт Бакыт мырза.


ГҮЛСҮН ЭЖЕ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ АЛА БАШТАЙТ

Кыргыз эл артисти Гүлсүн Мамашева быйыл 60 жашка чыгып юбилейлик тоюн берүүнүн алдында турат. Бул юбилейине арнаппы же эжебиздин эстрададагы чоң салымы үчүнбү, айтор, маданият министрлиги президенттик стипендия берээри тууралуу Гүлсүн эжеге кабарлаган. “Эми стипендияны июль айынын аягынан баштап ала баштайм. Үстүбүздөгү жыл мен үчүн үзүрлүү жылдардын бири болду. Анткени, “Жаралуу аркар” деген китебим менен компакт-диским жарыкка чыкты. Мына эми президенттин сыйлыгына татып, пенсияга да чыгып отурам”,- дейт Гүлсүн эже кубанычын жашырбай.


НУРЗАДА АЛМАТЫНЫ ЧАНДЫБЫ?

Жаш ди-джей Нурзада Жолдошова “Ди-джей кыз” деген ырына клип тарттырганы Алматыга барып келген эле. Ошондо казак баурдастардын арасынан бир продюсер Нурзадага иштешүүнү сунуштаган. Эгер Нурзада сунушка макул болсо, келишим 5 жылга түзүлүп, Нурзада Алматыда жашаш керек болгон. Кыргызстандан алыс эч жакка чыкпаган кыз казак туугандардын акчасына да карабай сунушту четке каккан. “Анткени, менин бул жакта иштегенге ишим, чыгармачылыгымды колдогон продюсерим бар. Андыктан, мен Кыргызстандан эч жакка кетпеймин”,- дейт ди-джей кыз Нурзада.


Акыркы кездерде кыргыз киносу кайрадан жанданып, “талантым бар” дегендер алынын жетишинче кино тартып, коомчулукка тартуулашууда. Бул кыргыз элинин кино жаатындагы бир аз болсо да өсүшү десек болчудай. Учурда белгилүү ырчы Айбек Карымов да элден кем калбай өзүнүн “Кылым муза” продюсердик борборунун артында “Шайтан араба” аттуу тасма тартууда. Аталган тасма тууралуу Айбектин өзүнөн кыскача маалымат алган элек...

Айбек Карымов: «ТҮРК ТУУГАНДАРГА СУНУШТАЛА ТУРГАН КИНО ТАРТТЫК»

– Айбек байке, сиз сахнада жүрүп эле кино тартууңузга эмне түрткү болду?
– Эми ырчымын деп ырдап коюп жүрө берүү азыркы заманда болбойт экен. Колуңдан келген ишти кыбырап жасай берсең билинбей эле кыр ашып коёт экенбиз. Алгач кино тартуу жөнүндө сунушту клипмейкер Мырзабек Айдаралиев сунуштады. Киного кете турган каражатты эсептеп чыксак, 1 миллиондон ашык каражат кетет экен. Ойлонуп көрүп, бизнесмен досум, “Шайтан араба” киносунун продюсери Ильич Чокеев менен кеңештим. Ал адам чыгармачылыкты түшүнгөн инсан болгондуктан, туура түшүнүп, дароо эле демөөрчү болууга макул болду.
– Продюсердик милдетти аркалоодо кыйналган жоксузбу? Кантсе да кино жааты сизге чоочун эмеспи...
– Чындыгында, продюсердик милдеттин кыйынчылыктары көп экен. Режиссёр “таап бер” деген нерсесин таап бериш керек. Мисалы, “тоонун чокусуна эки боз үй тиктирип, анын жанына 6-7 эчкини чөп жедиртип коюшуң керек” дейт. Аны жасашым керек. Анан да аны барам деген жагына алып барыш керек дегендей. Кыскасы, эң негизгиси, кино жакшы тартылса экен деп бар күчүмдү жумшап, аракет кылып жаттым.
– Эмне үчүн боевик жанрын тандап алдыңыздар?
– Эми азыр бизде Россиядагыдай болбосо да, коңшу Өзбекстандагыдай болуп, кино тартуу бир аз жандана баштады. Мисалга алсак, бизге чейин эле өзүңөр көрүп жаткандай, бир топ эле кинолор тартылып, элге сунушталды. Бизде азыр боевик тасма жок. Ошондон улам элге ушул жанрдагы тасманы тартуулоону туура көрдүк. Албетте, бул кинонун тарбиялык мааниси бар. Тарбиялык мааниси арам акча эч качан жакшылыкка алып барбастыгы, көп адамдын башын жутаарлыгы, кыскасы, арам акча буюрбайт деген мааниде тартылган.
– Кинону “Шайтан араба” деп атаганыңыздардын себеби эмнеде?
– Эми “ар бир жаман нерсеге шайтан азгырат” деп коёт эмеспизби. Анын азгырыгына илинген адам шайтандын арабасына түшкөндөй болот. Шайтан болсо байлыкка тез жетүүчү жолго азгырып, арам жол менен бат эле байып аласың. Бирок, ошол байлык акыры адамды жөнөкөй адамдык бакыттан айрып коёт. Ошол себептүү, тасманын атын ушундай түшүнүктө атаганбыз.
– Тасма өзүнө кеткен каражатты актайт деп ойлойсузбу?
– Жогоруда айткандай, бул киного 1 миллиондон ашык каражат кетти. Буюрса, эми кеткен каражатты актаса экен деген илгери үмүттөбүз. Бул кинону биз акча табуу үчүн тарткан жокпуз. Бир аз болсо да маданиятка салымыбызды кошсок деген ниетте тартканбыз.
- Киного каармандарды кастинг аркылуу тандадыңыздарбы жана тасма кайсы жакта тартылды?
- Албетте, киного тартуу үчүн жалаң жаштарды алдык. Өзгөчө спорт менен машыккан балдарды катыштырдык. Белгилүү артисттерден Замир Сооронбаев мафиянын башчысынын ролун ойноду. Кинону Бишкектин эле тегерек четинен тарттык. 15-марттан баштап 15-июнга чейин тартып бүтүп койдук десем болот.
– Эми фильм кинотеатрлардан элге сунуштала баштайбы?
– Ооба, 25-июлда “Октябрь” кинотеатрында “Шайтан арабанын” бет ачары болот. Ал эми 26-июлдан 6-августка чейин “Вефа” жана “Россия” кинотеатрларында көрсө­түлөт. Андан соң региондордо коюла баштайт. Ошондой эле октябрь айында шаардагы орус тилдүү элдер үчүн тасманы орусча которулушунда сунуштайбыз. Ошондой эле түрк тилине которуп, түрк туугандарга да тартуулоо үчүн даярданып жатабыз.

Маектешкен Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 246, 20-26-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан