РОЗА КИМДИ СОТКО БЕРГЕНИ ЖАТАТ?

Кубулжуган үндүү Роза Шакированын сахнага чыкканына аз гана убакыт болсо да өзүнө бир топ күйөрман топтогонго жетишти. Анын "Таппай жүрөм" деген ыры диск саткан кайсы гана жерде болбосун жаңырып жатканына күбө болуп жатабыз. Ырчынын ушул ыры көпчүлүккө сиңимдүү болуп жатканын байкаган шылуундар оңой акча табууну көздөшүп, ырга клип чыгара коюшкан. Ырдын клиби Кореянын "Тагдыр оюну" тасмасынан алынган экен. Кө­рөрмандардын айтымында, ыр менен клип шайкеш келген. "Шайкеш келгени менен клипте мен жокмун, жок дегенде мага бир ооз кеңешип коюшпайт" деп жини келген ырчы клипти ким чыгарганын изилдеп, ал адамды сотко бергени жатат.


САКИШ УШУЛ ЖЫЛЫ ТУРМУШКА ЧЫГАТ

Кыргызстандын төгөрөгүнө Сакиш деген ат менен таанымал Айнура Тургумбаева ушул жылы турмушка чыкчудай болуп турат. "Качан күйөө балалуу кыласың?" деген суроого "менин теңим төрөлө элек" деп тамашалап калчу Айнура эжебиз жыл тогошоор күндү турмуш жолуна чогуу аттанчу адамы менен тосту. 2007-жыл актрисанын бойдокчулук жылдарынын акыры болду окшойт. Азыр Айнура эжебиз ак жоолук салынып, келин болуп чай куюп, жүгүнгөнгө даярданууда.


КУБИКТИН КИТЕБИ ЖАКЫНДА ЖАРЫК КӨРӨТ

Ырчы-куудул Кубик Калыков буга чейин кылган эмгегин, басып өткөн жолун байкап көргүсү келди. Куудулдун көп кырдуу талант экенин көпчүлүк биле бербеши мүмкүн. Анын элге тааныткан таланттарынан сырткары акындык өнөрү да күч экен. 15-январда ачылыш аземи күтүлгөн Кубиктин бул жыйнак китебине өзүнүн 100дөн ашык ырлары, 15тей сатиралык интермедиялары, 10 жеке монологдору, 20 пародиясы жана бир нече дастандары кам­­­­тылыптыр.


СЪЕЗДБЕК ӨЗГӨЧӨ КЛИП ТАРТАТ

Элдик ырларга басым жасаган ырчы Съездбек Искеналиев жакында күйөрмандарына күтүлбөгөн клип тартуулаганы турат. Тактап айтканда, таланттуу жаш режиссёр Айбек Дайырбеков ырчынын "Өзүм билбейм", "Жылкычынын ыры" же болбосо жаңы "Айтпайбы" деген ырларынын бирине анимациялык клип тартууну ылайыктап жатат. Кыргызстандыктар үчүн биринчи кадам болгон бул идея режиссёрдуку экен. Баасы 4000 долларга чейин барган бул клиптин тартылышына ырчынын колдон-буттан алган байкелери жардам беришмекчи.


МАКСАТ БАЛАЛУУ БОЛДУ

Ата болуу кубанычы кимди гана сүйүнтпөсүн. Бул кубаныч жаштардын сүймөнчүктүү ырчысы Максат Бегалиевди курчап алган кез. Жыл жаңыраарда ырчы жигит балканактай уулдуу болду. Уулунун салмагы 3 кг 900 гр экен. Баласына ат коюуну ата-энесине ыйгарган ырчы азыр бала жытына мас болуп турган чагы.


ЮРА ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИН ӨТКӨРӨТ

"Досум Үсөн" тобун түптөп, ага жетекчилик кылган Юрий Бобков эскерүү кечесин өткөргөнү жатат. «Бул топто 35 жылдан ашуун эмгектенген Акматов Урматтын бул жарык менен кош айтышканына бир топ убакыт болду. Кыргыз эстрадасында чоң салымы бар жигитти эскербей коюу туура эмес",- деген Юра байке даярдык көрүү үчүн өзүнүн туулуп-өскөн кичи мекени Бөкөнбаев айылына аттанганы жатат.


АЙЖАН МАШИНАЛУУ БОЛДУ

Жаңы жылга жаңы машина менен кирип барууну каалагандардын саны чынында арбын. Бирок, ар бир адамдын ою эле ишке аша бербеси анык. Ырчы кыз Айжан Газиева өзүнүн "Хундай соната" машинасын "Ниссан сафирага" алмаштырды. 1998-жылы Япониядан чыккан бул машинанын биринчи кожоюну болгон ырчы күмүш түстүү унаасын 5000 долларга сатып алган.


ГҮЛШАЙЫР – "ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АДАМЫ"

Отуз жылдык тарыхы бар "Кыз-Бурак" тобун отуз жылдан бери жетектеп келаткан Гүлшайыр Садыбакасованы кимдер гана тааныбасын. "Кыз-Бурак" тобу кыргыз жергесинде гана өнөрлөрүн тартуулабастан, кыргыз элин чет мамлекеттерге да таанытууга жетишип келди. Бул албетте, жетекчинин аракетинин негизинде. Ушул нерселердин баарын эске алып, "Эркин тоо" гезити мамлекет башчыбыздын катарында Гүлшайыр Садыбакасованы да "Жылдын мыкты адамы" деп тапты.


НАЗИРА МАСТАР МЕНЕН ЭРКЕКЧЕ МУШТАШТЫ

Куудул кыз Назира Жетигенова куудулданып жатып акыркы мезгилдерде тамадалыкка да өтүп алды. Жакында эле бир үйлөнүү үл­пөтүндө тамадалык мил­детин аткарып жатса, кызып калган бир нече адам "бул музыканы кой!" деп музыканттарды опузалап киришкен. Аңгыча болбой ал жердегилер мушташып калат. Жини келген тамада кыз "Көкжал" рингине катышуу үчүн үйрөнүп алган ыкмаларын колдонуп, мастарды тепкиге алган. Жини келген мастардын жооп кылып "мушташабыз" дегенине көпчүлүк жол бербей, ажыратып калышкан.


АЗИЗ КУДАЙ ЖОЛУНА ТҮШТҮ

Жаштар арасында Кудай жолуна түшүп, беш маал намазын үзбөй окуган кыз-жигиттерибиздин саны күн санап өсүп баратат. Алардын арасында ырчы Азиз Жетигенов да бар. Ырчынын айтымында, Кудайдын бар экенине мурда эле ишенчү, бирок, үзбөй намаз окуп, дааватка чыгып, Кудай жолуна түшүүгө кадам жасай албай жүргөн. Ырчы бир катар достору жана даават айтуучу адамдар менен Кыргызстандын ар кайсы аймактарын кыдырып адамдары ыйман жолуна чакырганы аттанат. Анын айтымында, келечекте сөз­сүз молдо болуп кетүү тилеги деле эмес, болгону таза жолго түшүп, жаман нерселерден алыс болуу. Кудай жолунда жүргөн адам шайтандардан оолак болуп, периштелер менен достошот. Бирок, кандай болгон күндө да Азиз ырчылык өнөрүн таштабастан, өркүндөтүү менен алектене бермекчи.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 270, 4-10-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан