АНЖЕЛИКАГА АПАСЫ СЕП БЕРДИ

Өткөн жумада ырчы кыз Анжеликага апасы себин берди. Септи алган ырчынын кайын журту Таласта боз үйлөрдү тигип, дүңгүрөтө чоң той кылып, эки жашка элдин батасын алып беришти. Төрт сандыктын үстүнө шыпка тиреле жыйылган жууркан-төшөк ырчынын шаардагы квартирасына батпай турат. “Бул төшөктөрдү апам мен турмушка чыккандан эки ай өткөн соң тигип баштады эле, эми минтип бүтүп, парзынан кутулду. Төркүнүмө барганда апам көз айнегин тагып, “сеп даярдап жатам” деп чыгып калчу эле. “Кана, көрөйүн­чү?”- десем көргөз­бөй, мен кеткенче ал бөлмөнү кулпулап койчу. Көрсө, апам мага сюрприз болсун деген тура”,- дейт ырчы кыз Анжелика.


АРТЫК ЖАҢЫ КЛИБИНИН БЕТ АЧАРЫН ӨТКӨРДҮ
Газетабыздын өткөн сандарында ырчы Артык Саитовдун мындан кийин кайгылуу эмес, тамашалуу ырларга басым жасаары жөнүндө жазган элек. Минтип Артык убадасына туруп, бысмылда дегенде эле “Зарина” аттуу ырына тамашалуу клип тартырып, бул тамашалуу клиптин бет ачарын өткөргөнгө да үлгүрдү. Клиптин бет ачар аземи 22-октябрь күнү “Гоин” ресторанында жалаң искусство адамдарынын катышуусунда өттү. Бул кечеге келген кыргыз телевидениесинин президентинин орун басары Бейшенбек Бекешов баш болгон аттуу-баштуу адамдар өздөрүнүн куттук сөздөрүн айтып кетишти.


САМАТ ЕГИПЕТТЕН КЕЛДИ
Өзгөчө стилдүү ырчы Самат Доолатбаков мындан төрт ай мурун Египетке кеткен эле. Ал жакта ырчы түнкү диско клубда ди-джей болуп иштеп келди. Иштөө менен гана чектелбей, ырчы тил да үйрөнүп келди. Учурда Самат 5 тилде эркин сүйлөй алат. Ошондой эле жаңы стиль, башкача айтканда, чыгыш стилинде үч ыр жаздыра келип, чыгармачылыгына бир топ өзгөрүүлөрдү киргизди.


МИКАЭЛЬ МАШИНАСЫНАН КОЛ ЖУУДУ
Мындан бир жума мурун эле “Кыргызстаныма келдим” деп сүйүнүп жаткан Микаэлдин кубанычы көпкө созулган жок. Анткени, өткөн ишемби күнү ырчы машинасынан кол жууду. Бул күнү жумуштан эртең мененки саат 7де келген ырчы машинасын подъездге токтотуп коюп, үйүнө кирип уктап калган. Түштөн кийин уйкусу канып, сыртка чыкса, токтоткон жеринде машинасы жок экен. Балким, бирөө тамашалагандыр деген ой менен ырчы көп деле тынсызданган эмес.
Ошентип, бир күн өтсө да машинасынан дайын жок болгондуктан, тааныштарына, досторуна чалып сурай баштайт. Бул телефон чалуулардан эч кандай жыйынтык чыкпаган соң, айласы түгөнгөн Микаэль бул жөнүндө милиция кызматкерлерине билдирет. Тилекке каршы, милициялар менен бирдикте эки күн издеп да таппай койгон. Үчүнчү күн дегенде гана бир чабан милиция бөлүмүнө чалып, талаада кароосуз бир машина тургандыгын билдирген. Укук коргоочулар айтылган дарек боюнча Аларча суу сактагычынын жанындагы токойго барышса, машинанын моторунан баштап болгон тетиктеринин баары, жадакалса эшиктеринин кнопкаларынан бери чечилип алынган машинанын сырткы корпусу гана калган экен. Алматыга кетээрде төрт жарым миң долларга алган ырчынын бул “Ниссан Максима” машинасынын ичинде паспорту, жана башка документтери, сүрөттөрү бар эле. Укук коргоочулар учурда кылмышкерлерди издеп жатышат.


МИРАНА ДИКТОР БОЛОБУ?
30 жылдык тарыхы бар “Кыз-Бурак” тобунун солисткасы Мирана Мамытова ОшМУнун журналистика факультетине тапшыруу алдында турат. Мирананын атасы Улукбек Мамытов Кыргыз радиосунун Оштогу бөлүмүндө эмгектенген белгилүү диктор жана акын болгонун баарыбыз эле биле бербесек керек. Бул инсандын жолун жолдоп кызы Лунара Мамытова УТРКнын “Кыргызстан” маалымат-аналитикалык программасынын диктору болуп эмгектенип келет. “Аккан арыктан суу агат” демекчи, эми ырчы кызыбыз Мирана да атасы менен эжесинин жолун жолдоп журналист болууну алдына максат кылып койду.


КУБАНЫЧ САТАЕВ ҮЙ САЛУУДА
Жаш ырчы Кубаныч Сатаев Акордо жаңы конушунан жер сатып алган эле. Учурда ырчы ошол жерге үй сала баштады. Гастролго чыгып, андан тапкан акчага курулуш материалдарын сатып алып, кыскасы, Кубанычтын өз арабасын өзү сүйрөп жаткан маалы. Өз маңдай тери менен акча таап, үй салып жаткан ырчы жигитибизге “Баракелде!” дегенден башка айтаар сөзүбүз жок. Ырчынын быйыл болбосо да эмки жылы үйүмдү бүтүрүп, чоң там той берем деген тилеги бар. Там тойдон кийин үйлөнүү тоюна күбө боло турган кезибиз да алыс эмес.


КЫРГЫЗ КВНчилери БИРИНЧИЛИКЕ ЖЕТИШТИ
“Браво” долбоорунун алпаруучусу, тамашакөй жигит Эрмек Нурбаев баш болгон Кыргызстандын КВН курама командасы Алматыда өткөн КВНчилердин оюнунун арасынан биринчиликти алып келди. КВНдин бул сезону үстүбүздөгү жылдын январь айында башталып, андан бери кошуна мамлекеттер арасында үч оюн өткөн. Бул 3 оюнда тең биздикилер биринчиликти алып келишкенин сыймыктануу менен айтсак болот. Кечээ жакында, 14-октябрда өткөн жарым финалда дагы да болсо намысты колдон чыгарышпай, Эрмектин командасы финалга чыкты. Эми 5-декабрда Алматыда өтө турган финалга катуу даярдыктарды көрүп жатышат кыргызстандык КВНчилер.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 260, 26-октябрь-1-ноябрь 2007-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан