МЕРГЕН ТУРГАН ҮЙЛӨНДҮ

“Белгилүү ырчы Мерген Турган үй­лө­нөт экен”, жадакалса “үйлөндү” деген ушактарды кулагыбыз чалып калчу. Мындай ушактарга жооп кылып, бул жолу Мерген мырза бойдоктук менен чындап коштошууну чечти. Ырчы 3-октябрь күнү жубайын алып келгени Казакстанга жөнөп кеткен.
4-октябрда түштөн кийин казак кызы Жылдызды үйгө алып келип, эми чындап үйлөнгөндүгүн бизге сүйүнчүлөдү. Керек болсо “буюрса, орозо чыкса, октябрь айында чоң үйлөнүү тоюмду берем, келгиле” деп бизди тоюна чакырып да койду. Ылайым эле Мергендин ушул жолку үйлөнгөнү чын болуп, бактылуу болсо экен.


БАКТЫГҮЛ ӨЗБЕК ЫРЧЫСЫ РАЙХОН МЕНЕН “ПОДРУЖКА” БОЛДУ

Мындан бир нече жума мурун өзбек эстрада жылдызы Райхондун Бишкекке концерт коюп келгени эсиңиздерде болсо керек. Мына ошондо биздин жылдызыбыз Бактыгүл Бадыева Райхон менен таанышып, мамилелешип калган эле. Атүгүл Райхон Бактыгүлдүн иштетип жаткан кафесине келип тамактанып, эс алып отуруп кеткен. Чай үстүндө эки элдин сахна жылдыздары чыгармачылык тууралуу, келечекте кызматташуу тууралуу кенен сүй­лө­шүшкөн. Ошондогу убадаларынын бирине туруп, эми Райхон Бактыгүлдү Ташкентке чакырып жатыптыр. Ноябрь айынын башындагы концертин өткөрүп алган соң Бактыгүл Өзбекстанга жол тартмакчы. Ал жактан жөн келбей, Райхондун жардамы менен бир нече ырларына клип тарттыра келүүнү пландаштырып жатат.


ТЫНЧТЫК УУЛДУУ БОЛДУ!

Продюсер Тынчтыкбек Кожобеков 3-октябрь күнү кечинде уулдуу болду. Тынчтык төрөлгөндө өзү 2 килограмм 700 грамм болуп төрөлгөн экен. Кызыгы, баласы да дал ушудай салмакта төрөлдү. Тынчтыктын уулунун азырынча аты коюла элек. Анткени, ымыркайдын атын айылдагы чоң аталары коюуга тийиш. Учурда Тынчтык мырза №4-төрөт үйүндөгү доктурларга сүйүнчүсүн берип да, баласын “майлап” да бүтө албай жүргөн мезгили.


ЖАНЕТА МАИ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН
ЭМНЕГЕ АЙТЫШТЫ?

“Досум Үсөн” тобунун солисткасы Жанета Бобкованын айдоочулук күбөлүгүн Байбосунов аттуу МАИ кызматкери алып, бербей койгон. Күбөлүктү эмнеге бербей койгонун ырчы төмөн­күчө түшүндүрөт: “Мындан бир жума мурун эртең менен балдарымды бала бакчага алып баратсам, көчөдө турган МАИ кызматкери эч себепсиз эле токтотту. Машинадан түшүп, айдоочулук күбөлүгүм­дү көрсөтсөм, мени дароо эле таанып: “Артист болсоңор өзү­ңөргө артистсиңер. Дайыма силердин концертиңерге билеттерди бизге жетекчилик кыйнап алдыртат. Же концертиңерге баргыбыз келсечи?!”- деп болбогондун баарын айтып наалып кирди. Бул сөз­дөрү менин кыжырымды келтирип, анан экөөбүз айтыша кеттик. Күбөлүктү бербей койду эле, мен кетип калгам. Азыр ал жигитти издеп жүргөн кезим. Сураштырсам, жумушка да чыкпай жатыптыр”,- дейт ырчы жиндене.


“СТАР ДЕНС” КАНАТ КУЛТАЕВДИН КОЛУНА ӨТТҮ

Ырчыларды жандап бийлеп, өзгөчө бийи менен сахнанын көркүн ачкан “Стар Денс” бий тобу эми Канат Култаевдин колуна өттү. Азыркы тил менен айтканда, Канат бул бий тобунун продюсери болуп калды. Канатка “продюсер бол” деп “Стар Денс” тобунун кыздары мындан бир топ убакыт мурда айтышкан болчу. Канат ошондон бери ойлонуп көрүп, бул тырышчаак, өз ишин мыкты билген балдар менен иштешүүгө макулдугун берген. Шоу-бизнестин көзүн билген, тың продюсер бысмылда дегенде эле бул топту “Стар Денс” шоу-балети деп атады. Азыр шоу-балетте жаңы формалар тигилип, жаңы бийлер кошулуп, кыскасын айтканда, өзгө­рүүлөр жүрүп жаткан кез.


ТЫНЧТЫКБЕК АБЫЛКАСЫМОВ “КИНОНУН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫЗЫ” НААМЫНА ТАТЫДЫ

Учурдун киносу “Боз салкын” фильминде негизги каарман Сагындын ролун жараткан Тынчтыкбек Абылкасымов “Кинонун жаңы жылдызы” номинациясына татыды. Тактап айтканда, Биринчи Эл аралык Ысык­көл кинофестивалында “Боз салкындагы” ролу үчүн жогорудагы наамды алып, диплом менен сыйланган. Андан сырткары, Тынчтыкбек “Мен” деген дипломдук ишине тарткан өзүнүн киносу менен Алматыда өткөн эл аралык кинофестивалга катышып келди. “Албетте, ал жактан эч кандай деле сыйлык алган жокмун, бирок, “Фестивалдын катышуучусу” деген сертификат алып келүү деле мен үчүн жеңиш”,- дейт Тынчтыкбек.


НАЗИРА КЫЗ ТӨРӨДҮ

“Кыргызстан Обондору” радиосунун таланттуу ди-джейи Назира Даниярова көз жарды. Тактап айтканда, ди-джей кызыбыз 28-сентябрь жума күнү кечинде 3 килограмм 300 грамм болгон куурчактай кыздуу болду. Азыр жолдошу экөөнүн наристенин жытына тойбой турган кездери. “Бул улуу кызыбыз болгондуктан, атын өзүбүз койгонго уруксат жок эле. Ошондуктан, чоң-ата, чоң-энелери кеңешип, небересинин атын Акмарал деп коюшту. Кызым ыйлаак эмес, өзүмө окшоп жоош болот окшойт”,- дейт ди-джей кыз.


ЖЫЛДЫЗ СЕГИЗБАЕВА КИНОГО ТАРТЫЛУУДА

Жаш ырчы кыз Жылдыз Сегизбаева учурда ырчылыктан сырткары өзүнүн актрисалык өнөрүн да сынап жаткан кези. Анткени, ырчы «Белгисиз маршрут» аттуу кинодо башкы каармандын ролун ойноп жатканын бизге билдирген. Бул киного тартылуу үчүн Жылдыз июль айында өткөрүлгөн кастингге катышып, өтүп кеткен. Ушундан көп өтпөй киного тартылууга чакыруу барагы келип, биринчи кадрлар тартыла баштаган. Ырчы “Белгисиз маршрут” киносунда айылдан шаарга келген Ширин аттуу айылдык кыздын жашоосун сүрөт­төмөкчү. Кинону тартуу иши аяктап калды. Буюрса, ноябрь айында элге сунушталмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 257, 5-11-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан