ЭДИЛ СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫ МЕНЕН УРУШУП КЕТТИ

“Кыргызстан Обондору” радиосунун коңур үндүү ди-джейи Эдил Эркинбаев сүйлөшүп жүргөн кызы менен араздашып кетти. Буга ди-джейдин сүйлөшкөн кызынын ашыкча кызганчаактыгы себеп болгон. Мындай мамиле Эдилдин чыгармачылык ишине тоскоол болуп жатып, акырында минтип эки жашты ажыраштырууга чейин алып келип отурат. Медициналык академияда окуган келечектеги доктур кыз Эдилди Кадыр түн күнү ырчы Нелядан кызганып, чыр салган эле. Бул чыр биринчиси эмес. Улам-улам кайталана берип, ди-джей мырзаны тажатып жибергендиктен, Эдил азыр бир аз убакыт болсо да сүйлөшкөн кызынан алыстап, азыр эс алып жаткан убагы. Кийин бул эки жаштын мамилеси уланабы же Эдил өзү­нүн жумушун тү­шүн­гөн башка кыз табабы, аны убакыт көр­сөтөт.

“КЫЗ-БУРАК” ТОБУНА ЖАҢЫ КЫЗДАР КАБЫЛ АЛЫНДЫ
Легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун курамындагы кыздар жаңыланды. Бул топтун бир кызы Айперинин топтон кеткени жана Айжамалдын күйөөгө чыгаары жөнүндө жазган элек. Эми бул эки кыздын ордун баса турган топко үч кыз кабыл алынды. Айтурган, Гүлназ, Малвина аттуу топтун жаңы кыздары эки жылдан ашык убакыт “Кыз-Бурак” студиясында тарбияланып, бардык сыноолордон өткөн соң минтип топко кошулуп отурат. Буюрса, “Кыз-Бурактын” жаңы кыздарын ноябрь айында өтүүчү топтун 30 жылдык юбилейинде көрө алабыз.

НУРЗАДА “СТАР ДЕНСТЕН” БИЙ ҮЙРӨНҮҮДӨ
“Ди-джей кыз” аталган Нурзада Жолдошова радиодо түшкө чейин эле иштеп, калган убактысын жеке чыгармачылыгына арноодо. Ырчы катары сахнага чыгуу үчүн бардык жагынан даярданып, кемчиликсиз сахнага чыксам деп аракет кылып жаткан кези. Алардын бирин айта кетсек, учурда Нурзада “Стар Денс” шоу балетинен бий боюнча сабак алып жатат. Демек, жакында Нурзаданы сахнадан жагымдуу ыры менен эле эмес, келиштире бийлеген бийи менен да көрө алабыз.

МИКАЭЛЬ МЕКЕНИНЕ КАЙТЫП КЕЛДИ
Өзүнүн өзгөчө стили менен кыздардын көңүлүн бурдурган ырчы Микаэль Астанада иштеп жаткан эле. “Башка элдин султаны болгуча, өз элиңдин ултаны бол” демекчи, Микаэль эми минтип өз элине, өз жерине кайтып келди. Алыста жүрүп өз жеринин баркын билдиби, же казак баурдастар ушунчалык таасир бердиби, айтор, ырчы Кыргызстанга келээри менен мурдагыдай орусча эмес, кыргызча ырларды жаздырып, өз тилинде ырдай баштады. Андан сырткары, ырчы учурда мурдагыдай эле “Голден Бул” түнкү клубунун жетекчиси жана шоумени болуп иштеп жаткан кези. “Казакстанда досторум, жакын туугандарым жок кыйналып кеттим. Ал жактын акчасы эле көбүрөөк болбосо, башкасы жаккан жок. Мындан кийин бир сом тапсам да, Бишкектен эч жакка кетпеймин”,- деп сөзүн жыйынтыктады ырчы.

АЙЧҮРӨК МЕНЕН РОЗАНЫН ДУЭТ ЫРДОО ЖӨНҮНДӨГҮ МАКСАТЫ ИШКЕ АШТЫ
Эстраданын чолпон жылдызы Айчүрөк Иманалиева акыркы жылдары казак ырчысы Роза Рымбаева менен бирге концерт койгонду адатка айландырып алган эле. Акыркы эки жылда Айчүрөк эжекебиздин төрөгөнүнө байланыштуу Роза Рымбаева Кыргызстанга келбей калган. Эми эки жылдык тыныгуудан кийин эки элдин таланттуу ырчылары минтип бир сахнада ырдаганы турушат. Бул Роза Рымбаеванын Айчүрөк айымдын чакыруусу менен Бишкекке келген 4-жолку сапары. Мурдагы концерттеринде эки чолпон жылдыздын дуэт ырдайбыз деген максаты ар кандай себептерге байланыштуу ишке ашпай келген. Эми бул жолку сапарында эки ырчы өздөрү каалаган ырды дуэт ырдап чыгышат. Эскерте кетсек, эки элдин сахна жылдыздары биргелешип койгон концерт ноябрь айынын аягында болот.

СЕМА АВСТРАЛИЯГА ДИРИЖЁР БОЛУП КЕТЕБИ?
“Сема” тобунун жетекчиси Самарбектин кесиби дирижёр экенин баарыбыз эле биле бербесек керек. Мына ушул дирижёр жигит өз кесибин сагынып, интернетке кирип тамаша иретинде, бир чети өзүн сынап, “дирижёр керекпи?” деп өзү жөнүндө маалымат жазып койгон. Анан ырчынын электрондук почтасына Австралиядан “бизге дирижёр керек, жумушка алабыз жана көп суммадагы акча төлөйбүз” деген кат келген. Жада калса, ичинде симфониялык оркестр коштогон музыкалар жазылган дискти үйүнүн дарегине салып жиберген. Албетте, бул чакырууга ырчы макулдугун берген эмес.

ШАЙЫРБЕК “МИҢ КЫЯЛДАН” КЕТТИ
Телеалпаруучулукту гана аркалабастан, ди-джейлик өнөрү менен да белгилүү болгон таланттуу жигит Шайырбек Арапов эми “Миң кыял” радиосунда иштебей калды. Ди-джейдин радиодон кетүүсүнүн себеби, эки жакта иштегенге жетишпей калгандыгы эле. Анткени, Шайырбек учурда “Ыр майрам” жана “Жоокер жылдыз” теледолбоорлорунун үстүндө катуу иштеп жаткандыктан, радиодо иштегенге такыр убактысы жок болуп калган. “Эки жакта сапатсыз иштегенден көрө, бир жерде сапаттуу иштеш керек” деген принципти карманган Шайырбек азыр телевидениенин иши менен эле алек болуп жаткан убагы.

ГҮЛАНДА СОТКА УУРДАГАН БАЛДАРДЫ КАРМАДЫ
Өткөн жумада жигиттердин жүрөгүн багындырган белгилүү ырчы кыз Гүланда тиш доктурга бара жатып Жаш Гвардия бульвары менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде чөнтөк телефонун алдырып жиберген. Жаңы эле 9 миң 200 сомго алган чөнтөк телефонуна ичи ачышып туруп калса, бул окуяга күбө болуп калган Гүланданын 2-3 кү­йөрман жигити чуркап келип, уурулардын артынан кууп жетип, аларды сабап, ырчынын телефонун алып беришкен. Аны менен кошо уурдаган баланы жетелеп келип, милиция кызматкерлерине тапшырышып, кылган кылмышы үчүн айып төлөт­түр­­гөн. Ырчы кыз ушинтип кү­йөр­ман жигиттеринин жардамы менен катылган ууру жигиттердин катыгын колуна берген.

БЕГИМАЙ КҮЙӨРМАН ЖИГИТТЕРИН МУШТАШТЫРДЫ
Жаш ырчы Бегимай Эсенгулова сахналаш досу Кайрат Примбердиев менен Таласта гастролдо жүрүп бир кызык окуяга кабылды. Таластын Бакайата районунун борборунда өтүп жаткан концертте ырдап жаткан ырчынын колунан бир күйөрман жигити келип кармап койгон. Аны көрүп кызганып кеткен башка күйөрман жигити келип, колун кармаган жигит менен жакалашып, мушташууга өткөн. Ал жердеги эл эки күйөрман жигитти ажырата албай, бир топ кыйналган. Качан гана милиция кызматкерлери келгенде, бул мушташ токтогон. Ошентип, таластык жигиттерди тамшандыра да, мушташтыра да алган Бегимай Бишкекке кеткенче шашкан.

ГҮЛЗИНАТ ТЕМИР ТУЛПАРЛУУ БОЛДУ
Бир кезде “Кош жылдыз” аттуу ыры менен популярдуу болгон “Шантелл” тобунун солисткасы Гүлзинат турмушка чыккандан кийин эмнегедир бир аз чыгармачылыктан алыстап кеткендей болду эле. Азыр бул ырчы кызыбыз кайрадан чыгармачылыкка баш-оту менен киришип, жаңы ырларды жаздырып, мурдагы күйөр­мандарына кошумча жаңы күйөр­мандарды таап турган кези. Ошол ийгилиги менен кошо Гүлзинат жакында жаңы машиналуу да болду. Бул “Гольф-3” маркасындагы көк түстөгү темир тулпарды ырчыга күйөөсү белек кылган. 5 миң 500 долларга алынган бул темир жорго Гүлзинаттын экинчи машинасы. Ырчы машина айдоонун сырын эң жакшы билет жана көп жылдык тажрыйбасы бар. Ошондуктан, Бишкектин көчө­лөрүндө машинанын көптүгү­нө карабай, эч жол эрежесин бузбастан рулду башкарып жүргөн кези.

КУМАР “КЫРГЫЗСТАНДЫ” ЖАҢЫЧА ЫРДАП ЧЫГАТ
“Кыргызстан” аттуу патриоттук ырды ырдаган Кумар аттуу жаш ырчыны тааныбагандар аз болсо керек. Анткени, бул ырчынын ыры былтыркы ноябрь айындагы митингде тынымсыз жаңырып, митингчилердин гимнине айланып кала жаздаган эле. Ошол ырды ырдаган жигитибиз азыр чоңоюп, үнү да бир топ өзгө­рү­лүп калган. Ошондуктан, бул “Кыргызстан” аттуу ырды кайрадан жаңыча жаздырууга туура ке­лүүдө. Ошентип, эми бул ыр жаңы аранжировка, жаңы обон жана жаңы үн менен жазылып, элге тартууланмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 259, 19-25-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан