Мукам үнүнө бийи жарашып, жигиттердин бүйүрүн кызыткан Неля эми сахнага башкачараак болуп чыгууну пландаштырууда. Учурда ал шаардагы дүкөндөрдү кыдырып өзүнө жаккан кийимдерди сатып алып жүрөт. Нелянын күйөрмандары буга чейин ырчыны дайыма чыгыш костюмдары жана кооз көйнөктөрү менен көрүп келишкен. Неля эми сахнага көз айнек тагынып, жалаң жынсы шым-көйнөктөрдү кийип чыкмай болду. Баса, ырчы кыз имиджин биротоло өзгөртүүнү чечип, маңдай чачын кыска көкүл кылып кесиптир.
САМАТТЫН ЫРЫ АЗИЯ БОЮНЧА 2-ОРУНДУ ЭЭЛЕЙТ
Ырчы Самат Доолотбаков Египетке болгон чыгармачылык сапарында "Айдай сулуу" деген ырын жаздыра келген эле. Бул ырдын кыргыз жергесинде жаңыра баштаганына үч айдын жүзү болду. Жакында Самат интернеттеги музыкалык сайттарды карап отуруп капысынан өзүнүн "Айдай сулуу" деген ыры жөнүндөгү маалыматка туш болду. Европалык музыкалык сайттын «Азия ырлары» бөлүмүндө биздин Саматтын "Айдай сулуусу" 2-орунда тураары ырчынын өзү үчүн да күтүлбөгөн жаңылык болду. "Сайтка ырымды ким киргизгенин өзүм деле билбейм",- дейт ырчы.
Таланты менен көпчүлүктүн көзүнө урунган ырчы Акбар Сүйүнбаевдин башка дагы ачыла элек таланттары бар көрүнөт. Тактап айтканда, ырчы жигит жакында эле Улуттук телеканалга жумушка кирди. Акбар редакторлук кылган жаңы долбоордун автору продюсер Назгүл Насиева экен. Көрсөтүү "Темир тордогу үмүт" деп аталып, жакында эфирге чыга баштайт. Тагдырынан жаза тайып темир тор артында отургандардын жашоосу көрсөтүүнүн өзөгүн камтымакчы.
Ырчы, бийчи Айгерим Расул кызы жаш болсо да өзүнүн алгачкы жеке концертин берүүгө жетишкен. Ал концерттин видеого тартылып, учурда монтаждалган варианты сатыкка чыгууда. Түнү менен 2500-3000 даана диск даярдалып, базарга чыгаары менен эл талоонго алып жатканын бизге Айгеримдин апасы кабарлады. Ырчы кыз Айгеримдин күйөрмандарынын көптүгүнөн улам бул көрүнүш эки жумадан бери күч алууда.
Бильярд боюнча "Гран-При Евразия-2008" КМШ өлкөлөрү арасында өтө турган турнир борборубуздагы Спорт Ордосунда 13-14-15-16-мартта болмокчу. Турнирге белгилүү дүйнөлүк чемпиондор Сталев, Паламарь өңдүүлөр да катышат. Уюштуруу иши президенттин администрациясына, КРнын президенттик иш башкармалыгына тиешелүү. Турнирди уюштуруучулардын бири продюсер Ильяс Адамов экен. Ильястын айтымында, турнир толугу менен Орусиянын "Спорт" телекомпаниясы тарабынан тартылып, 15-16-мартта болуучу финалы күнүнө үч сааттан КМШ мамлекеттерине түз алып көрсөтүлөт. Ильяс бул турнирдин уюштуруучулук иштерин гана аркалап тим болбостон, бильярдга болгон жөндөмүн да сынап көргөнү жатыптыр. Турнирдин бизде өтүшүнө бильярд боюнча 2007-жылдын дүйнөлүк чемпиону, жердешибиз Каныбек Сагынбаевдин жеңиши жана турнирдин бизде өтүү үчүн жасаган аракеттери менен көргөзмөлөрү себеп болгон.
Кыргызстандын Евгений Акопян жетектеген курама командасы Сочиде өткөн КВНге катышып келди. Сахнада ойноочу тогуз оюнчудан сырткары, команданын жетекчиси Акопян жана үн режиссёру болуп 11 адам барышкан эле. Бул топтун бардык каражатын команданы колдогон демөөрчүлөр төлөшкөн. КВНге бардыгы болуп 555 команда ат салышкан. Биринчи турдан өткөн 33 команданын арасында Кыргызстандан барган биздин курама команда экинчи турга катышууга жолдомо алган. Бирок, тилекке каршы, биздин балдар телевизиондук вариантта өтүүчү үчүнчү турга жетпей оюндан четтетилген. Команда мүчөлөрүнүн арасында "Браво" телекөрсөтүүсүнүн алпаруучусу Эрмек Нурбаев да бар эле. Эрмектин айтымында, калыстар тобу ар бир командага татыктуу эле баасын берген. Кыргызстандын курама командасы алгачкы турда элди күлкүгө бөлөгөн шаңдуу оюн тартуулашканы менен экинчи турда кичине чабалыраак ойноп коюшкан үчүн татыктуу упайга жетпей калышкан. «Эмки жылы буюрса, татыктуу оюн тартуулап, сыналгыдан чыгабыз деген чоң үмүтүбүз бар»,- дейт телеалпаруучу.
"Аза Универсал" тобунун жетекчиси Мырза Айдаралиев 5-февраль күнү балканактай уулдуу болду. Ооруканадагы келинчегинен санаасы тынбаган ырчы бул күнү эртең мененки саат 9.20да коридордо баратып ыңаалаган ымыркайдын үнүн укканда өзүнүн баласы экенин дароо сезген. Ыңаалаган наристе чынында эле ырчынын мындан беш мүнөт мурун жарыкка келген уулу болчу. Баарынан кызыгы, ырчы баласынын ысымын өзүнүн чоң атасынын атынан Айдар деп коёт экен.