ГҮЛ КҮЙӨРМАНЫНАН ТҮЛКҮНҮН 6 ТЕРИСИН АЛДЫ

Ташкент кызы Гүлдүн күйөр­ман­дарын санап санын чыгаруу мүмкүн эмес болуш керек. Бул таланттуу кыз мурдатан жаныбарлардын терилерине кызыгып жүр­гөнүн таластык күйөрманы билип алган. Керилген сулуу түлкү­лөрдү атайын тузак коюп кармаганбы же сатып алганбы, айтор, бир жеринде да кемтиги жок 6 түлкүнүн терисин Гүлгө ошол таластык күйөрманы белек кылган.


Асел жаштарды патриоттуулукка чакырат
Декандык кызматына баш-оту менен кирип кетип, жеке чыгармачылыгына убактысы жетпей жаткан ырчы айым Асел Турдалиева жаштарды эли-жерин сүйүүгө үндөгө­нү турат. Сыймык Бейшекеев экөө биргелешип жакында өткөрө турган концерттин негизги максаты – жаштарды патриоттуулукка чакыруу. Бул концерттеги ырлар жандуу үн менен ырдалып, оркестр жана бийчилер менен коштолот. Анан дагы бул концертке эки ырчыдан башка эч ким катышпайт.



Акбар эми спорт залдын кожоюну
Эстрада ырчысы Акбар Сүйүнбаев ырчылык гана өнөрдүн ээси эмес. Ал бокс боюнча эки жыл машыгып, “Спорттун чебери” деген наамга да татыганга жетишкен. Бир чети Жаңы Жылдык белек катары, бир чети чыгармачылыгын колдоо максатында бокс боюнча Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, ырчынын жердеш байкеси ага спорттук машыгуучу зал белек кылды. Учурда ырчы 12-кичирайондо жайгашкан машыгуучу залын иретке келтирүү менен алек болуп жаткан кези.



Ибрагим ырчылыкты таштабайт
“Ак жол” партиясынан КРнын Жогорку Кеңешине депутаттыка талапкерлердин тизмеси боюнча 50-болуп өткөн белгилүү ырчы Ибрагим Жунусов депутаттык мандатын алган учуру. Депутат болууну көптөн бери эңсеп келген ырчынын айтымында, ырчылыкты эч качан таштабайт. Анын депутат болушуна кадыр-барк алып берген албетте, ырчылык өнөрү. “Жаңы дем-күч менен жа­ңы ырларды жазып жана негизги ишим болгон депутаттык милдетимди так аткарам”,- деп ырчынын кубанычы коюнуна батпай турган кези.



Кубаныч Жаңы Жылды күйөрман кызы менен тосмой болду
Атасынан кем калышпаган жаш талант Чубак уулу Кубаныч күнүгө 5-6 жолу SMS, кучак толо гүл берип жүргөн бейтааныш күйөр­ман кызынын “Жаңы Жылды чогуу тосолу” деген сунушуна макул болду. 2008-жылды тосууга көптөгөн пландарды түзгөн ырчы ал күйөрманы менен 31-декабрга чейин жолугушууну сунуштап жатат. “Жаңы Жылды ким менен тозсоң, ошону менен болосуң” деген ырымдын негизинде балким, ырчы ал бийкеч менен жаңырган жылда түтүн булатып да калышы мүмкүн эмеспи.



Расул «Волгасын» кимге берди?
Ырчы Расул Маматкулов кызына гана машина белек кылып тим болгон жок. Республикалык деңгээлде өткөн “Ош азем түндөрү” фестивалында жеңип алган “Волга 3110” маркасындагы машинасын саткысы келбей, атасына белек кылды. Ырчынын айтымында, ал “Волга” көп жакшылык алып келген ак жолтой машина болгон.



Айгерим атасынан машина белекке алды
“Айкадем” тобунун жетекчиси Айгерим атасы Расул Маматкуловдон Жаңы Жылдык күтүлбөгөн белек алды. Ырчыга атасы “Мерседес S 500” маркасындагы машинанын ачкычын тапшырып кубантты. Учурда Айгерим руль кармаганды үйрө­нүү максатында атайын окуу жайдан билим алууда. Жаңырган жылдын башында эле “Мерседесин” айдап калаарын элестетип, ырчы кыз атасына кабат-кабат рахматын жаадырууда.



Самат мыкты “Казанова” болуп табылды
“Демир” банкта өз кесиби менен эмгектенип жаткан ырчы Самат Доолотбаков банк кызматкерлери үчүн өткөрүлгөн конкурста “мыкты Казанова” болуп табылды. “Казанова” деген сөз – “көпчүлүк, анын ичинде кыздар аны сүйөт, ал болсо кыздарды сүйөт” деген мааниде. Кыскасы, ырчы жигит “сүйгүнчүк бала” деген атка конду.



Гүланда снайпердин ролунда
Ырчы кыз Гүланда эми актёрдук талантын да элге тартуулоо алдында турат. Айбек Карымов жетекчилик кылган “Кылым муза” продюсердик борбору тарабынан тартылуучу бул тасманын башкы ролунда үч снайпер кыз болмокчу. Үч снайпердин биринин ролун ырчы кыз Гүланда аткарат. Ушул тапта тасманын сценарийи жазылып, актёрлор машыгуудан өтүшүүдө. Ал эми сценарийди жазган – акын, музыкант Кубат Жакыпов.



Эрнест фильм-жомок тартууда
Эркин режиссёр Эрнест Абдыжапаров Жаңы Жылдык фильм-жомок тартуу менен алек болуп жаткан учуру. Бул жомок “Вечер желание” деп аталып, орус тилинде көрсөтүлгөнү менен анда жаңырган ырлар жалаң кыргыз тилинде болуп, жомокко сегиз ырчы катышат. Бул жомоктун продюсери – Ассоль Молдокматова. Ал эми кыскача мазмунуна токтоло турган болсок, балдарына балаты алып келем деп сөз берген атанын тилеги ишке ашпай калып, балдарынын он каалоосун аткарууга мажбур болот.



Борончу мончо ачты
Бул жыл ырчылар үчүн бизнес ачып киреше алып келчү жылдардан болуп узап баратат көрүнөт. Манастан Чубак кем бекен дегенби, ырчы-куудул Борончу Кудайбергенов мына сага деп мончо ачып салды. Ырчы-куудулдун айтымында, аялдар үчүн элүү орун, эркектер үчүн элүү орундуу бул мончо “Саламат” комплекси деп аталат. Комплекстин ичинде массаждан тарта чач кыркып берүү­чү кызматтарына чейин бар экен.



“Айтыш” коомдук фонду жылдын мыкты адамын тандады
«Айтыш» коомдук фонду «Жылдын мыкты адамы» деп ушул жылы Ысык­көлдүн Барскоон айылында өткөн ат чабыш жана төкмө акындарыбыздын эл аралык фестивалынын уюштуруучусу, «Кыргыз аты» мекемесинин жетекчиси Жаклин Рипар француз айымын белгиледи. “Асыл тукум кыргыз жылкысын дүйнөгө даңазалаган эмгеги коомчулуктун көңүлүн буруп, жыл сайын салттуу жөрөлгөгө айландырганы кубандырат. Анын Эл аралык фестивалды көркүнө чыгарган уюштуруучулук жөн­дө­мү чет элден келген меймандарды да ыраазы кылды,- дейт “Айтыш” коомдук фондунун жамааты.



Азат Жаңы Жылды негр кыз менен тосот
Интернеттен башы чыкпаган ырчы Азат Болотбек Жаңы Жылды негр кыз менен тосконго даярдык көрүп жатат. Ырчы эки жылдан бери интернет аркылуу кат алышып жаткан кыздын аты Ними экен. Ниминин Африкадагы институттардын биринде дүйнө элдеринин каада-салттарын изилдөө факультетинде окуй тургандыгын билген ырчы ага интернет аркылуу кыргыз элинин салт-санаасын, “Манас” эпосун жазганга да үлгүрүптүр. Азаттын жазган катынан улам жыл тогошоор алдында Кыргызстанга келип, кыргыз элин жакындан тааныгысы келген Нимини Азат чыдамсыздык менен күтүп жатат.



Жылдыз кыздуу болду
“Кыргызстан Обондору” радиосунда жагымдуу үнү менен угармандарына мамлекеттин ичинде болуп жаткан жана чет элдик жаңылыктарды убагында жеткирип турган журналист Жылдыз Белекова кыздуу болду. Кызынын атын Мексиканын “Клон” телесериалындагы Мухамеддин кызы Самиранын атынанбы, айтор, Самира коюшуптур.



Ильяз бакма чычкандуу болду
Жаш ырчы Ильяз Андаш иштеген кафеге азербайжан улутундагы эс алуучулар көп келишчү. Ырчы адаттагыдай эле чыгыш стилиндеги “Келчи, жаным” деген ырын ырдаганда азербайжан улутундагы эс алуучулар кайра-кайра суранышып, бир нече жолу ырдатышкан. Ырчы кеминде бешинчи жолу “Келчи, жанымын” ырдап жатканда алты жашар Зарингис аттуу азербайжан кыз келип, ага бакма чычкан белек кылган. Ильяз бул көрү­нүш­төн улам “чычканым акжолтой болуп, Чычкан жылында мага көп жакшылыктарды алып келет” деп божомолдоодо.



Бактыгүл имиджин өзгөрттү
Кара чачтуу Бактыгүл Бадыева маңдай чачын өмүрү кесип көрбөптүр. Жыл жаңыраар алдында келбетине жаңылык киргизүүнү туура көргөн ырчы кыз өзүнүн чач тарачтык кесибинен пайдаланып өз чачына көкүл кесиптир. Мындай келбетине көнө албай жаткан ырчы азыр өзүн ыңгайсыз сезип жатат. 2008-жылдан тарта сахнадан аны күйөр­мандары маңдай көкүлү менен көрүп калышат.



Назми жаңы ысым менен иштешүүнү чечти
Кубулжуган бийик үндүү Назми Байзакова Жаңы Жылдан тарта жаңы ысым менен иштешүүнү чечиптир. Ырчы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда чогуу окуган курсташы Аман Мадиевдин «бирге иштешели» деген сунушун кабыл алды. Ошол эле учурда ырчы Сапар Сопубековдон да кол үзүүнү каалабайт. Аман Мадиев экөө учурда жаңы дуэттин үстүндө иштеп жатышат. «Амандын келечекте эл сыйлаган ырчы болуп кетээрине ишенем, анткени, ал өзгөчө талантуу жигит”,- дейт Назми.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 269, 28-декабрь - 3-январь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан