СЪЕЗДБЕК КЫЗДУУ БОЛДУ

Мусулмандар Кадыр түн тосуп жатканда биздин белгилүү ырчы жигитибиз Съездбек Искеналиев түнкү саат бир жарымда кыздуу болду. Ымыркай шаарыбыздагы №4-төрөт үйүндө 3 килограмм салмакта төрөлдү. Съездбектин апасы небересинин атын Даткайым деп койду. Анткени, ырчынын уруусу Курманжан Датканын адыгине уруусунан болгондуктан, Датка Съездбектин чоң энелери болуп кетет. Жадакалса, ырчынын түпкү жери Чоңалайдан болот. Ырчы жубайы менен кызын 10-октябрь күнү төрөт үйүнөн чыгарып келип: “Кара көз кызым Даткайым Кадыр түн күнү төрөлдү”,- деп ырдап, кызын эркелетип жаткан кези.

ИЛЬЯЗ АНДАШ ЖӨНҮНДӨ КИНО ТАРТЫЛАТ

Продюсер Тынчтыкбек Кожобековдун окуучусу ырчы Ильяз Андаштын жашоосуна байланышкан документалдуу кино тартылып жатат. Бул кинодо Ильяздын чоң сахнага аттанганы жөнүндө сүрөт­төлмөкчү. Албетте, мындай ишти продюсери Тынчтыкбек Кожобеков баштаган. Киного октябрь айынын 15инен кийин теледен күбө боло алабыз. Андан сырткары, ырчы 30-31-октябрда өзү төрө­лүп өскөн Каракол шаарында алгачкы тушоо кесүү концертин берет. Концертте ырчынын тушоосу кесилип, кадимкидей элдерди чуркаттырат. Ким биринчи келип ырчынын тушоосун кессе, белек берилет.

ИРЛАН «ИСКУССТВОГО КЕРЕК АДАМБЫ»?

“Окуучу кыз” деп сыздаган Ирлан Таалайбековдун Ика деп кыска ат менен айтылып жүргөнүн көпчүлүгүбүз билебиз. Көрсө, ырчы жөн жерден эле Ика деп аталып калбаптыр. Анткени, ырчы кичинекей бала кезинде эле ар бир кыймылы келечегинен кабар берип турчу экен. Музыкага болгон өзгөчө талантын байкаган ыраматылык атасы: “Менин балам чоңойгондо искусствого керек адам болот, ошондуктан, Ика болсун”,- деп жогорудагы сөздөрдүн баш тамгаларынан алып, ушундай ысым ыйгарган экен. Мына ушул искусствого керек адам үчүнчү муундагы ырчылардын арасынан озунуп, өзүнүн жеке концертин бергенге жетишти. Бул концерт өзгөчө даярдыкта өтүп, көргөн адамды кайдыгер калтырган эмес. Концерт бүткөндө залдагы эл ордуларынан туруп кол чабышып, атүгүл айрымдар жүрөктөрү жылып, көздөрүнө жаш алышкан.

ЭМИРДИН ТУУЛГАН КҮНҮНӨ СЮРПРИЗ ДАЯРДАЛУУДА

Эстраданын кичинекей ырчысы Марлисбек уулу Эмир эртең 13-октябрь күнү туулган күнүн белгилейт. Бул үчүн Эмирдин апасы Калича эже улуу баласына белек даярдап жаткан учуру. “Эмир мусулманчылыкта оор күн деп эсептелген жума күнү, анан калса, 13-числодо төрөлгөн. “Бул күн менен 13 саны бир болгон күн жамандыкты алып келет” деп коюшат эмеспи. Тескерисинче, бул менин эң бактылуу күнүм болгон. Уулум быйыл 12 жашка толуп, биринчи мүчөлү жылын тоскону жатат. Мен жаш балдар үчүн көңүл ачуучу борборду ижарага алып, Эмирдин классташтарын, досторун чакыртып койдум. Бул сюрприз тууралуу Эмир азырынча билбейт. Атасы да бир чоң сюрприз даярдап жатат, аны мен да билбейм”,- дейт кичинекей ырчынын апасы.

ИСЛАМ “21-КЫЛЫМ” РАДИОСУНУН ҮНҮ БОЛДУ

Жаш ырчы Ислам Ахматов «21-кылым» радиосунун расмий үнү болду. Тактап айтканда, ырчы мындан кийин “21-кылым” радиосунун жеке рекламаларын өз үнү менен коштоп, рекламалык роликтеринде ырдамакчы. Ал эми Исламга бул боюнча бир апта мурун радионун продюсери Арстанбек Абдыманов кайрылган. Азыр Исламдын 15 джингл жаздырууга даяр­данып жаткан убагы.

КЫРГЫЗ МУЗЫКАСЫНЫН ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ ЧЫКТЫ

Мындан бир жума мурун кыргыз мамлекетинде биринчи жолу “Кыргыз музыкасынын энциклопедиясы” жарык көрдү. Мындай олуттуу эмгек Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыка изилдөөчү, 40тан ашуун китептин автору Балбай Алагушов тарабынан жаралды. Китеп 532 беттен туруп, 1 миң нуска менен чыкты. Бул энциклопедиянын башкалардан айырмасы, кыргыз элдик профессионалдык музыкалары камтылган. Ошондой эле алфавит боюнча 1 миң 336 термин, 336 сүрөт менен коштолгон. Негизги максаты катары, мектепке арналган музыка китептери чыкпай жана искусство окуу жайларында кыргыз музыкасы жөнүндө китептер жок болуп жаткандыктан, аларга жардам катары чыккан. Китепке ырчы, бийчи, балерина, кыскасын айтканда, Кыргыз мамлекети болуп жаралгандан берки бардык белгилүү искусство адамдарынан баштап азыркы наам алган ырчыларга чейин кирген. Мисалы, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова, Жылдыз Осмоналиева, Гүлнур Сатылганова сыяктуу ырчылар, ошондой эле, бүгүн болбосо эртең наам алат деген жакшы тилек менен Сыймык Бейшекеев, Айбек Карымовдор да киргизилген.


Суроолор боюнча: Рекламалык тыныгуу...

Кыргызда да «Оскарга» татыктуу
тасма тартылды!

Көңүл буруңуздар! Элибизге гана эмес бүткүл дүйнөгө атагы чыккан улуу ырчы, дүйнөнү дүңгүрөткөн клипмейкер жана эл аралык фестивалдардын байгелеринин ээси болгон мыкты режиссёр, сценарист Аташовдун “Министрдин кызынын махабаты” тасмасынын эл чыдамсыздык менен күткөн 3-бөлүгү жарык көрдү! Бул шедеврди өз экранынан көрсөтүү бактысына дүйнөлүк стандартка толук жооп берген “Россия” кинотеатры татыды. Кинотеатрдын жылуу залында отуруп ысып кетсеңиз, Рустам Аташов супержылдыз экенине карабай, бекер муздак суу таратат.
Тасмага кечикпей барыңыз, себеби, ал туптуура белгиленген убагында башталат. Мындан сырткары, тасмага Пекин, Москва жана Голливуддун алдыңкы окуу жайларын бүтүрүп келген профессионалдуу актёрлор тартылганын эскерте кетели. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, тасмадагы мыкты актёр жана актрисалар миллиондогон доллар гонорар алышат экен. Ал эми жалпы калкыбызга жаккан фильм бет ачарына бир саат калганда эч кемчиликсиз монтаждалып бүткөнү үчүн «Гиннес рекорддор китебине» кирип, эми бүткүл дүйнөнү багындыруу үчүн “Оскар” сыйлыгына да ат салышат экен!

P.S. Кагылайын кыргыз элим, улуу Орозо айында мындай жалган реклама жазганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Сиздерден 100 сом акчаңарды аябастан ушул тасманы көрүп койгулачы деп өтүнөбүз. Анткени, азыркы кымбатчылык заманда Аташов деле акча жасап алсын да...

P.P.S. Улуу урматтуу Аташов мырза! Тасмаңызды мындан артык мактай албаганыбыз үчүн сизден да кечирим сурайбыз. Болгону, ушул рекламалык макаланын баасы 50 миң сом боло турганын билдире кетели. Бирок, ал акчаны бизге бербей эле, кааласаңыз кайрымдуулукка жумшап коюңуз. А эгер рекламанын акысын төлөөгө кудуретиңиз жетпей калса, улуу Орозо айында аны кечип коюуга даярбыз. Бирок, бир шарт менен: мындан ары тасма тартсаңыз сапаттуураак тартыңызчы?!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 258, 12-18-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан