ЛЕОН

Режиссёру – Люк Бессон
Сценарийин жазган – Люк Бессон
Продюсери – Клод Бессон, Жон Гарлэнд, Бернард Гренет
Ролдордо: Жан Рено, Натали Портман, Гари Олдман, Дэнни Айелло, Питер Аппель, Уилли Уан Блад, Дон Крич жана башкалар

Профессионал адам өлтүргүч Леон боорукерлик деген эмне экенин билбейт. Анын кошунасы окуучу кыз Матильданын үйбүлөсүн баңгичилик менен аралашып жүргөн полиция кызматкерлери өлтүрүп кетишет. Киллер менен өспүрүм кыз жаңы жолукканда жөн гана кошуналар болчу. Бара-бара экөөнүн ортосунда сүйүүгө окшош сезим пайда боло баштайт. Тилекке каршы, адам өлтүр­гүчтөр­дүн өмүрү кыска болот.

Кыскача мазмуну
Леон жашоодо адам өлтүргөндү гана билет. Бул – анын кесиби жана анын наны. Мыкаачы киллердин өмүрү жайбаракат, кызыксыз, суз, бир сөз менен накта киллердин өмүрүндөй өтүп жаткан. Ал үчүн эч кимдин кереги жок, эч ким ага да муктаж эмес. Үйүндөгү болгон бир жандык – жапжашыл бөлмө гүлү. Леон ошол фикус гүлү менен жашайт, аны менен сүй­лөшөт, сыр бөлүшөт. Өмү­рүнүн акырына чейин анын эң жакыны, эң баалуу нерсеси ошол өсүмдүк болчу... Анын жашоосуна Матильда кирмейинче...
Кичинекей Матильданын көзүнчө анын ата-энесин, биртуугандарын атып кетишкенден кийин Леон байкуш кызды өз камкордугу астына алууга мажбур болот. “Мен эми жашоомдо эмне кылаарымды билем. Мен киллер болом”,- дейт Матильда. А Леон анын айтканына макул болгондон башка чарасы жок. Матильданы коргоо керек, себеби, полициянын беткабын кийип жүргөн кылмышкерлер эми кырылган бүлөдө тирүү калган жалгыз күбөнү да жок кылуу үчүн анын артынан түшүшөт.
Кырктан ашып калган Леон менен 12-13 жашар Матильда криминалга аралашып, кылмышкерлер менен алышып жүрүп, акыры ортолорунда жылуу сезимдердин пайда болгонун да байкабай калышат...

Психологиялык триллер
Матильда: “Жашоо кичинекей кезиңде гана оор сезилеби же дайыма оорбу?” Леон: “Дайыма оор...”
Мушташ, триллер, драма жанрлары аралаштырылып тартылган бул тасма 1994-жылы жеке эле Францияда эмес, бүткүл дүйнөдө чоң популярдуулукка жеткен. Эгерде тасманын сценарийин окуп чыгууга мүмкүнчүлүк болсо, анда бул окуяда бир да оң каарман жоктой сезилет. Өзүнө окшогондордун жанын алган Леон, өтө эле эрте чоңоюп алган Матильда, бузулган коом, бузулган заман... Бирок, актёрлордун аткаруу күчү жана албетте, режиссёрдун мыкты эмгеги көрүүчүнү эмнегедир фильмдин каармандарын сүйдүрүүнү мажбурлайт. Көрүүчү каармандардын туура эмес амал жасап жатканын билип туруп аларды кечирүүгө, түшүнүүгө даяр. Жадакалса болуша да коёт. Себеби, ишенет. Чакан бюджет + күчтүү сценарий = кылымдар бою жашаган улуу фильм. Мына ушундай жөнөкөй жана татаал формуланы иш жүзүндө колдоно алган Люк Бессонго туруп кол чабуу керек го...

Кызыктуусу...

  • Жаш актриса Натали Портманды дароо кабыл алышкан эмес. Ал башкаарман үчүн өтө эле кичинекей эле. Бирок, тандоо сынактарга талбай келе берген кыз фильм жаратуучуларын бир чети жадатса, бир чети өжөрлүгү менен таңкалтырып, акыры Матильданын ролуна дайындалган.
  • Фильмди тартуу учурунда кызыктуу окуя болгон. Бир ууру чакан дүкөндү тоноп алып, табылгасы менен шаардын көчөлөрүнөн чуркап бараткан экен. Кокусунан “Леон” тартылып жаткан жерге келип калат. Ал жерде толгон “полицияны” көрүп, тез эле аларга багынып берет. Кийин алар жөн эле актёр экенин билгенде ууру абдан өкүнгөн экен.
  • Кинодо Матильда менен Леондун ортосундагы эпсиз сүйүү көрүнүштөрү сүрөттөлгөн. Бул эпизоддор америкалык прокатка чыгаарда алынып салынган. Бирок, европалык көрүүчү тасманы толук эле бойдон көрө алат.
  • Тасманын саундтреги – атактуу англиялык ырчы, композитор Стингге таандык болгон “Жүрөгүмдүн көлөмү” деп аталган ыр. Бул жөнүндө тасма жаратуучулары: “Же ыр тасманы шедеврге айланттыбы, же тасма ырды хит кылдыбы, өзүбүз түшүнбөй калдык”,- деп тамашалашат.
  • Америкалык прокатта тасма “The Professional” – “Адис” деген аталыш менен тараган.

Жан Рено
Толук атыХуан Морено Эррере И Хедерике Хименес
Туулган жылы 30-июль, 1948-жыл
Туулган жери – Касабланка, Марокко
Билими – Париждеги чоң театралдык мектепти бүткөн
Бардыгы 66 тасмада тартылган. Акыркы эмгектери“Учкучтар”, “Код Да Винчи”, “Качкын”
Жетишкендиктери – Көптөгөн киносыйлыктардан сырткары Франциянын эң бийик наамы деп эсептелген Легион Ардак Ордени менен сыйланган.
Чын аты айтып тургандай, ак сөөктөрдүн тукумунан чыккан дүйнөдөгү эң белгилүү француз актёру Жан Реного атактуулук режиссёр Люк Бессон менен таанышкандан кийин келген. Ал кезде Рено жапжаш болгон көчө актёру, ал эми Бессон режиссёрдун ассистенти эле. Эки талантты тагдыр тасма тартылуучу жерде кездештирген.
Бессондун бир нече тасмасына катары менен тартылган Жан Рено дүйнө­нүн европалык бөлү­гүнө бир топ таанымал болуп калат. Бирок, чыныгы популярдуулукту актёрго жогорудагы “Леон” тасмасы алып келгени чын. Так ушул фильм Жан Реного алыскы Голливудга жол ачкан. Анын Голливуддагы алгачкы тасмалары – “Аткарылгыс тапшырма”, “Годзилла”. Албетте, бул толук тизме эмес. Акыркы “Кызгылт суулар”, “Код Да Винчи” сыяктуу тасмалардан кийин Рено өзүнүн талантын далилдей алды. Актёрдун артыкчылыгы – ал мушташ же драма болобу, детектив же комедия болобу, айтор, бардык жанрдагы кинолорго тартыла бергендиги. Себеби, ага бардык образдар жарашат.
1996-жылы Жан Рено Натали Дижкьевич менен баш кошуп, бирок, ажырашып кетишет. 2006-жылы Софье Борукага үйлөнгөн. Эки никесинен актёрдун 4 баласы бар. Жан Рено Жонни Депп, Бред Питт сыяктуу атактуу актёрлордон тартып Николя Саркози, Жак Ширак сыяктуу чоң саясатчылар менен жеке тааныш жана алардын арасында чоң баркка ээ.

Люк Бессон
Толук аты – Люк Бессон
Туулган жылы – 18-март, 1959-жыл
Туулган жери – Париж, Франция
Билими – Гарвард университети, актёрдук бөлүмү
Бардыгы 93 тасма тарткан. Акыркылары – “Хитмэн”, “Чакыруу”, “Такси-4”
Продюсер, сценарист, актёр, режиссёр, оператор Люк Бессон кичинекейинде бул кесиптер тууралуу эч нерсе уккан эмес. Анын ата-энеси аквалангисттер болчу. Кичинекей Люк да чоңойгондо деңиз дүйнөсүн изилдеген биолог болууну самачу. Бирок, тагдыр аны жашынан эле чоң киного аралаштырып жиберген.
19 жашында Голливудга кеткен жаш режиссёр ал жерде кино тартпай эле чоң режиссёрлорго чай, кофе даярдап иштеген. Кайрадан Парижге келип адегенде майда клиптерди тартып, “чоң” режиссёрлордун жардамчысы болуп иштеп, ошол эле убакта өзүнүн “Бөрүнүн тасмасы” деген чакан киностудиясын ачып алат. Акчасы аз болгондуктан жаш режиссёр “дудук” жана ак-кара фильмдерди тартчу. “Жер төлө”, “Никита”, “Леон” деген тасмалары жарык көргөндө режиссёр киностудиясын “Дельфиндин тасмасы” деп өзгөртөт.
Голливуд Бессонду “5-элемент” деген фантастикалык тасмасынан кийин кабыл алат. “5-элемент” режиссёрду гана эмес, актёрлор Брюс Уиллис менен Гэри Олдманды жана режиссёрдун жубайы супермодель Милла Йововичти (кийинчерээк ажырашып кетишкен) атак-даңкка жеткирген.
Мындан сырткары, ошол эле Милла Йовович менен “Жанна д`Арк”, Сами Насери менен “Такси1-4”, Жет Ли менен “Ажыдаардын өпкөнү” жана башка мыкты фильмдери Люк Бессондун талашсыз күчтүү режиссёр экендигин далилдеди.
Люк Бессондун үч никесинен 4 баласы бар.

Натали Портман
Толук аты – Натали Хершлаг
Туулган жылы – 9-июнь, 1981-жыл
Туулган жери – Иерусалим, Израиль
Билими – Гарвард университети, актёрдук бөлүмү
Бардыгы 39 тасмада тартылган. Акыркылары – “Шевалье” отели”, “V” деген Вендетта”, “Мен сени сүйөм, Франция”
Жетишкендиктери – “Жакындык” тасмасындагы ролу үчүн 2005-жылы “Мыкты актриса” наамында Оскарга татыган.
Наталинин ата-энеси молдовалыктар. Атасы – доктур, энеси – сүрөтчү. Кичинекей Натали хореография менен муз үстүндө бий­лөөгө кызыкчу. 11 жашында аны моделдер агенттигине чакырышкан, бирок, Портман башынан эле актриса болууну самачу.
Актрисанын тушоосун Люк Бессон кескен. “Леон” – Наталинин актрисалык кесибинин баштапкы кадамы. Бул тасмага тартылаарда Наталинин ата-энеси “кокус, уят болбойлу” дегенсип кызына чоң энесинин фамилиясын беришкен. Ошентип, Натали Хершлаг Натали Портманга айланган. Бул тасманын аркасы менен тез аранын ичинде популярдуу болгон актрисага дароо жаңы сунуштар түшө баштайт.
“Леондон” күүлөнүп алган Портман “Алышуу” деген кийинки тасмасында Роберт Де Ниро жана Аль Пачино сындуу улуу актёрлор менен бирге тартылган. Андан ары да токтоно албай жылына 2 киного тартылууга жетишип, Жулия Робертс, Дрю Берримор сыяктуу алдыңкы актрисалар менен чогуу иштешкен.
Атактуу “Жылдыздар согушу” бешилтиги да Наталиге чоң ийгилик алып келди. Мында ал Амидала ханышайымдын ролун аткарганы менен бүткүл дүйнөгө таанылды.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 267, 14-20-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан