КУРМАНГАЗЫ ЖЕКЕ МЕНЧИК КОЛЛЕДЖ АЧАТ

Кыргыз аспаптарын дүйнөнүн төрт бурчуна даңазалаган белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаев "Музыкалык билим ордо" деген аталыштагы жеке менчик музыкалык колледжин ачуу алдында турат. Үч кабаттуу бул окуу жай азырынча толук кандуу бүтө элек. Кудай буюрса, март айларында ишке кирип, кыргыздын таланттуу, кыргыз элинин аспаптарына кызыккан жаштар конкурс аркылуу өтүп, билим ала башташат. Бул окуу жайды салууга кеткен каражат Курмангазы аганын өз чөнтөгүнөн чыгып жатат.


ЮРА БАЙКЕ ЖУБАЙЫНА ЭМНЕ ҮЧҮН МАШИНА БЕЛЕК КЫЛДЫ?

Орус өңдүү, кыргыз үндүү Юрий Бобков агабыздын кайнатасы, улуу музыкант Камчыбек Осмонов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Жубайынын капасын тең бөлүшүү ниетинде баласы Денистин сунушу менен анын Литвадан айдап келген "Мазда FK-323" маркасындагы машинасын сатып алып, "эми жалаң жакшылыктын үстүндө бололу" деп жубайына белек кылды.


НЕЛЯ АТЫН ӨЗГӨРТТҮ

Эстраданын назик ырчысы Неля атын өзгөрттү. Нелянын өзүнүн азан чакырып койгон аты Элмира болчу. Ал эми сахнадагы Неля деген атын ырчы өзүнө-өзү ыйгарган. Эми бул атты расмий түрдө "менчиктештирип" алды. Башкача айтканда, ырчы Нуркул кызы Элмира деген эски паспортунун ордуна Нуркулова Неля Нуркуловна деп жазылган жаңы паспорт алды. Жаңы ысым кут болсун!


"ЖАНЫШ-БАЙЫШ" СТУДИЯСЫН ДИНАРА ЭЭЛЕП АЛДЫ

Январь айынан баштап "Жаныш-Байыш" студиясында Динара Акулованын жаңы альбому үчүн ар бири 4000 сомдон болгон ырлары жазыла баштайт. Андан бөлөк эч бир ырчынын ыры жазылбайт. Жеке альбому чыккандан кийин келээрки мол түшүмдүү күркүрөгөн күз мезгилинде ырчы концерт берүүнү пландап жаткан учуру. "Альбом жарык көрөөр замат мыкты аппаратура алып берем",- деп Жанышка ырчы айым сөз берип келет.


"АЙКАДЕМ" ТОБУ БАЛДАРДЫ ДА КАБЫЛ АЛАТ

Өң-келбети жагынан индия кинолорундагы сулууларга окшошуп, алардан кем да калышпаган Расул кызы Айгеримдин жалаң кыздардан түзүлгөн "Айкадем" тобуна эми эркек балдар да кабыл алына баштады. Өз тобун кеңейтүүнү максат кылган Айгеримдин тобуна кирүүнү каалаган балдар профессионал ырчылар менен хореографтардын сынагынан өтүшөт. Ошентип, таланттуу бул кызыбыз ыр менен бийди айкалыштыра элине талбай кызмат кыла бермекчи.


"МИҢ КЫЯЛ FM" РАДИОСУ ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА ТАРТАТ

"Миң кыял FM" радиосунун көз жарганына бир гана жыл толсо да, чоң ийгиликтерге жетише алды. Тактап айтканда, эми бул радио спутник аркылуу медиамейкиндикке чыгат. Жаңырган жаңы жылдан тарта дүйнөнүн каалаган бурчунан "Миң кыял FM" радиосун уккусу келген угарман атайын аппараттын жардамы менен радионун жагымдуу музыкаларын, жаңылыктарын тыңдай алат. Мындан сырткары, бул радио бир жылдыгын белгилөөгө катуу камылга көрүп жатат. «31-декабрда эч кандай ди-джей иштебейт, бирок, угармандар үчүн күтүлбөгөн сюрприздер кабат-кабат. Ал эми 2008-жылдын 1-күнүндө толук кандуу иш күнү жүрүп, январь ичи туулган күнүнө карата концерт берсекпи" деген ой менен толгонушууда.


АКБАР АВТОКЫРСЫККА ТУШ БОЛДУ

Таланттуу ырчы жигит Акбар Сүйүнбаев 3-декабрь күнү Нарын облусунда болгон концертке катышып, кесиптештери менен "Ауди" маркасындагы эки машина болуп келатышкан эле. Бир маалда күтүлбөгөн жерден катарлаш келаткан "ГАЗ-53" маркасындагы чоң машина ырчылар отурган биринчи "Аудини" сүзүп, андан соң Акбар бараткан экинчи машинаны сүзгөн. Бул кылмышты кылган айдоочу ошол жерден качып кетүүнүн аракетин кылган. Бирок, ырчылар шамдагайлык кылышып кылмышкердин артынан жетип барышып,жергиликтүү милиция бөлүмүнө алпарышкан. Укук коргоочулар чоң машинанын айдоочусунун мас абалында экенин дароо эле аныкташкан. Ал эми окуянын чоо-жайын сураштыра келгенде отуз жаштын тегерегиндеги бул жигит эки машинада жалаң белгилүү ырчылар баратканын байкап, атайын сүзгөндүгү белгилүү болду. Учурда Акбардын жана башка жигиттердин денсоолуктары жакшы.


ЫНАК ЭРКЕК БАЛА КҮТҮП ЖАТАТ

Ушул айдын аягында эки кыздын атасы, белгилүү ырчы Ынак Осмоналиев үчүнчү наристелүү болуу алдында турат. Ынактын айтымында, эркек балалуу болмоюнча аялы төрөгөнүн токтотпойт экен. Ырчынын жубайы УЗИге түшкөнү менен жолдошуна сюрприз болсун дегенби, болочоктогу наристенин жынысы туурасында ооз ачпай жатыптыр. "Ооз ачпаганына караганда эркек болот" деп боолголоп, алдын-ала Ынак мырзадан чоң сүйүнчү сурайбыз.


АЗАТ АЗ ЖЕРДЕН МИЛЛИОНЕР БОЛУП КЕТЕ ЖАЗДАДЫ

Азаттын интернеттеги электрондук почтасына алыскы Англия мамлекетинен сүйүнүчтүү кат келген. Даректеги катта Азаттын электрондук почта аркылуу ойнотулган лотереядан миллион доллар утканы, уткан акчасы африкалык банкта сакталып турганы, ал акчаны алыш үчүн Азат лотерея ойноткон кожоюнга 5 миң евро салып жибериши керек экендиги жазылыптыр. Эч бир эмгек кылбастан жөн гана почта ачып коюп капарсыз отурган Азат катуу таңкалып, өзү айтмакчы, сүйүнгөнүнөн жүрөгүнүн согушу жанындагы адамды чочутуп жибериптир. Ошентсе да өзүн кармап, иштин аныгын билүү үчүн интернет сайттарга кирип, ал лотерея жөнүндө изилдеп көрсө, ал алдамчылардын кылган айла-амалдуу аракеттери экен.


БИЛЬЯРДДЫ МЫКТЫ ОЙНОГОН ИЛЬЯС АДАМОВ

Продюсер Ильяс Адамов бир гана жакшы ырчыларды тарбиялап чыгарбастан, спорттун түрлөрүн да мыкты билээрин көрсөттү. 2-декабрда шаарыбыздагы бильярд клубдарынын биринде бильярд боюнча өткөн республикалык конкурска катышып, 3-орунду жеңип алды. Ал эми биринчи жана экинчи орунду профессионал бильярдчылар алышкан. Айта кетсек, конкурска 57 оюнчу катышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 266, 7-13-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан