СЪЕЗДБЕК ДОКТУР МЕНЕН СОТТОШТУ

Мукам үндүү ырчы жигит Съездбек Искеналиевдин “Селкиге” аттуу ырынын клиби көпчүлүктүн көз алдында. Ошол клипке аты таанымал Бакыт аттуу врач байке спорттук кийимчен, күрөк сүйөнүп турган абалында кокусунан тартылып калган экен. Уруксатсыз тартып алышканы үчүн ал врач клип жарыкка чыгаары менен Съездбекти сотко берген. Алгач ырчы жаштык кылып, балким, тоготпой бул нерсеге көп маани берген эмес. Мындан бир ай мурун Съездбекти Ленин райондук соту чакырып, иш козголгон. Ал эми ишти жабыш үчүн ырчы доктур байке менен сүйлөшүп, жылдыздары келиштиби, айтор, кечиришип, сот бир жума мурун жабылды. Мындай кечиримдүүлүгү үчүн Съездбек доктур байкесине ыраазычылыгын билдирет жана жакында болуучу концертине кадырлуу конок катары чакырмакчы.

АЙЖАН ЫМЫРКАЙЫНА АТ КОЙДУ
Өткөн сандарыбыздын биринде таланттуу актриса Айжан Акылбекованын уулдуу болуп, бирок, атын али коё электигин жазган элек. Минтип арадан бир айга жакын убакыт өткөндөн кийин гана ойлонуп-толгонуп жатып баласынын атын Айжандын күйөөсү Атахан деп койду. “Азыр балам торолуп, оюнчуктарды билип, күлүп калды. Анан да балам бешикти аябай жакшы көрөт, ыйласа эле бешикке салып коём. Балдарыбызга арнап үйгө ырдай турган чымчык да сатып алдык. Азыр үйдө 6 чымчыгыбыз бар. Мен баламды алдейлеп жатып чарчасам, жардамчы чымчыктарым бар”,- дейт Айжан.

НУРЛАНДЫ КЫЗДАР АЛАКАЧЫП КЕТИШТИ
“Гүлсара” аттуу ыры менен таанымал болгон ырчы жигит Нурлан Алдаяровго Жалалабатта өткөн концертинде үч кыз келип таанышышып, ырчыны кафеге чакырышкан. Ага макул болгон ырчы кыздардын машинасына отуруп жөнөп калат. Бир топ жол жүргөн соң Нурлан: “Ай, кыздар, кафеңер алыс экен. Жакын жерге эле отуралы”,- деп тынчсыздана баштайт. Кыздар Нурландын сөзүнө көңүл да буруп коюшпай, бир топ убакыттан кийин бир үйгө алып барышат. Ал жерде чогуу отурушкан соң Нурландын кеткиси келип: “Кыздар, мен кетейин, мени издеп жатышат”,- десе, анын сөзүн эч ким укпай, Нурланды коё бербей коюшат. Айласы кеткен Нурлан ал үйдөн таң атканда гана качып чыгып, бараар жерин араң таап барган. Ал убакытта Нурлан менен гастролдо бирге жүргөн Санжар Бердибеков, Мая, “Делбиримдин” үч кызы Нурланды издеп, Жа­лалабатты түп көтөрү­шүптүр.

АЙБЕК КАРЫМОВ ДАГЫ КИНО ТАРТЫП БҮТТҮ
Белгилүү ырчы Айбек Карымов жетектеген “Кылым муза” продюсердик борбору тарабынан тартылган “Шайтан араба” киносуна көпчүлүгүбүз күбө болгон элек. Эми минтип бул борбор “ЭКА” чыгармачылык борбору менен биргеликте экинчи “Сокурлар” аттуу кыскаметраждуу фильмин тартып бүттү. Кино тартуу жагынан профессионал болуп бараткан бул борбор билекти түрүнүп, үчүнчү киносун да баштоонун алдында турат. Жаш болсо да элге татыктуу кызмат кылып жаткан борбордун 12-ноябрда салтанаттуу ачылыш аземи болмокчу.

АЗАТ ИЗДЕГЕН БҮРКҮТ ТАБЫЛДЫ, БИРОК...
Мындан бир нече жума мурун жаш ырчы Азат бүркүт сатып алаары жөнүндө элге жар салган эле. Бул макаланы окуган саяпкерлер бизге чалышып, Азаттын телефон номерин алышкан болчу. Жумгалдык саяпкер Саадан Табалдиев бизге бул тууралуу төмөнкү­лөр­дү билдирди: “Мен гезиттен Азатка бүркүт керек экендигин окуп, ага 2 айлык балапан бүркүттү сатайын деген максатта чалгам. Бирок, Азатка максатымдын чоо-жайын түшүндүрүп, бүркүт сатам деп айтсам, “бир аздан кийин чалыңызчы”, “2 сааттан кийин”, “түштөн кийин”, “эртең чалыңыз” деп 3-4 күн жообун айтпай койду. Бул балапан бүркүттү казактар көрүп, “чоң суммадагы акчага сатып алабыз” дешкен. Бирок, кызыл китепке кирген жаныбарларды башка өлкөгө уруксатсыз сатуу бул контрабанда болуп эсептелет экен. Ошондуктан, Азатка сатайын дегем. «Атың чыкпаса жер өрттө» деген ушул окшойт, болбосо, жалган маалыматты гезитке бербей эле койбойбу»,- дейт Саадан байке нааразылана.

ФАРХАТ ЭМИ ТОПТО ЫРДАЙТ
Кичинекей Сауле жана Иса менен дуэт ырдап жүргөн жаш ырчы Фархат Исаев эми “Арзу” аттуу топто ырдамакчы. Бул топ мурун эле бар болчу. Бирок, андагы өнөктөр Журабек менен Фархаттын ортосунда уруш чыгып, топ таркап кеткен эле. Эми Фархат менен Журабекти ырчылыкка үйрөткөн Алексей экөөнүн башын кайрадан бириктирип, топту кайрадан түздү. Учурда “Арзунун” жигиттери жаңы кыргызча ырларды жаздырып жаткан кездери. Айта кетсек, эки жигит тең өзбек улутунан.

АЙГЕРИМДИ ТЕЗ ЖАРДАМ АЛЫП КЕТТИ
Сулуу ырчы, бийчи Расул кызы Айгерим 27-октябрь күнү “Алатоо” аянтында россиялык ырчылардын катышуусу менен өткөн концерттен кийин тез жардам чакырууга муктаж болду. Анткени, Айгерим ырдап бүтүп, үйүнө кетейин десе, күйөрман жигиттери үймөлөктөшүп, бура бастырбай коюшкан. “Аялзатынан амал качып кутулбайт” демекчи, ырчы айым мындай учурдан күйөрмандарына жакшы-жаман айтпай туруп, ыңгайсыздыктан чыгуунун жолун тапкан. Тактап айтканда, ырчылар кийинген боз үйгө кайра кирип, тез жардамга телефон чалган. Арадан көп өтпөй эле сиренасын жаңыртып келген тез жардам машинасына отуруп, күйөрман жигиттеринин оозун ачырып кете берген.

САМАТ ДООЛОТБАКОВ БАНКИР БОЛУП КЕТТИ
Жаш ырчы Самат Доолотбаков ырдап эле тим болуп калбастан, башка кесипти да аркалоодо. Башкача айтканда, Самат 1-ноябрдан баштап “Демир банктын” кредит жагында финансы аналитиги болуп ишке орношту. Ал эми ырчынын күйөрман кыздары “Саматты эми сахнадан көрбөй калабызбы?” деп коркпой эле коюшсун. Себеби, ырчы бул жаңы кесиби менен кошо чыгармачылыгын да өксүтпөсүн бизге билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 261, 2-8-ноябрь, 2007-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан