НЕЛЯ ЖАҢЫ МАШИНАЛУУ БОЛДУ

Сүйкүмдүү ырчы Неля жаңы темир тулпарлуу болду. Бул машина Нелянын эсеби боюнча, рулга отургандан берки бешинчиси. Ар жылы ар кандай маркадагы темир тулпарларды айдаган ырчы кызга бул "Хонда Аккорд" маркасындагы машинаны аталаш байкеси Нурбек Прибалтика өлкөлөрүнөн айдатып келген жана машинанын документтерин өзү бүтүрүп, номерине чейин алып берген. Ырчы жалпысынан 5 миң долларлык бул машинага өзүнүн жана апасынын акчаларын сарптаган. Учурда ырчы машинасын кооздоп, сүйүнүчү коюнуна батпай турган кези.


"КЫЗ-БУРАК" ТАШКЕНТТЕН
СЫЙЛЫККА ИЛИНДИ

"Кыз-Бурак" тобу Ташкент шаарында өткөн "Чыгыш ыргактары" аттуу фестивалга катышып, ЮНЕСКОнун атайын сыйлыгын утуп кайтты. Топтун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова болуп өткөн бул фестиваль тууралуу: "Дүйнөнүн 38 өлкөсүнүн өнөрпоздору ат салышкан бул фестивалга Өзбекстандын президенти Ислам Каримов өзү катышты. Ал эми Кенже кызым башында турган "Кыз-Бурак" тобум Орусия, Азербайжан, Өзбекстандан кийинки 4-орунду ээлеп, иш-чараны уюштурган ЮНЕСКОнун атайын байгесине татыдык",- деп маалымдады. Эскерте кетсек, "Кыз-Бурак" тобунун мындай иш-чарага катышуусун ЮНЕСКО жарым-жартылай каржылап, калган чыгымдарын Өзбекстан тарап көтөргөн.


КАЙРАТ АКЫНГА АЙЛАНДЫ

"Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" демекчи, таланттуу ырчы Кайрат Примбердиевдин акынчылык жайы да бар экендиги билинди. Анткени, ал ырчылык менен эле алектенип тим болбостон, учурда жашыруун талантын ачып ыр жазып жатат. Мисалы, жылдызы жаңыдан жанып келаткан Даниэль, Айдин, Бегимай Эсенгулова, Ильяз Андаш сыяктуу жаш ырчыларга алар каалагандай мазмундагы ырларды жазып берген. Учурда Кайратка ыр үчүн заказ бергендердин саны дагы арбууда.


ЭРМЕК "ЮМОР КЛУБУН" АЧУУНУН
АЛДЫНДА ТУРАТ

Тамашалуу, куйкум сөздөрү менен өзгөчөлөнгөн "Браво" телеберүүсүнүн алпаруучусу Эрмек Нурбаев жакында "Юмор клубун" ачуунун алдында турат. Учурда анын долбоорунун үстүндө иштөөдө. Долбоордун максаты сатира, юмор жаатын көтөрүп, өнүктүрүү жана жаштар арасында кыргыз тилинин деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Азыркы убакта командалар тандалып алынды жана дагы катышкысы келген жаш балдар-кыздарды кабыл алууга эшик ачык экенин Эрмек кошумчалап маалымдады. Бул долбоорду теледен көрө алаар кезибиз алыс эмес.


МЕЛИС ҮЙЛӨНҮҮГӨ ДАЯРДАНУУДАБЫ?

Жаш болсо да Кыргызстандын булуң-бурчуна аздыр-көптүр белгилүү болуп калган Мелис Абдрашитовго ата-энеси үй салып берип жатышат. Бул тууралуу ырчы өзү баяндап, үйү бүтөөрү менен эле өзүнчө бөлүнүп чыгаарын кошумчалады. Ырчыга үй шаарыбыздын четинен орун алган Акордо жаңы конушунда тургузулууда. Эске салсак, ата-энеси жакында эле Мелиске "Жип" машинасын белек кылышкан. Эми минтип өз алдынча жашоого даярдап жатышат. Ошентип, эми Мелистин үйү бүтсө ага үйлөнүү эле калат окшойт.


ИСЛАМ КЛИПКЕ ВЕРТОЛЁТ
МЕНЕН ТАРТЫЛАТ

Жаңыдан жылдызы жанып келаткан жаш ырчы Ислам Ахматов клип тарттырууга демөөрчү тапты. Ислам элиталык ресторандардын биринде өзүнүн талантын тартуулап жатканда "Коштошуу" деген ыры эс алып отурган бир айымга жагып калат. Кече аяктаган соң ал айым Исламга бул ырдын мазмунун аябай жактырып калгандыгын айтып, клип тарттырып берүүгө убадасын берген. Тартыла турган клип башка клиптерден айырмаланып, вертолёт менен тартылмакчы. Бул кабарды уккан кыздар кокус клипке тартылуучу кыздарга кастинг жарыяланып калса, четинен чыгаары турган иш.


ИРЛАНДАН "ОКУУЧУ КЫЗ-2"

Көпчүлүк жаштардын баалаган ырына айланган "Окуучу кыз" ырынын экинчи бөлүгү жазылаарын Ирлан Таалайбековдун продюсери Асыл­ Апасова билдирди. Кошумчалай кетсек, жагымдуу мектеп күндөрүн эске салган бул ырдын автору куудул Жакут Сыдыков болуп саналат. Ырдын аткарылышы автордун көңүлүнө жаккан белем, Ирландын продюсери Асыл Апасовага ырдын экинчи бөлүгүн жаздырууну сунуш кылыптыр. "Окуучу кызды" Ирлан ырдап чыкканда мен ооруканада жаткан элем. Андыктан, клип тарттыра албай калганбыз. Эми экинчи бөлүгүн түз эле клиби менен кошо даярдамакчыбыз",- дейт Асыл Апасова.


"КЫЛЫМ" ТОБУ ТАРАДЫ

Жаш жигиттерден түзүлгөн "Кылым" тобу тарады. Эми топтогу Максат, Ырыскелди, Төрөкул өз алдынча ырдашмакчы. Топтун экс-жетекчиси Эрнест Үмөталиев учурда аты аталган эки ырчынын өз алдынча ырдап чыгууларына колдоо көрсөтүп жатат. Айта кетсек, Төрөкул эми сахнага "Даурен" деген псевдоним менен чыкмакчы. Экс-жетекчи "Кылым" тобунун курамын жаңыртып, сахнага даярдап, эмки жылы эл алдына алып чыгууну көздөөдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 253, 7-13-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан