АССОЛЬ КИЙИМДЕР КОЛЛЕКЦИЯСЫН ЧЫГАРДЫ

Белгилүү телеалпаруучу жана продюсер Ассоль Молдокматова өзүнүн автордук кийимдер коллекциясын чыгарды. Бул коллекцияда бут кийим, жаңы стилдеги кыргыздын улуттук кийимдери, аксессуарлар бар. Айта кетсек, кийимдердин ар бири күмүш, малахит, шуру, рубин, коралл таштары менен кооздолгон. Ошондой эле кийимдердин кездемелеринин эле баасы 1500 сомго жетет. Ал эми даярдалган кийимдердин баасы 150 доллардан өйдө. Бул коллекциянын көргөзмөсү сентябрь айында болмокчу.


Бактыгүл эми консерваториянын студенти

Айдай сулуу кызыбыз Бактыгүл Бадыева консерваторияга тапшырды. “Эл катары эле кадимкидей экзамен бергем. Жыйынтыгын көргөнү барсам өтүп кетиптирмин. Буга чейин чач тарач курсун, андан кийин 2 жыл вокалдан сабак алгам. Окууга тапшырганымдын себеби – билимимди жогорулатуу менен бирге профессионалдыкка умтулуу. Буюрса, 3-сентябрда окуум башталат. Сырттан эмес, кадимкидей күндүзгү бөлүмүндө окуймун”,- деп билдирди Бактыгүл. Буга кошумча мектеп окуучулары үчүн даярдалган күндөлүк өзүнүн сүрөтү менен чыгып жатканын да кошумчалады ырчы кыз.


Гүлшайыр эже “Кыз-Буракка” белек даярдоодо

Кыргыз шоу-бизнесинин баштоочуларынын бири, “Кыз-Бурак” тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова топтун 30 жылдык юбилейине арнап окуучуларына чоң белек даярдап жатканын кабарлады. Өзүнүн айтуусуна караганда, эженин азыр Чолпоната ат майданынын жанынан 12 сотых жер алып, пансионат куруп жаткан кези экен. Бул коттедж үй 15 бөлмөдөн туруп, бардык шарттары менен болмокчу. “Жерди 20 миң долларга сатып алдым. Ал эми пансионатты 7 жылдык кредитке алган каражатка салып жатам. Ошондо пансионаттын даяр болушуна баш-аягы 100 миң доллар кетет экен. Бул пансионат “Кыз-Бурактын” кыздары үчүн курулууда. Башкача айтканда, мында 30 жылдан берки “Кыз-Буракта” иштеген кыздар эс алышат. Кыздардын баарына эшик ачык жана бекер болот”,- дейт Гүлшайыр эжекебиз.


Алексей Филатов 15 килого арыктады

Белгилүү ви-джей, алпаруучу Алексей Филатов бир айдын ичинде 15 килограмм арыктады. Алексей атайын бир ай диетага отуруп, жалаң жемиштер жана жеңил салаттар менен тамактанган. Ошондой эле фитнес менен бир ай толук машыккан. “Туугандарым, досторум менин арыктаганымды дарооо эле байкашты. Алар да жакшы ойлорун билдиришип, келбетим жакшы жакка өзгөр­гөнүн да айтып жатышат. Буюрса, ушул калыбымдан жазбай жүргөнгө аракет кылам”,- дейт Алексей. Айта кетсек, Алексейдин мурун салмагы 68 килограмм эле.


Аида Куловго келин болобу?

Жаш ырчы Аида Кулуева экс-премьер-министрибиз Феликс Куловдун катчысы Азамат Калманга турмушка чыгышы мүмкүн экенин билдирди Аиданын продюсери Назгүл Насиева. Бул жаштар буга чейин бири-бирин жактырышчу экен. “Быйыл Азамат үйлөнөт. Менимче, Аиданын колун сурайт болуш керек. Эгерде сураса, Аида менен 2 жылдык келишимибиздин бузулганына карабай кызымды турмушка узата берем. Анткени, келишимден да адамдын бактысы зарыл”,- дейт Назгүл эже.


Азат машиналуу болду болду

Таланттуу жаш ырчы Азат жайкы эс алуусун Москвадан өткөрүп келген соң өзүнө машина сатып алды. Машинасы “Хонда” маркасында, баасы 5,5 миң доллар турат. Бул Азаттын биринчи машинасы. Учурда ырчынын кубанычы коюнуна батпай турган чагы. Баса, машиналуу болгон бул жигитибиз клип тартууга даярданууда. Ал эми клибинде агасынын ролун аткаруу үчүн өзүнө окшош жана өзүнөн улуураак жигиттерге конкурс жарыялап жатат. Азатка өзүн окшоштургандар ырчынын продюсери Тынчтыкбек Кожобековго телефон чалып, кенен маалымат алышса болот.


Гүлдү кимдер коркутушту?

Таланттуу ырчы Ташкент кызы Гүлдү балдар коркутуп, кол телефонун алып кетишкен. Кечинде Гүл курбусун тоскону эшикке чыкканда аны эки бала ээрчип алган да, ага тийише башташкан. Гүл алардын тийишкенине көңүл бурбай эле курбусун күтүп турса, колундагы телефонун балдар алып качып кетишкен. “Ал телефонго ичим ачышкан жок. Болгону, кыргыздын жигиттери ушундай деңгээлге жетип калганы мени кейитти. Эми буюрса, ушундай кырдаалдарда өзүмдүн коопсуздугумду сактоо үчүн каратэ менен машыгайын деп жатам”,- деп билдирди Гүл.


Кайып булак жакында

Азырынча даяр болбосо да, эмитеден эле көпчүлүктүн бүйүрүн кызыта баштаган “Кайып булак” фильминин дагы бир катышуучулары Сема менен Сапар Эркебаевдин кыскача маектери:

CЕМА: “ЖАШООДОГУ СЕМА МЕНЕН ФИЛЬМДЕГИ СЕМАНЫН АЙЫРМАСЫ ЧОҢ БОЛДУ”

– Сема, киного тартылуудан кандай таасир алдың?
– Мага фильмге тартылган абдан жакты. Буга чейин киного тартылуу жөнүндө көп ойлонбосом да ушул фильмден кийин актёр болууга менин каалоом пайда боло баштады. Анын үстүнө, режиссёрлор мени “азаматсың, Сема, сенде талант бар экен” деп мактап жатышты. Ушул сөздөр да мага бир топ дем болуп, андан бетер жакшы аткарганга аракет кылып жаттым.
– Кинодогу Сема менен жашоодогу Семанын айырмасын көрө алабызбы?
– Мен кинодо такыр өзүмө окшобогон образ жараттым. Бул ролдон бардык ырчылар баш тартып коюшса керек, бирок, мен баш тарта алган жокмун. Тагыраак айтканда, мен ата-бабаларыбыздан бери келаткан ишенимдерге каршы чыккан жигит болдум. Зыярат кылчу ыйык булакка башкалар беттерин чайышса, мен бутумду жууйм. Ыйык мазар даракка чүпүрөк­төрдү байлашса, мен: “Эмне эле фанат болуп жатасыңар? Мунун баары калп”,- деп мен байпагымды байлап коём. Фильмде мына ушундай мен өмүрүмдө кылбаган нерселеримди кылдым.
– Өзүң мазарга зыярат кыласыңбы?
– Менин чоң атам өтө чоң молдо болгон да. Мен мазар көрсөм сөзсүз түрдө сыйынам. Беш маал намаз окубасам да апта сайын жума намазга барып турам. А фильмде роль берилген соң аткарууга туура келип калды. Менин чындыгында андай бала эмес экендигимди фильмди көргөн эл деле түшүнөт болуш керек.

САПАР ЭРКЕБАЕВ: “СУУКТА СУУГА ТҮШҮП СЫРКООЛОП КАЛДЫМ”

– Сапар, киного тартылууда аткара албай кыйналган учурларың болдубу?
– Өлүп калган жерлерибиз бар. Ошол жерлерин келиштириш аябай кыйын экен. Суунун жанына барганда мени бирөө сууга тартып кетет болчу. Суу болсо ылай, күн суук. Сууга кийимчен түшүш керек болгондуктан, бул эпизод бир дубль менен тартылууга тийиш эле. Анткени, жарабай калса кийимди кайра кургатып отурганга убакыт да, мүмкүнчүлүк да жок эле. Айткандай эле бир дубль менен тартышты. Бирок, суу ылай болгондуктан, аябай кыйналдым. Үшү­гөнүмдү айтпа. Ошондон кийин бир аз сыркоолоп калдым. Башка жерлеринде көп деле кыйынчылыктар болгон жок. Анткени, мен окуу жайда окуп жүргөндө актёрдук чеберчиликти да окугам. Ошонумдун чоң пайдасы тийди.
– Кызыгып кетип ырчылыкты таштап актёрлукка өтүп кетпейсиңби?
– Ырчылыкка караганда актёрлук бир топ кыйын кесип экен. Мен ырчылыгым менен катар кинолорго катыша берем. Бирок, ырчылыгымды биротоло таштап салышым мүмкүн эмес.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 250, 17-23-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан