ДИНАРА АКУЛОВА ЫР ЖАЗА БАШТАДЫ

Эстраданын "акуласы" Динара Акулованын таене болгон кезде дагы бир таланты ачылды. Тактап айтканда, буга чейин ырчынын аткаруучулук талантына гана күбө болуп келсек, мындан кийин акындык да өнөрүнө күбө болот экенбиз. Буга далил катары ырчы сүйүү темасында бир ырдын сөзүн жазды эле, ал ырга "баласы" Байыш Момунов обон жаратканга үлгүрдү. Эми «эне-бала» бул жаралган жаңы ырды Жаңы Жылга карата уюштурулган концерттерде дуэт ырдашмакчы. Демек, Динара эжебиздин сө-зүнө жазылган ырды укчу күн алыс эмес.


"БОЗ САЛКЫН" ИТАЛИЯ КИНОСЫНЧЫЛАРЫНЫН ЭЛЕГИНЕН ӨТТҮ

19-ноябрдан 25-ноябрга чейин Италияда өткөн "Римдеги Азия кинофестивалы" аттуу конкурска Кыргызстандан белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" тасмасы катышты. Бул конкурстун өзгөчөлүгү калыстар тобунун үч бөлүктөн тургандыгында болду.
Алар мыкты тасманы аныктагандар, киносынчылар жана көрүүчүлөр болуп бөлүнгөн эле. Ошентип, жыйынтыгында Кыргызстандан катышкан "Боз салкын" фильми киносынчылардын "Эң мыкты тасма" деген наамына арзыды. Жыйынтыкты күтпөй эле мекенине келе берген Э.Абдыжапаровду кечээ күнү Италиядан чалган уюштуруучулар телефон аркылуу куттукташты.


СЪЕЗДБЕК ИСКЕНАЛИЕВ ӨКҮЛ АТА БОЛДУ

Көп кырдуу талант Съездбек Искеналиев жакында эле өкүл ата болду. Бул ырчыбызды жактырып жүргөн күйөрмандары жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар Бошкаев Нурлан менен Жолдошева Жыпаризанын тилеги ишке ашты. Анткени, ырчы таластык эки жаштын сөзүн эки кылбай өкүл ата болууга сыймыктануу менен макулдугун берди. Өкүнүчтүүсү, жубайлардын үйлөнүү тоюна Съездбектин катышпай калгандыгы болду. Ошентсе да ыр­чы өкүл аталык милдетти моюнуна алды.


ЫНАК ОСМОНАЛИЕВ КВАРТИРА САТЫП АЛДЫ

Белгилүү ырчы Ынак Осмоналиевдин жаңы салып жаткан үйү бүтпөй калып, кышында квартира сатып алганга аргасыз болду. Анткени, кышында жер там бир аз суук болуп, кичине ыңгайсыздыкты жаратат экен. Анын үстүнө, жаш балалуу үйбүлөгө жылуу-жумшак кабат үй эле жакшы эмеспи. Ошондуктан, Ынак кыштан чыккычакты бир бөлмөлүү болсо да бардык шарты бар жылуу үй сатып алганга аргасыз болду. «Буюрса, жаз келээри менен жер тамымдын курулушун улантам. Кышында үшүбөгүдөй, жазда-кышта көчпөгүдөй кылып бардык шарты менен бүтүрөм»,- дейт ырчы. Албетте, Туңгучтан алган бул квартирасын алууга ырчынын апасы да жардамдашканын айта кетсек ашыкча болбос.


АЙГЕРИМ КҮЙӨРМАНДАРЫНАН КЕЧИРИМ СУРАЙТ

Жаш ырчы Айгерим Расул кызы Бишкектеги концертин ийгиликтүү өткөрүп алган соң Ош, Жалалабаттагы күйөрмандарына да өнөрүн тартууламак. Жадакалса бул боло турган концерттер жарнамадан да тынымсыз кетип жаткан эле. Тилекке каршы, бул концерт болбой калды. Анткени, концертти уюштуруучулар шайлоого карата бир аз артка жылдырып турууну туура деп чечишти. Ошондуктан, Айгерим шайлоодон кийин бул концерт сөзсүз түрдө болоорун айтып, түштүк тараптагы күйөрмандарынан кечирим сураарын билдирди.


"КЫЛЫМДЫН" ЭКС-СОЛИСТКАСЫ ЧОЛПОНАЙ ТЕЛЕДЕ ИШТӨӨДӨ

"Кылым" тобунун экс-солисткасы Чолпонай учурда кыргыз телевидениесинде эмгектенип жаткан учуру. Болгондо да Чолпонай белгилүү продюсер Ассоль Молдокматованын колунда тарбияланууда. Азырынча устатынын "Салам, Кыргызстан!" көрсөтүү-сүндө кыска репортаждарды даярдоодо. Ырчы кыз "Чолпонай күйөөгө тийип ырдабай калыптыр" деген эл арасындагы ушактарды төгүнгө чыгарды. Анткени, ырчы дагы деле болсо чыгармачылык менен иштеп, аны менен кошо жаңы ырларды жаздырып жатканын кабарлады.


МАКСАТ МАШИНАСЫН САПАРГА САТТЫ

Ырчыларыбыздын темир тулпарларын тез-тезден алмаштырууну адатка айлантып алышканы албетте, барчылыктын жышааны. Ошентип, тулпар алмаштыруу кезеги жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчы Максат Бегалиевге да келип жетти. Ал өзүнүн жакшы көргөн мурунку кызыл түстөгү "Тойота" маркасындагы темир тулпарын бейтааныштарга саткысы келбей, сахналаш досу, эстрада ырчысы Сапар Эркебаевге сатууну туура көрдү. Сүйүнгөн Сапар Максаттын машинасын сатып алуудан баш тарткан жок. Ал эми Максат өзү дагы деле болсо сүйүктүү "Тойота" маркасындагы, бирок, мурункуга караганда салону кененирээк темир тулпар сатып алды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 265, 30-ноябрь - 6-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан