АЗАТ ТЫНЧТЫКТЫ ТАНДАДЫ

Буга чейин эле эл оозуна аздыр-көптүр алынып калган ырчы жигит продюсер Тынчтыкбек Кожобековго чыгармачылыкта чогуу иштешүү тууралуу сунушун киргизген эле. Ал жак, бул жагын бир топ ойлонгон Тынчтыкбек акыры макул болуп, азыр бул экөөнүн чогуу иштешип жаткан учуру. Азат шоу-бизнесте буга чейин кыскача гана Азат деген ат менен белгилүү болгон болсо, эми сахнага Тынчтыктын сунушу боюнча Азат Болотбек деген ат менен чыкмакчы. Экөө чогуу иштеше баштагандан бери Азаттын репертуарына “Туулган күн” деген бир жаңы ыр кошулду.

Турсунбай Бакир уулу кичинекей Исага клип тарттырып берет
Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу шоу-бизнестин дагы бир кичинекей жылдызы Исанын “Апаке” деген ырына клип тарттырып бергени турат. Исаны Турсунбай ага бир кечеге келип ырдап бергенин көрүп, анын талантына баа берген. Ошондон кийин дагы бир-эки кечеде жолугуп, өзүнүн телефонун калтырып, колунан келген жардамын берүүгө убада берген эле. Эми ошол убадаларды аткарганга убакыт келип жетип, акыйкатчы Исанын жакында тартылчу клибин каржыламакчы. Клипти белгилүү режиссёр, клипмейкер Азарио тартат.

“Кыз-Бурак” Кыргызстандын намысын коргоого даярданууда
Легендарлуу “Кыз-Бурак” тобу Өзбекстанда өтүүчү эл аралык фестивалга катышууга чоң даярдык көрүп жатканын топтун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова бизге кабарлады. Чоң даярдык дегеним, бул фестиваль башка фестивалдардан өзгөчөлөнүп, олуттуу даярдыкты талап кылат. Ошондуктан, топтун кыздары бардык гастролдорун токтотуп, учурда чопо-чоор, жыгач, темир ооз комуз, комуз, кыяк чертүүнү үйрөнүшүүдө. Андан сырткары, кыздар манас, дастан айтуу үчүн да катуу даярдык көрүп жатышат. Анткени, мында фольклорго чоң маани берилет. Бул фестиваль “Чыгыш жылдыздары” деп аталып, Өзбекстандын Самарканд шаарында 22-августтан 31-августка чейин өтмөкчү. Фестивалга топтун экс-солисткасы Гүлнара Калдарова да кошо бараарын кошумчалай кетели.

Айчүрөк конкурстарга камданууда
Эмгекчил ырчыбыз Айчүрөк Иманалиева бир жылдан кийин өтүүчү конкурска эмитен эле даярдык көрө баштады. Бул эл аралык конкурс Мальта республикасында 2008-жылы июль айында өтмөкчү. Ага чейин болсо өзүнүн мектебинде тарбияланып жаткан Нурзат аттуу ырчы кызды ушул жылдын сентябрь айынын орто ченинде Астанада өтүүчү эл аралык конкурска даярдап жатат. Ал эми өзү болсо бул конкурска Кыргызстандын атынан конок катары барып катышып келмекчи.

Талант комедия жанрындагы кино тартат
Белгилүү жаш куудул Талант Анарбаев учурда комедия жанрындагы кино тартууга камынууда. Бул кинодо негизги каармандын ролун өзү аткарат. Бул демилгени Талант өзү кө­төрүп чыгып, “Сетьсервис” студиясы менен биргеликте август айынын аягында кино тартууга киришээрин билдирди. Азырынча кинонун аты кандай аталаары чечиле элек, бирок, 72 варианты бар экен. Алардын бирөөсүн эле атай кетсек – “Айылдан айга учамын”.

Сапар бутун сындырып алды
Белгилүү ырчы Сапар Эркебаев “Жоокер жылдыз” реалити-шоусуна катышып жүргөнүнөн окурмандар кабардар болушса керек. Ал жакта кызмат өтөп жүрүп, ырчы бутун кокустатып алган. Ушундан соң продюсери барганга чейин аксап, эч кандай чара көрбөй эле жүрө берген болчу. Качан гана продюсери барып көрөөрү менен ырчыны доктурга алып барып, бутунун сынганын билген соң дарылата баштаган. Азыр ырчынын абалы жакшы экендиги жөнүндө маалымат бизге келип түштү.

Жаңы фильм

Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы каармандар катышкан мистикалык “Ка-йып булак” фильми тартылып жатканы жөнүндө сөз козгогон элек. Жакында ал фильм­дин съёмкалык иштери бүтүп, азыр монтаждоо иштери жүрүп жаткан кез. Кызыгууну туудурган “Кайып булак” жөнүндө фильмдин жаратуучусу Рысбек Жабиров менен болгон чакан маегибиз назарыңыздарда...

РЫСБЕК ЖАБИРОВ: “ФИЛЬМ “СУПЕР-ИНФОНУН” 5 ЖЫЛДЫГЫНА БЕЛЕК БОЛОТ”

– Рысбек, съёмка канча күнгө созулду?
– Жалпысынан бир ай кетти. Окуя болуп өткөн негизги жер Сарычелекте эки жума болуп, жакында эле кайтып келдик.
– Ырчылардын кимисинин артисттик чеберчилиги жакшы экен?
– Сегиз ырчы барды. Арасынан артисттик чеберчилиги аябай жогорулары да, ортолору да бар экен. А негизинен, бардыгы эле колдон келишинче аракет кылып жатышты. Негизги каармандардын ролун, башкача айтканда, сүйүшкөн кыз-жигиттин ролун Неля менен Замир ойношту.
– Мистикалык жанрдагы кыргызча биринчи фильм болгондуктан, тартууда кыйынчылыктар болбой койбосо керек?
– Кыйынчылыктар болбой койчу беле?! Ошентсе да өз деңгээлинде бергенге аракет кылып жаттык. Фильмдин мазмуну сыр боюнча калып турсун. Кыскасы, бул фильмден көрүүчүлөр элге белгилүү ырчылардын касиеттүү булагы бар жаратылыш койнуна эки күнгө эс алганы барышканы, ал эки күн ичинде ырчылар кандай окуяларга туш болушканы, жаратылышты канчалык деңгээлде булгашканы, жаратылыш аларды кантип жазалаганы жөнүндөгү сюжеттерди көрө алышат.
– Каармандарыңыз кинодо да ырчы болуп эле катышышабы?
– Бул фильмдин өзгөчөлүгү ушунда. Ар ким өз аттары менен ырчы катары эле катышышат.
– Ырчылардын каалаганы катыштыбы же сценарийге жараша өзүңүз тандап алдыңызбы?
– Бул, негизи, ырчыларга ылайыкталып жазылган сценарий болгондуктан, кимиси катышса да боло берет болчу. Болгону, мен сценарий түзүп жатканда Султан Садыралиев менен Мирбек Иманбековдун образын да кошо түзгөн болчумун. Тилекке каршы, аларга киного катышууга продюсерлери макулдугун бербей коюшкан.
– Ырчыларга гонорар төлөп бердиңизби же өз кызыкчылыктары үчүн барыштыбы?
– Ар кимисине ролуна жараша гонорар төлөп бердим. Бирок, ырчылардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча канчадан гонорар алышкандары сыр бойдон калсын.
– Бул сиздин кино жаатындагы алгачкы эмгегиңизби?
– Өзүмдүн кесибим режиссёр болсо да, бул – менин алгачкы эмгегим. Буга чейин бир-эки клип тартып, өзүмдү режиссёрлук жактан сынап көргөм. Эми буюрса, биротоло кино тармагына өтсөм деп турам. Баса, айтып койчу нерсе, бул фильм – силердин “Супер-Инфо” гезитиңердин 5 жылдык мааракесине белек катары тартылган фильм. Фильмдин жүрүшүндө гезиттин да өзүнчө орду камтылып кетет.
– Фильмди тартуу убагында кызыктуу окуяларга туш болдуңуздарбы?
– Өтө көп кызыктуу окуяларга туш болдук. Бир күнү түшкү тамак убагында Замир Мырза менен Сема болбогон эле сөздүн айынан урушуп кетишсе болобу?! Сөз менен урушуп отурушуп, акыры кадимкидей мушташканга өтүштү. Баарыбыз ажыратып жүрөбүз, ага карашчудай эмес. Акыры менин жиним кайнап, кыйкырып, атүгүл сөгүнүп кирдим. Замир Мырза болсо “кетем” дей баштады. Мени жетээр жериме жеткирип койгон соң каткырып күлүп жатышпайбы. Көрсө, баары сүйлөшүп алышып, мени розыгрыш кылышкан экен. Баары күлүшсө да, мен такыр күлө албай койдум. Ушунчалык чоң чеберчилик менен ойношкондуктан, ошол күнү кечке чейин өзүмө келе албай жүрбөдүмбү.
– Эми элге качан тартуулайын деп турасыз?
– 31-августка чейин бүтүрүп, элге сунуштайм деген оюм бар. “Бүтө элек иштин ыры көп, бүткөн иштин сыны көп” демекчи, ошондо эл таразалап, эл сындайт.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 248, 3-9-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан