АСЫЛБЕК «ТУҢГУЧ ТВ» СТУДИЯСЫН ТАРТУУЛАЙТ

«Муңдуу ырлардын рыцары» деген атка конгон куудул, актёр, ырчы Асылбек Өзүбековду күйөрмандары мындан ары айына алты жолу теледен көрө алышат. Тактап айтканда, актёр үч долбоор жазып, КТРдин көркөм кеңешине тапшырган. Жыйынтыгында, үчөө тең колдоого арзыган. Атай кетсек, «Күлкүлүү көркөм тасма», «Сегизинчи шар» жана «Гүлдөй жан» аттуу көңүл ачуучу музыкалык программалары. Жогорудагы үч көрсөтүү тең айына эки жолудан чыгып, ичине 25 мүнөттү камтыйт. Көрсө­­түүлөрдүн режиссёру – Мурат Мамбетов, актёрлору жана алпаруучулары – Асылбек Өзүбеков жана Эгемберди Чалабаевдер.


МЕРГЕНГЕ ДОСТОРУ АРАБ ЭМИРАТЫНА ЖОЛДОМО БЕРИШТИ

Кыргыздын Леонтьеви атыккан кыргыз-казак ырчысы Мерген Тургандын бал айы жарым жылга созулчудай эле болуп калды. “Ак бантик байлап башыңа” деп так секирген ырчы эскерте кетсек, октябрь айынын башында үйлөнгөн. Ырчынын жакын достору “бал айын эми Араб Эмиратында улант” деген ой менен эки жашка он беш күндүк жолдомо белек кылышты. Ошентип, баш кошкон эки жаш 15-мартта он беш күнгө Арабия өлкөсүнө аттанганы турушат.


ЖАНЕТА ООРУКАНАДА

Таланттуу үйбүлөнүн таланттуу келини Жанета Бобкова чыгармачылыктан бир азга гана алыстачудай болуп турат. Дарыгерлердин кароосунан өткөн айым ашказан жарасына кабылганын билген. Эртелеп дарыланбаса, операция жасоого туура келээринен кабардар болгон ырчы ооруканага жатууга аргасыз болгон. Үйдөгү эки баласын бала багуучуга караткан ырчы азыр шаардагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат.


АНЖЕЛИКА БАЛАСЫНА БЕШИК ТОЙ БЕРДИ

Ырчы Анжеликанын кызы Айым бир жарым ай болуп чоңоюп калды. Баланын кыркылыгын ырчынын кайненеси жыйырма күн болгондо эле жыйырма күн менен түндү кошуп санап, кырк күн деп эсептеп чыгарып койгон. Ырчынын кайненеси небересин Меккеден алып келген замзамдын суусуна киринтип, ошол жактан алып келген кийимдерди кийгизген. Ал эми баланын бешик тоюн ырчы эки жактын туугандарынын башын кошуп 26-январда өткөрдү. Келген меймандар ичкилик ичпегени менен той ыр кесе, ар түрдүү оюндар менен коштолуп шаңдуу өткөн. Анжелика менен жолдошунун өзүнө тандатып туруп Анжеликанын ата-энеси жээнине шаардагы дүкөндөрдүн биринен манеж сатып беришкен. Тойдун эртеси ырчынын кайненеси келиндери менен манеждин ичиндеги бешикчесине чүкө тоголотуп, арчалап, Меккеден салынып келген чоң жоолугуна небересин ороп, баатыр апалардын атын атап, “ушулардай болсун” деп бешикчеге жаткырган.


ТЫНЧТЫК «21-КЫЛЫМ» РАДИОСУНУН ПРОДЮСЕРИ

Бир жылдык өмүрүн артка таштап, жаңы-жаңы кадамдар менен өзүнүн аудиториясын кеңейте алган “Миң кыял FM” радиосунун продюсери Тынчтыкбек Кожобековго КТРдин жетекчилиги тарабынан дагы бир ишеним көрсөтүлдү. Тактап айтканда, Тынчтык “21-кылым” радиосунун продюсери болуп дайындалды. Эки тизгин, бир чылбырды колуна алган Тынчтык эки радиону тең угармандардын көңүлүнө төп келгидей уктурууларды даярдоого кесиптештери менен жапатырмак киришүүнүн камын көрүүдө.


СЪЕЗДБЕК 22 ЫРЫ ЖАЗЫЛГАН ДИСКИН ЖОГОТТУ

Январь айынын орто чендеринде “Миң кыял FM” радиосунун туулган күнүнө карата уюшулган концертте таланттуу ырчы Съездбек Искеналиев мини-дискин жоготуп алды. Бул дискке ар бири орто эсеп менен 150 доллардан жазылган 22 ыры камтылган эле. Көпчүлүктүн арасында кайсы убакта, кайсы жерге түшүп калганын ырчы өзү да билбейт экен. Өкүнүчтүүсү, диск бир гана нускада болчу. Эгер таппай калса, жогорудагы ырларын кайрадан жаздырууга туура келет. Эгер диск кимдир-бирөөнүн колуна тийип калса, ырчы анын кабарлап коюусун өтүнөт. Тапкан адамды чоң сүйүнчү күтүп туруптур.


АКТАН УЮШТУРУУ ЖӨНДӨМҮН АРТТЫРУУДА

Белгилүү комузчулардын уулу ырчы Актан Исабаев азыр эл көзүнөн бир аз далдоолонуп жүрөт. Бирок, чыгармачылыктан алыстабастан, кайрадан жаңы багытта, башкача стиль менен иштесем деген максат менен азыр изденүүнүн үстүндө. Тактап айтканда, ырчы бир Америкага барса, бир Орусияга барып, шоу-бизнестеги уюштуруу иштерин тереңинен үйрөнүп, өз жөндөмүн арттыруунун аракетин көрүүдө. “Уюштуруучулук жөндөмүм бышып жетилгенде гана өз өлкөмдө ал ишти алып чыгам” деген ырчы качан, кандай ишти көтөрүп чыгат, аны убакыт көргөзөөр.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 274, 1-7-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан