АЙЧҮРӨК РОССИЯНЫН ОРДЕНИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Орусия мамлекетинин “За заслуги” ордени менен ырчы Айчүрөк Иманалиева сыйланды. Россиянын шаарларында болуп өткөн фестивалдарга, конкурстарга катышып жүргөн ырчыга бул орден Кыргызстандын жана Орусиянын маданиятына кошкон салымы үчүн берилди. Айта кетчү нерсе, мындай орденди Айчүрөк айым Кыргызстандан биринчилерден болуп алып отурат.


КУРМАНГАЗЫНЫН КОЛЛЕДЖИНИН ДЕМӨӨРЧҮСҮ ВИКТОР ЗУБКОВ

Салттык өнөрдүн учугун улаган музыкант Курмангазы Азыкбаев таланттуу жаштарга музыкалык тарбия берүүчү колледж ачып жатканын мурунку сандарыбыздан окусаңыздар керек. Карап көрсөк, учурда чоң окуу жай эмес, чакан дүкөн ачууга эле бир топ каражат сарпталат. Ал эми Курмангазынын бул колледжине ким демөөрчү экен дебейсизби? Орусиянын премьер-министри, Курмангазынын жакын досу Виктор Зубков экен. “Бул окуу жайдын ачылыш аземине Орто Азиядагы аты чыккан бардык инсандарды чакырам” деген музыкант азыр катуу даярдыктарды көрүүдө.


НУРЛАН “ОШТУК КЫЗЫН” КИМГЕ ТАРТТЫРЫП ЖИБЕРДИ?

Ырчы Нурлан Алдаяров Бек Борбиевдин чыныгы күйөрманы болуп жүрүп анын үнүнө, стилине окшоштуруп ырдаганды үйрөнүп алган эле. Ушул өнөрүн байкаган Бек байкеси Нурланга “Оштук кыз” деген ыр жазып берген. Ал ырды Нурландын ырдап жүргөнүнө бир топ мезгил болгон. Ал гана эмес, радио угармандарынын да сүйүктүү ырына айланган. Нурлан ушул ырын жаңылоо максатында башкача аранжировка жасатып койсо, куудул-ырчы Санжар Бердибеков бул даяр аранжировкага өз үнүн кошуп ырдап алыптыр. Учурда Нурландын Санжар байкесине таарынып жүргөн кези.


АЗАТ ЭГИЗИН ТАПТЫ

Тармал чачтуу, табышмактуу Азат Болотбек өзүнө коёндой окшош жигитти Казакстандан таап алыптыр. Көргөн көзүнө ишенбеген Азат анын сүрөтүн апасы акын Лариса Асанбековага алып келип көрсөтүп, “мен эгиздин түгөйү эмесминби?” деп сураган. Сүрөттөгү Эржан деген казак баланын өз баласына куюп койгондой окшош экенин көргөн эне “ал баланы Кыргызстанга чакыр” деп уулуна кеңеш берген. Эржандын Бишкекке келиши менен Азаттын апасы уулу экөөнү бир тууган же болбосо чыныгы достордон кылып коюуну көздөөдө.


ГҮЛЗАТКА ЖОЛДОШУ МАШИНА БЕЛЕК КЫЛДЫ

“Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш” деп өмүрдүн зуулдаганына тынчсыздануу ар бир адамда бар. Кыргыз көйнөк куп жарашкан Гүлзат Байзакованын жолдошу менен бирге өмүр сүргөнүнө жыйырма жылдын жүзү болуптур. Бул мааракеде Гүлзаттын жолдошу ырчыга жаңы “Мерседес-320” автоунаасын белек кылып, эскисин өзү алыптыр. Учурда жыйырма жылдыгын жана машинасын жууп келген адамдардын карааны ырчынын үйүнөн үзүлбөй жаткан кези.


ДЕНИСТИН ЖАНЕТАГА АРНАГАН БЕЛЕГИ

Денистин акыркы убактарда кандай бизнес менен алектенгенин билген адам Жанетанын туулган күнүнө эмне белек бергенин дароо эле туйса керек. 4-январда 28ге чыккан Жанетаны жолдошу Денис “Гольф-3” автоунаасын белекке берип куттуктады. Ырчы айым бул жыйырма сегизинчи кышын кытай тамак-аштары даярдалган борбордогу кафелердин биринде жакын достору, туугандары болуп отуруп, отуздай адамдын курчоосунда тосуп алды.


АЛИНА ОПЕРА ЫРЧЫСЫ БОЛУП КЕТЕБИ?

Назик үндүү ырчы Алина Жетигенова башка стилде ырдоону каалаганбы, айтор, опера ырчысы Замира Мавлянова менен дуэт ырдап чыгууну чечиптир. Эки ырчынын дуэти учурда даяр болуп, аранжировкасы жасалып жаткан кези. Алинанын опера ырчыларынын катарынан көрүп калуу анча деле көп убакытты талап кылбайт.


БАКЫТ “ОЙ ТОБОНУН” КИЙИНКИ МУУНУН ТОПТООДО

Кыргыз эли бир топ эле таанып калган ырчыларыбыздын арасында Бакыт Мамаевдин да ысымы бар. Учурда бул жигит “Ой тобо” тобунун кийинки муунун түзүү менен алектенүүдө. Жаңы түзүлүп жаткан топтогу жаштардын өзгөчөлүгү, баскан-турганында, сүйлөгөнүндө, кийген кийимдеринде да улуттук колорит сакталышы керек. Жана бул топтун дагы бир мыйзамы, башка элдин ырларын которууга жол берилбейт. Ушул тапта ырчы кыргыз тилин так билген улан-кыздарды конкурс менен кабыл алып жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 271, 11-17-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан