ЖАҢЫ ЖЫЛ ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Ар кайсы өлкөнүн өзүнүн Аяз Атасы бар: Швецияда – Юль Томтен, Англияда – Фазер Крисмас, Финляндияда – Жулупукки, Кытайда – Дун Че Лао Рен, Италияда – Ла Бефана, Түркияда – Ноэль баба, Америкада – Санта Клаус. Ошондой эле ар бир өлкө Жаңы Жылды өзгөчө тосуп алат.

ШОТЛАНДИЯ
31-декабрдан 1-январга өткөн түндө шотланддар жанына бир кесим таттуу нан, шарап жана бир даана ташкөмүр алып, достору менен жакындарынын үйлөрүн кыдырып чыгышат. Нан менен шарап – токчулуктун, ал эми ташкөмүр – жылуулуктун белгиси. Шотланддар өз колу менен жасаган шамдарды жагып, Жаңы Жыл кирээрде чоор тартышат.

ЖАПОНИЯ
Бекеринен Жапонияны күн чыгыштын өлкөсү деп аташпаса керек. Башка өлкө­лөр­дөн айырмаланып, Жапонияда Жаңы Жылды түнкү саат 12де эмес, таң атып келе жатканда тосушат. Таң атканда жапондуктар бири-бирин куттуктап, “такара бунэ” деп аталган белек тапшырышат. Бул – ичинде күрүч толтурулган кеме түрүндөгү идиш.

КУБА
Кубалыктар саат 12де шампан ачып ичээрден мурун бокалдарга суу толтурушат да, ал сууну терезеден сыртты көздөй серпишет. Бул – эски жылдын ийгиликтүү, тынч аякташынын белгиси. Ошондой эле суу Кубада актыктын, тазалыктын да символу катары кабыл алынат. Дагы бир салт катары кубалыктар айнек табактарды жерге таштап талкалашат. Ар бир талкаланган айнек үйгө береке алып келет.

МОНГОЛИЯ
Монголияда Жаңы Жыл дагы бир майрам менен катар майрамдалат. Ал – мал чарба майрамы. Ошондуктан, удаа келген эки майрамда жалаң эттен жасалган тамактар даярдалат. Ыр-бийдин ордуна монголдор шамдагайлыгын көрсөтүү үчүн түрдүү спорттук жарышууларды уюштурушат. Монголдордун да өз Аяз Атасы бар. Бирок, ал кызыл-тазыл чапан эмес, териден жасалган чабандын кийимин кийип жүрөт.

БОЛГАРИЯ
Дүйнөдөгү эң романтикалуу Жаңы Жыл Болгарияда тосулат болуш керек. Эң жакын адамдары менен чогулган майрамда саат 12ни көрсөтөөр замат бардык жарыктар туура 3 мүнөткө өчүрүлөт. 3 мүнөт бою караңгыда сүйүшкөндөр эч кимден тартынбай өбүшө алышат. Бул мүнөттөрдү болгарлар “Жаңы Жылдык сүйүү мүнөттөрү” деп аташат. Ал эми жылды сүйүү мүнөт­төрү менен баштаган жуптар жыл бою бактылуу жашашат.

РУМЫНИЯ
Бул өлкөнүн өкүлдөрү тазалыкты жактырышат. Жаңы Жылда үйлөрүн тазалап чыккандан кийин шыпыргы-калактарды эшиктин алдына таштап коюшат. Ал эми дасторкон үстүндөгү ар түркүн тамактар кү­түлбөгөн белектерге толгон. Тагыраак айтканда, ар бир тамактын ичине акча, шакек, ачкыч же ачуу калемпир сыяктуу нерселерди салып коюшат. “Шакек таап алган адам сөзсүз өз бактысына кезигет, ал эми калемпир жеп алган киши өмүр бою байлыкка бөлөнүп жашап өтөт” деген ишеним бар.

ПОРТУГАЛИЯ
Бул өлкөдө эски жылды узатуу салты бар. Түнкү 12ге аз калганда (өзгөчө жер үйлөрдө) үйдөгү эң улуу кишинин колуна кум саатты, карагайдын сабактарын карматып, эски жылды узатып жаткандай үйдүн арткы эшигин ачып коё беришет. Ал эми саат 12ни урганда алдыңкы эшик ачылып, үйбүлөнүн эң кичинекей мүчөсү Жаңы Жыл болуп кирип келет.

ИСПАНИЯ
Мында туугандар бири-биринин үйлө­рүн кыдырышат. Алар сөзсүз ичинде бир шампан жана таттуу болгон себет белек кылышат. Саат туура 12ни көрсөткөн маалда ар бир испан 12 даана жүзүмдү жегенге шашылат. Жүзүмдүн данектери жаңы тилектин орундалышына алып келет. Жүзүмдүн ордуна куурулган жумуртка же кургатылган өрүк жесе болот. Себеби, мунун баары алтын тыйындарга окшош.

НИДЕРЛАНДЫ
Мында шампан ордуна бокалдарга эң популярдуу жаңы жылдык суусундук болгон слем ичимдиги куюлат. Ал биздин эле сүттүү кызыл чайга окшош. Мындан сырткары нидерландылыктар эски жыл менен бардык жаманчылык чыгып кетсин дегенсип, эски эмерек, кийим-кечектер, идиш-аяктарды ыргытууга шашылышат. Ал эми 1-январдан тартып жаңы кийим кийүү – жакшы салт.

ИТАЛИЯ
Бул өлкөдө кызыл өң бакубаттыктын символу болгон үчүн италиялыктарда бири-бирине кызыл түстөгү ич кийим берүү салтка айланган. Албетте, бул салт чоңдор арасында гана тараган. Эң кызыктуусу, Жаңы Жылга аз калганда италиялыктар бирин-бири урушат. Бул салттын “бардык талаш-тартыш эски жылда калып, келе жаткан жылга жаман сөздөр жетпей калсын” деген мааниси бар.

АНГЛИЯ
Чоң-кичинеси дебей англиялыктар Аяз Атага белектердин тизмеси жазылган кат жазышат да, аны күйүп жаткан отко салып ийишет. Кат күйүп кетпестен, мор аркылуу учуп чыгып, Аяз Атанын өзүнө бараарына ишенишет. Мындан сырткары, Англияда бири-бирине баасы бирдей болгон белектерди тапшыруу туура деп эсептелинет.

ИСЛАНДИЯ
Исландиялык кичинекей бөбөктөр 1-декабрдан 24-декабрга чейин өздөрүн өтө тартиптүү алып жүрүшөт. Себеби, так ушул күндөрдүн биринде күтүлбөгөн жерден Аяз Ата келип, аларды текшерип кетет. Тентектик кылбаган балдар-кыздар Жаңы Жылда каалаган белектерди алышат. Ал эми эң тентек балдарга Аяз Ата жыртык батинке алып келет экен.
Жаңы Жылды кандай тоссоңуз да, ал сиздин үйбүлөңүзгө тынчтык, бакыт, береке алып келсин!

Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 268, 21-27-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан