ЧЫҢГЫЗ ЭМИ ЮРИСТ БОЛОБУ?

Белгилүү ырчы, ди-джей Чыңгыз Мырзаев жогорку окуу жайга тапшыргандыгы жөнүндө бизге кабарлады. Болгондо да ырчы Улуттук университеттин юридикалык факультетине дароо эле 3-курска отурган экен. Албетте, кадимки студенттер катары тарых, кыргыз, англис тилдеринен экзамен берип өтүп кетиптир. Кошумчалай кетсек, Чыңгыз Жалалабаттагы Б.Алыкулов атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда 5-курста окуйт. “Артык дөөлөт баш жарбайт” демекчи, билим алуунун эч кандай зыяны жок”,- дейт ырчы.

Салкынай Воиновго келин болот
Сахнанын дагы бир сулуусу, жаш жылдызы Салкынай Алиева август айында турмушка аттанганы турат. Ырчынын болочок жолдошунун аты-жөнү – Тимур Воинов. Азыр үйлөнүү-үлпөт тоюна катуу даярдык көрүлүп жаткан учур. Салкынай менен Тимурдун үйлөнүү тою Бишкекте эмес, көл жээгиндеги пансионаттардын биринде өтүп, тойго Россия, Казакстан, Франция өңдүү өлкөлөрдөн коноктор келмекчи. Тактай кетсек, Тимур – белгилүү кикбокс машыктыруучусу Александр Воиновдун тун уулу.

Артык эми тамашалуу ырларды ырдай баштады
“Атага катты” ырдаган Артык мурдатан бери досу болуп келе жаткан Жеңишбек Айтиев менен чогуу иштеше баштаарын билдирди. “Мурда кайгылуу ырларды ырдап жүрсөм, эми тамашалуу, шаңдуу ырларды ырдай баштайм. Учурда Жеңишбек экөөбүз тамашалуу дуэт жаздыруудабыз. Бул ыр элге тартуу­лангандан кийин клип тарттырабыз”,- дейт Артык.

Акбар концерт алпара баштайт
Белгилүү ырчы Акбар Сүйүн­баев мындан кийин ырдоо менен кошо алпаруучулук менен алектенээрин билдирди. Ырчынын айтымында, концерттерде ырдаганы чыгып алып, эмнегедир көбү­рөөк сүйлөп коюп жатыптыр. Өзүнүн алпаруучулукка таланты бар экенин байкап, ырчы концерттерди алып барууну чечкен. Учурда дикциясын жөнгө салып, катуу даярданып жаткан кези. Акбарды алпаруучу катары алгач күзүндө өтүүчү Гүлдүн концертинен көрө алабыз.

Съездбекке “Артезиан” соода маркасы клип белек кылды
Ырчы Съездбек Искеналиевдин “Уулума” деген ырын “Артезиан” соода маркасынын директору жактырып, “бул ырга клип тартып берем” деп сөз берген экен. Азыр мыйзамдуу түрдө бул ырга миң доллар клип үчүн бөлүнүп, клиптин алгачкы кадамдары башталды. Эгерде бул клип жакшы тартылып, элдин купулуна толо турган болсо, “Артезиан” соода маркасы Съездбек менен иштешүүнү улантаарын билдирген.

Жеңишбек “Беш бармак” ырынын авторуна “Мерседес” белек кылды
“Беш бармак” деген тамашалуу ыры менен элге таанылган Жеңишбек Айтиев бул ырдын авторуна “Мерседес” маркасындагы машинаны белек кылгандыгы жөнүндө бизге билдирди. “Мени элге тааныткан ушул ыр. Анын үстүнө, бул ырдын клиби Ошто өткөн тамашалуу клиптердин конкурсунан биринчи орунду алды. Ошондуктан, анча-мынча чогулткан акчама той-топурдан тапкан акчамды кошуп, ырдын автору Абдумалик Айтиевге чын дилимден машина белек кылдым”,- дейт ырчы.

Эрмек Кытайга кетти
Жаш ырчы мырзалардын бири Эрмек Кытайга иштегени кетти. Ал жакта деле Эрмек башка кесип менен эмес, өзү сүйгөн ырчылык менен алектенет. Башкача айтканда, Эрмек Кытайдагы кыргыздарга ырдап, бир кафеде музыкант болуп иштемекчи. Бизге продюсери Назгүл Насиева: “Эрмек тырышчаак бала. Мына минтип Кытайдан сунуш келип, ал жакка жарым жылга иштегени кетти”,- деп билдирди.

Алихан кайсы аткаминээрдин күйөө баласы болот?
Жаш ырчы Алихандын артынан кыздар эле эмес, ал кыздардын ата-энелери да кошо чуркап жүргөндүгү жөнүндө маалымат бизге келип түшкөн. Бул маалыматты тактаганыбызда, Алиханга бир жогорку бийликтеги аткаминээр кызын берүүнү сунуштагандыгы жөнүндө кабардар болдук. Жадакалса концерттерге барып гүл бергендери аз келгенсип, кафелерге да чакыра баштаган тура. Муну уккан ырчынын ата-энеси: “Алихан али жаш, чыгармачылыгы да эми эле башталып жатат”,- деп каршы болуп коюптур. Ал эми ал кайсы аткаминээр экендиги жөнүндө: “Ал эл сыйлаган адам болгондон кийин атын атоонун кажети жок”,- деп билдирди Алихандын продюсери Канат Култаев.

Медер үйлөндү
“Кыргызстан Обондору” радиосунун маалыматтык бөлүмүнүн башчысы акын, журналист Медер Осмоналиев үйлөндү. “Бойдоктуку бойго жукпайт” демекчи, бойдоктук менен коштошуп, өзгөндүк 19 жаштагы Зирек аттуу кызга баш байлады. Зиректин кесиби дизайнер, технукумду аяктаган, учурда жогорку окуу жайлардын биринде окуйт. “Көп жыл бирге сүйлөшүп жүрбөсөк да, мен ал кызга көптөн бери көз салып, сыртынан жакшы билчүмүн. Жыйынтыгында, минтип үйлөнүп отурабыз”,- дейт Медер мырза.

«Кайып булак»... Жакында!

Кыргызча биринчи мистикалык фильм болсо, анын үстүнө, каармандары жалаң сиз сүйгөн ырчылар болсо, “Кайып булакфильминин даяр болушун чыдамсыздык менен күтүп жатсаңыз керек. Күткөнүңүздүн жөнү бар. Анткени, мындан көптөгөн кызыктуу да, коркунучтуу да окуяларга күбө боло аласыз. Ал эми фильм даяр болгончо биз каармандар менен сүйлөшө туралы...

НЕЛЯ:“ЗАМИР МЫРЗА МЕНИН ТАБИТИМДЕГИ ЖИГИТ ЭМЕС”
– Неля, бул фильмде баш каармандын ролуна кандайча ээ болуп калдың эле?
– Киного тартылуу менин ырчы болуудан кийинки эле тилегим болчу. Буга чейин да бир кыргыз фильмине сунуш түшүп, роль жакпагандыктан, баш тартып койгом. Бир күнү фильмдин жаратуучусу Рысбек байке менен сүйлөшүп отуруп фильмге тартылуу жөнүндөгү тилегимди билдирсем, ал өзүндө даяр сценарий бар экендигин айтып калды. Ошентип, мен баш каармандын ролун ошондо эле ээлеп койгом.
– Анан өзүңө кандай баа бердиң? Баш каармандын ролуна татыктуу бекенсиң?
– Фильмге тартылуунун кыйын жактары да, кызыктуу жактары да бар экен. Клиптерге тартылууда ыйлаш керек болсо ыйлай албай бир топ кыйналчу элем. Бул жолу негедир режиссёрлорду кыйнабай өзүм эле ыйлап жаттым. “Азамат, жок дегенде ыйлаганды билет экенсиң” деп ушул жеринде өзүмө баа бердим. Башка жерлеринде да күчүмдүн жетишинче аракет кылып жаттым. Эми татыктуу же татыктуу эмес экенимди эл баалабаса...
– Фильмде Замир Мырза экөөңөр кыз-жигиттин ролун аткарыптырсыңар. Эми жигитиң кызганбайбы?
– Жок, кызганбайт. Бул жөн гана роль да. А жашоодо Замир Мырза менин табитимдеги жигит эмес. Негизи, мен башка ырчы менен тартылмакмын. Менин боюм узун болгондуктан, ошого ылайыктуу жигит табыш керек болуп, курбумдун сунушу боюнча Замир менен тартылып калдым.
– Кайсы эпизоддорго тартылуу убактары эстен кеткис болду?
– Сууга агуу эпизодуна тартылууга даярданып жатканымда “азыр агып окшоштурам” деп ойлоп жаткам. Шар аккан сууга түшкөндөн кийин өзүм эле агып кеттим. Таштарга тийип көгөргөн бутум көпкө чейин кетпей жүрдү. Буттарымды шактарга тилдиргендеги тырыктар болсо алиге чейин кете элек.
– Башка фильмдерге да сунуштар түшүп калса барасыңбы?
– Роль жакса, албетте барам.

ЗАМИР МЫРЗА:“МАЛИНАГА ТОЮП КЕЛДИК”
– Замир, бул биринчи жолу киного тартылышыңбы?
Биринчи жолу тартылышым. Бул фильмге тартылуу менен менин көптөн берки тилегим орундалды десем болот. Сунуш түшкөндө эле дароо макул болдум.
– Дагы сунуштар түшсө тартыласыңбы?
Мага эми эле эки киного тартылууга сунуш түштү. Кастингдерине катышып, өтсөм токтоосуз эле катышам. Анын үстүнө, бир аз да болсо тажрыйбалуу болуп калбадымбы.
– Неля экөөңөр жакшы эле түгөй болчудай бекенсиңер?
Жашоодо биз албетте, кыз-жигит эмеспиз. Бирок, роль үчүн кыз-жигиттин образын берүүгө жакшы эле аракет кылып жаттык.
– Сарычелектен кандай кызыктуу окуялардын күбөсү болуп кайтып келдиң?
Биз Сапар, Сема, Ильяз болуп бир коттеджде жашап жаттык. Түндө баары укташкандан кийин биз эшикке чыгып кетип, жергиликтүү балдар менен мушташкан учурлар да болду. Ал жакта малина аябай көп экен. Биз барган маал малина терүү мезгилине туш келип калыптыр. Малина тергени чыккан кыздар менен сүйлөшүп койсок, алар биз менен сүйлөш­көндөрүнө сүйүнүшүп эле терген малиналарын бизге берип жатышты. Ошентип, малинага тоюп келдик.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 249, 10-16-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан