СУЛТАН ПРОДЮСЕРИНЕ КАЙРЫЛЫП КЕЛДИ

Ырчы Султан Садыралиев келишими аягына чыга электе продюсеринен кетип, шоу-бизнесте сенсация жаратты эле. Арадан эки ай өтүп-өтпөй, эми минтип кайра өзү кечирим сурап, продюсери Динара Эсенгуловага кайрылып келип отурат. Динара да бир аз ойлонгон соң аз убакыт ичинде өз баласындай болуп калган Султанды кечирип, кайра иштешүүгө макулдугун берди. Бул боюнча Султандын өзү­нө кайрылганыбызда: “Мен жаштык – мастык кылган экенмин. Бир аз убакыт өткөн соң ойлонуп-ойлонуп, кайра Динара эжеге келүүнү чечтим. “Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң” дейт эмеспи. Динара эженин муну туура түшүнүп, мени кабыл алганына ыраазымын. Учурдан пайдаланып, мен Динара эжеден жана башка продюсерлерден, ошондой эле күйөрмандарымдан чоң кечирим сурап кетем. Ошондой эле бүгүнкү күндөн баштап мындай кемчиликтерсиз иштөөгө сөз берем. Динара эже экөөбүздүн ишибиз мурункудай эле улана берет деп ойлойм. Анткени, экөөбүз эч кандай жаман-жакшы айтышкан эмеспиз”,- дейт Султан туура эмес иш кылганына өкүнө. Ошондой эле продюсеринен Султан менен кошо кеткен досу Мирбек Иманбеков да Асыл Аппасовага кайра иштешүүнү сунуш кылган. Асыл эже болсо Мирбектин бул сунушун кабыл албай жатат. Балким, Асыл эже да айкөлдүк кылып, убакыттын өтүшү менен жибип кетээр...

Назира итинин атын неге өзгөрттү?
Кыргыз шоу-бизнесиндеги саналуу куудул айымдардын бири Назира Жетигенова күйөрмандарынан белекке тайган ит алып, анын атын Били койгонун бизге кабарлаган эле. Убакыт өткөн соң гана Били деген өзүнүн сыйлап жүргөн жакшы тааныш байкесинин аты экенин эстеген. Балким, бир тойдо бул байкесине жолугуп калбаганда дагы деле капарына албай жүрө берет беле. Ал байкесин көр­гөндө Назиранын бети кызаргандан кызарып, уялганынан кирээрге тешик таппай калган да, итинин атын токтоосуз Лорд деп өзгөр­түүнү чечкен. “Мен итимдин атын Били деп ойлонбой эле коюп алыптырмын. Мунум үчүн байкемден тизе бүгүп кечирим сурайм жана байкем мени кечирээрине ишенем”,- дейт Назира өз күнөөсүн моюнуна алып.

Эмил күйөрмандарын дагы ыйлатабы?
Муңдуу ырларды ырдаган жаш ырчы Эмил Балтагулов дагы бир “Жетим баланын арманы” аттуу армандуу ыр жаратып, атүгүл ага клип тарттырып бүттү. Клипке ырдын мазмунуна жараша жалаң жетим балдар үйүндөгү жаш балдар тартылышты. Ал эми Эмилдин жаңы эмгегин теледен келээрки аптада көрө алат экенбиз. “Ичпечи, ападан” кийин көзү­бүздүн жашын сүртүп үлгүрө элегибизде Эмил бизди кайрадан ыйлатканы калды окшойт.

Арстанбек “21-кылым” радиосуна келдиби?
“Кыргызстан Обондору” радиосунун мыкты ди-джейи Арстанбек Абдыманов “21-кылым” радиосуна келип, анда продюсердин орун басары болуп иштеп жатканы жөнүндөгү маалыматты кулагыбыз чалып калды. Эгерде чын эле ушундай болсо, ди-джей жигитибиздин жаңы орду кут болсун демекчибиз.

Кыргызстан Обондору” радиосу ди-джейлерин сотко береби?
24 саат бою жаңырган “Кыргызстан Обондору” радиосунун алдыңкы деп саналган дөө-шаа ди-джейлеринин эфирден чыкпай калгандарына бир нече апта болуп калды. Сүйүктүү ди-джейлеринин үнү эмне үчүн жаңырбай калганын тактап бе­рүү­бүздү суранган окурмандарыбыздын талабын канааттандыруу максатында, бул радионун дагы бир кызматкери Медер Осмоналиевге кайрылганыбызда ал: “Мен азырынча бул тууралуу эч нерсе айта албайм. Учурда бул ишти иликтөө жүрүп жатат. Качан гана жыйынтык чыкканда бул жөнүндө кеңири маалымат беребиз”,- деп айтты. Биздин башка булактардан алган маалыматтарыбызга караганда, Арстанбек Абдыманов, Лилия Абдубаитова, Назгүл Айдаралиева, Бегимай Дастановаларга “Кыргызстан Обондору” радиосу териштирүү ишин жүргүзүп жаткан имиш.

Кубаныч темир тулпарлуу болду
Чубак Сатаевдин уулу жаш ырчы Кубаныч Сатаев машиналуу болду. Ырчы ак түстөгү “Мерседес 230” маркасындагы бул машинаны жети жарым миң долларга сатып алган. Кечээ эле машинанын документтеринин баарын Кубаныч өзүнө өткөрүп, кагаз иштерин бүтүрүп, машинаны айдаганга уруксат алды. Албетте, ырчынын мындай баалуу машина алганына агасы Кушчубек Сатаевдин салымы чоң. Анткени, дайыма гостролго чыкканда жанында концертин уюштуруп, колунан келген жардамын аябай агалык милдетин аткарып келүүдө.

Айчүрөк окуучуларын астаналыктарга көрсөтүп келди
Белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиева Казакстандагы “Астана-2007” эл аралык фестивалына конок катары катышып келди. Ал жактан Атай Огомбаевдин “Жаштарга” ырын созуп, келген элдин оозун араандай ачырды. Ырчы бул фестивалга жалгыз барбастан, өзүнүн бийчи, ырчы 11 окуучу балдарын алып барып, өнөрлө­рүн көрсөтүп кайтты. Айчүрөк айымдын окуучуларынын өнөрлөрү ал жактагыларга чындап жаккан көрүнөт. Анткени, Астанадагы Кыргызстандын улуттук маданият борборунун жетекчиси Исмаилов Шовхат балдардын баарын диплом, грамота менен сыйлады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 255, 21-27-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан