16-НОЯБРДА АЙЖАМАЛДЫН ТОЮ БОЛОТ

"Кыз-Бурак" тобунун солисткасы айдай сулуу Айжамал Кабыловага 22-октябрь күнү болочок кайненеси келип, сөйкө салып кеткен эле. Айжамал келечектеги күйөөсү Азамат менен үч жыл сүйлөшүп, бул жигит менен турмуш куруп кете алаарына көзү жеткенден кийин гана макулдугун берген. Ошентип, эки жаштын үйлөнүү тою 16-ноябрь күнү Ош шаарындагы эң престиждүү деп саналган "Магнат" ресторанында өтөт. Айжамал тойго кийүүчү үлпөт көйнөгүн 1200 долларга Казань шаарында жашаган татар улутундагы Султан Салиев деген белгилүү дизайнерге тиктирүүдө. Ырчы каалаган көйнөк учурда даяр болуп калды. Ал эми Түркиядан 5 жыл билим алган Азамат кесиби экономист экенине карбай Айжамалдын ырдаганына каршы эмес. Жадакалса Айжамалдын болочок кайын-журту да ырдоосун колдоодо. Минтип баары уруксат берип жаткандан кийин ырчы кыз турмушка чыкса да, "Кыз-бурак" тобунда иштей берээрин билдирди.


АЛЕКС СТИЛИН ӨЗГӨРТӨБҮ?

Улуту орус болсо да кыргыз тилинде түш жоруган ырчы Алекс өзүнүн кийинүү стилинен тартып, музыкасынын стилине чейин өзгөртүүдө. "Кыргызстанда жок стилдеги музыка жазып, үч ыр жаздырдым. Бул ырлар "Супер-Инфо" гезитинин 5 жылдык маарекесине арналат",- деп билдирди ырчы. Андан сырткары, сахнада өзүн алып жүрүүсүн да өзгөртүү максатында ырчы бий үйрөнүүдө. Башка ырчылардан айырмаланып, Алекс бийди атайын бий үйрөтүүчү клубдардан же бий топторунан эмес, өз алдынча бий үйрөнүүчү дисктерди, китептерди сатып алып, ошолор аркылуу үйрөнүп жаткан кези.


САМАТ ҮЙЛӨНДҮ

"Жаш ырчы Самат Доолотбаков үйлөндүбү?" деген суроо менен күйөрман кыздары редакцияга чала беришип, телефондун жаагын тындырбай калышкан. Кыздардын бул суроолоруна жооп алып берүү максатында Самат менен байланышып: "Куш бооң бек болсун!"- десек, кайран ырчы: "Силер менин үйлөнгөнүмдү кайдан билип алдыңар?"- деп чочуп кетип жатпайбы. "Чын эле үйлөндүңбү?" деген биздин сурообузга уурулугун карматкандай тайсалдап калды. "Шибегени капка ката албаган" сыңары, чындыкты деле ката албайсың да. Эмнеси болсо да 4-ноябрь күнү Саматтын үйлөнгөнү чындык.


БАЙЫШ МОМУНОВ ТАНДЕМ БАШКАРАБЫ?

Белгилүү ырчы Байыш Момунов "Ынтымак" аттуу тандем командасын түздү. Тандемге жалаң элге белгилүү болуп калган ырчы, бийчилер кирген. Алардын арасында Гүлмира Рысбаева, Жийде Мурат кызы, "Назик" бийчилер тобу жана башкалар бар. Жалпысынан бул командада 10 чакты адам болуш керек, каалоочулар үчүн буларга кошулууга азыр деле кеч эмес. Тандемдин максаты – ынтымакта бир багытты көздөгөн чыгармачыл адамдар бири-бирине жардам беришип, концерт уюштуруп, кыскасын айтканда, биргеликте иштөө. Тандемдин жетекчиси Байыш Момунов экенин айта кетели.


РАСУЛ АРДАК ГРАМОТАСЫН АЛДЫ

Эстрада ырчысы Расул Маматкулов 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнүндө мамлекеттин Ардак грамотасы менен сыйланды. Андан сырткары, эстрада ырчыларынан Гүлнара Тойгонбаева да дал ушундай грамотанын ээси болгон. Мындай грамота алмайынча Эмгек сиңирген артист деген наам берилбейт. Ошондуктан, бул ырчыларыбыз Эмгек сиңирген артист деген наамга жетүү үчүн дагы бир тепкич көтөрүлдү десек болот.


БИЙЧИ БАКЫТ БАЙСАРИЕВ ЭМИ ЫРЧЫ, ТАМАДА БОЛОТ

Кыргыз элине аты таанымал бийчи жигит Бакыт Байсариев учурда бийчиликтен тышкары алпаруучулук менен да алектенүүдө. Мындай талантынын ачылышына өзү барган кеченин тамадасынын кечигип келгендиги түрткү болгон. "Тамада жок болгондон кийин кечени баштай бе­рүү­нү туура көрүп, алпара баштадым. Бир аздан кийин дайындалган тамада келсе деле элдер аягына чейин менин алпаруумду суранышты. Ошондон бери той-топурларга алпаруучу болуп кызмат көрсөтүп жүрөм",- дейт бул тууралуу Бакыт. Айта кетпесе болбос, бийчи жигитибиз жакында ырдап чыгууну да пландаштырып жатыптыр.


СУЛТАНДЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫН АДАХАН МАДУМАРОВ КОЛДОЙТ

Султан Садыралиевдин уккан адамдын зээнин кейиткен "Он үч жашар баланын арманы" аттуу ыры мамлекеттик катчынын да көңүл сыртында калбаптыр. Анткени, Адахан Мадумаров бул ырга клип тартуу демилгесин өзү көтөрүп чыгыптыр. Бирок, ал кезде ырга клип тартыла баштагандыктан, ырдын экинчи бөлүмүнө клип тарттырып берүүгө сөз берген экен. Эми он үч жашар баланын отуздан ашкандан кийин атасына жолукканын чагылдырган ыр жаралып, ага клип тартылганы турат. Мамкатчы бул жумушту Маданият министрине дайындаса, министр "Кыргызфильм" студиясына табыштаган. Учурда "Кыргызфильм" студиясы бул ырга клип тартууга чоң даярдыктарды көрүүдө.


Алексей Филатов: «КҮЙӨРМАНДАРЫМ МЕНИ КАЙРАДАН «УЛУТТУК ХИТ-ПАРАДДАН» КӨРӨ АЛЫШАТ»

Тили тилине тийбей сайраган Алексей Филатовдун ысымы Улуттук Биринчи каналдан угулбай калганына көп болду эле. Мына ушул таланттуу жигит эми кайрадан Биринчи каналда.
– Алексей, сен бул каналдан өзүңдүн кандайдыр бир нааразычылыктарың менен кеткен элең. Жыл айланбай кайрылып келишиңе эмне себеп болду?
– Дал ушул акыркы бир жыл ичинде мен баарын түшүндүм: УТРК, анын айрым кызматкерлери, мен иштеген долбоорлор мага эмне кылып бергенин жана алардын баркын эми сезип отурам. Бир чети акыркы бир жылым УТРКдан сырткары өткөнүнө сүйүнөм, эгер мындай болбогондо балким, мен кимдин ким экенин азыркыга чейин ажыратып биле албай жүрө берет белем. Эми мага баары түшүнүктүү.
– Сен ал жакка кайра барганга өзүң биринчи кадам жасадыңбы?
– Ооба, өзүм ушундай жыйынтыкка келдим. Бирок, мындан мурун эле келгенге аракеттерди жасагам. Бирок, мага таарынгандар көп болчу. Эми мен өзүмдүн туура эмес сөздөрүм, туура эмес жүрүш-турушум менен кимди капа кылган болсом, ошолордун баарынан кечирим сурадым жана алардын мени түшүнүктүүлүк менен кабыл алып, кечиргендерине терең ыраазычылыгымды билдирем. Мен Ассоль Молдокматованын мага жылуу мамилеси менен колдоо көрсөтүп, мен үчүн өз баласындай тынчсызданганына, УТРКнын көркөм жетекчиси Мурат Жолукеевдин түшүнүктүүлүгүнө рахмат айтып, аларга ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Ошондой эле Динара Эсенгулова жөнүндө айта кетпесем болбос. Анткени, мага баарынан катуу таарынган Динара болчу. Ошентсе да ал мени кечирип, кайрадан кабыл алды. Мен анын бул жакшылыгын өмүр бою унутпайм.
– Эми кайрадан эле "Улуттук хит-парад" долбооруна келесиңби?
– Мен "Улуттук хит-парад" менен өстүм. Ошондуктан, туура эле кайра ушул жакка келдим. Ал эми Жаңы Жылдан кийин өзүмдүн автордук программам жөнүндө ойлоно баштайм. Ошону менен катар "Улуттук хит-парад" менен акырына чейин бирге болом деп сөз берем. Баса, мени күйөрмандарым бул долбоордон эртеңден баштап көрө алышат.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 262, 9-15-ноябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан