ЭДИЛ ОРДУНА КЕЛДИ

«Кыргызстан обондору» радиосунун мурдагы ди-джейи мукам үндүү Эдил Эркинбаев радиого кайтып келди. Радиого кайтып келүү­сүнө күйөрмандарынын суранычы жана кесиптештеринин чакыруусу түрткү болгон. “Балким, бир окуя болбогондо радиого да келбейт белем. Бир күйөр­маным Караколго апама чалып алып “Эдил эфирге келсин” деп ыйлаптыр. Мен Бишкектен үйгө барсам, апам: “Кой, балам, бар дагы радиого иште. Сени ушундай күйөр­мандарың суранып жаткандан кийин иштешиң керек”,- деди. Апамдын сөзүн эки кыла албай минтип мени күтүп жаткан өз ордума келдим. Алгач эфирге чыкканда бир аз толкундануулар болду. Анан куттуктоолор, жакшы сөздөр, кыскасын айтканда, угармандардын жылуу пикирлери менин иштешиме чоң дем-күч берүүдө”,- деп билдирди Эдил мырза.

Аиданы жарнамадан көрө алабызбы?

Жаш ырчы Аида Кулуева Кыргызтелеком менен келишим түзүп, эми аны реклама кыла баштайт. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн компания кастинг жарыялаган. Ал кастингге Аида да катышып, апрель айында сүрөтүн калтырып койгон эле. Жыйынтыгында, минтип рекламага тартылууга мүм­күн­чүлүк алып отурат. Буюрса, күз айларында Аиданы Кыргызстандын булуң-бурчундагы жарнамалардан жана телероликтерден көрө алабыз.

Мээрим апасын күйөө балалуу кылды

Белгилүү актриса Шайыр Касымалиеванын кызы Мээрим Шерматова турмушка чыкты. Болгондо да Шайыр эжебиз Мээримди сөйкө салдырып, кыргыздын каада-салтын колдонуп, өз колу менен узатты. Мээримдин жолдошу таластык, бирок, шаарда турушат. Аты Аман. Бул эки жаштын тою орозо бүт­көндө, октябрь айынын ортолорунда Бишкек шаарындагы белгилүү кафелердин биринде болмокчу. “Кызым турмушка чыкканга чейин киного, рекламалык роликтерге тартылып жүрчү эле. Эми мен кызымдын мындай жумуштарына тыюу салам. Анткени, кыз бала үчүн үйбүлө жогору турат, анын үстүнө күйөө балам да мындай көрүнүштү жактырбайт”,- деп билдирди Шайыр эже.

Кочкорлук күйөрманы Назирага тайган
итин белек кылды.

Алина Жетигенованын сиңдиси, куудул Назира Жетигеновага кочкорлук күйөрманы тайган породасындагы ит белек кылган. Бул белекке куудул эжекебиздин төбөсү көккө жете кубанды. Анткени, көптөн бери тайган породасындагы ит баккысы келип, издеп жүргөн экен. Көктөн издегени жерден табылып, минтип 500 долларлык итти белекке алып отурат. “Итимдин атын Били койдум, азыр көлдө гастролдо жү­рөм, итим да жанымда. Билини берген кочкорлук Амантур деген күйөрманыма чоң ыраазычылыгымды билдирем”,- дейт куудул айым.

“Версус” бий тобундагы Жаркынай
“Жаш мыкты мугалим” наамына татыды.

Заманбап бийлерди бийлеген “Версус” тобунун кыздарынын бири Жаркынай Кыргызстан боюнча “Жаш мыкты мугалим” наамына татыды. Айта кетсек, Жаркынай үч жылдан бери шаарыбыздагы №2-мектепте биология сабагы боюнча мугалим болуп эмгектенип келет. Ошондой эле топтун жетекчиси Айпери бизге учурда “Версус” тобу Ташкент менен Алматы калааларында гастролдоп жүр­гөнүн да маалымдады.

Ырыскелди чоң ата болду

Профессионал ырчы Ырыскелди Осмонкулов жакында неберелүү болуп, небересинин жытын искеп эле отуруп калды. Ырыскелдинин тун уулу Адил Лилия аттуу татынакай кызга үйлөн­гөн эле. Жыл айланбай минтип эки жаш балалуу болушуп, туугандарын кубандырып отурушат. “Неберем айтылуу Атай Огомбаевдей атактуу адам болсун деп атын өзүм Атай койдум”,-деп бизге сүйүнчүлөдү ырчы.

Сапардын клиби тартылып жаткан учурда кайсы
эс алуу борбору талкаланды?

Жаш ырчы Сапар Эркебаев “Коштошуу” деген ырына клип тартып жаткан учурда эс алуу борборунун чоң күзгүлөрү сынган. Мунун себебин Сапар төмөнкүдөй түшүндүрөт: “Бул клипти тартууда наркомандын ролун ойнош керек эле. Ал ролду аткарган “Дем” театрынын балдары наркомандын образына катуу кирип алышып күзгүлөр­дү сындырып алды. Бул күзгү­нүн баасы 5 миң сом болсо, бизге айып катары андан 2-3 эсе көп суммадагы акча төлө­түштү. Бирок, бул күзгүнүн сынышын биз жакшылыкка жоруп койдук”,- дейт Сапар.


“Кайып булак” жакында

Белгилүү ырчылар Урмат Усенов менен Ильяз Абдыразаков да “Кайып булак” фильминде роль ойношуп, өздөрүнүн ырчылыктан тышкары актёрлук чеберчилигин да далилдешкен.

Урмат Усенов:

«ФИЛЬМДИН ЭКИ САУНДТРЕГИ МЕНИН КАЛЕМИМЕ ТААНДЫК»

– Урмат, съёмкадан сен кандай таасирлер менен кайтып келдиң?
– Мен жаратылышты дээринен сүйөм. Сарычелектин кооз жайларын көрүп чыгармачылыгыма эргүү, өзүмө бир топко жеткидей энергия топтоп келдим десем болот. Жаратылышка аяр мамиле кылуу керек экенине, аны көздүн карегиндей сактоого тийиш экенибизге ушул фильмге тартылуудан соң дагы бир жолу ынандым. Кинону жүз адам көрсө, ошонун жок дегенде элүүсү жаратылышты сактоого үйрөнсө биз чоң жумуш аткарган болот элек.

– Өзүңдүн актёрлук чеберчилигиңе кандай баа бердиң?
– Мен негизи, мурунтан эле киного тартылууга кызыгып жүрчү элем. Ошол тилегимди орундатканга Рысбек байке жакшы мүмкүн­чүлүк түзүп берди. Каалоом аябай күч болгон үчүнбү, менде негедир кыйынчылыктар көп болгон жок. Айта кетчү нерсе, кинонун эки саундтреги менин калемиме таандык. Бир ырын Ильяз жазды. Бул үч чыгарма тең чоң эргүү менен жаралган чыгармалар. Буга көрөрмандар өздөрү күбө болгонго да буюрса, саналуу гана күндөр калды.

Ильяз Абдыразаков:

“КИНОДО ДА МЫНДАЙ ОЙНОЙ
АЛБАСАМ КЕРЕК”

– Ильяз, сени ырчы катары баарыбыз таанып, сахнада ырдап жатканыңды жакшы элестетебиз. Ал эми актёр катары элестете албай жатабыз. Деги сенден кандай актёр чыкчудай экен?
– Жакшы эле аракет кылып жаттым. Мен ал жакка барып роль аткарганга караганда, чыгармачыл топту күлдүрүп, аларга эрмек болгонго көбүрөөк энергия сарптадым окшойт. Замир Мырза менен Семаны мушташтырып, Рысбек байкеге тамаша уюштурган да менин идеям болчу. Ошондо ушунчалык деңгээлине жеткире аткардым, кинодо да мындай ойной албасам керек. Бирок, бул сценарийдин негизги автору катары кийин Рысбек байкеден тил укканга туура келди.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 252, 31-август-6-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан