ЖАНЕТА “ЖАҢЫ ТОЛКУНГА” КАТЫШАТ

Таланттуу үйбүлөнүн таланттуу келини Жанета Бобкова жакынкы күндөрү Юрмала шаарында өтүүчү “Жаңы толкун” (“Новая волна”) конкурсуна катышмакчы. Ырчынын айтымында, бул конкурска Кыргызстандан өзү менен кошо жаш ырчылар Мирбек Атабеков жана Омар да барат. Конкурстун алгачкы туру 29-февралда коңшу Казакстан мамлекетинде өтүп, ал турдан өткөн ырчылар гана “Жаңы толкунга” жолдомо ала алышат. Юрмалада жыл сайын болуучу фестивалдын калыстар тобунун башында Алла Пугачёва, Лайма Вайкуле, Игорь Крутой сыяктуу белгилүү адамдар турушмакчы.


ТОКТОБЕК БАЛАСЫ МЕНЕН ФРАНЦИЯГА БАРАТ

“Боогачың сенин болоюн” деп сыздап жүрүп кичүү баласынын атын Боогачы койгон ырчы Токтобек Асаналиевдин улуу баласы Канат атасынан ашса ашкан, бирок, кем калбаган талант болот окшойт. Баласына жол көр­сөткөн Токтобек уулу Канатты комузчу Нурак Абдырахмановдун шакирти кылып дайындаган. Ош­ол аракет берекетин берип, Токтобек Францияда өтүү­чү жаш таланттардын фестивалына уулун алып бармакка камданууда. Эм­не демекчибиз, жеңил барып, оор кел­гиле дегенден баш­­­ка сөз жок.


УРМАТ МОСКВАГА ЖӨНӨП ЖАТАТ

Таланттуу ырчы Урмат Усенов 23-февралда Орусиянын борбору Москва шаарындагы жердештерин майрамы менен куттуктоо үчүн сапар тартат. Ырчынын айтымында, Сүйүү күнүнө арналып 13-14-февралда борбордо өткөн концерт Орусияда жүргөн боордошторубузга да тартууланат. 23-февраль күндүзгү саат 12де учкан ырчынын концерти ошол эле күнү кечинде “Легенда” деп аталган түнкү клубда өтүп, үч саатка созулат. Аны уюштургандар Урматтын ал жактагы күйөрмандары экен.


ЗАМИР ТЕЛЕАЛПАРУУЧУ БОЛУП КЕТЕБИ?

Эл арасында төбөсү көрүнүп калган ырчы жигиттерибиздин бири Замир Арыкбаев Биринчи канал жарыялаган кастингдин биринчи турунан өтүп, учурда экинчи туруна катышууга даярданууда. Ырчы буга чейин бир да жолу көрсөтүү алып барган эмес. Ошого карабай эгер ырчы бул кастингден ийгиликтүү өтүп калса, аны экрандан телеалпаруучу катары көрүп калат экенбиз.


АЙБЕК КЫРГЫЗЧА ДИСКТЕРДИ КАФЕЛЕРГЕ ТАРАТАТ

Айбек Карымов жетектеген “Кылым муза ” продюсердик борбору кыргыз музыкасын сүйүүчү кафедеги эс алуучуларга жакшы саамалык тартуулаганы турат. Бул продюсердик борбор ичине жүз чыгарма бата турган дисктерди борбордогу кафелердин баарына таратып чыкмай болушту. Дискке кылым карыткан күүлөрдөн баштап 70-80-жылдардагы жана бүгүнкү күндүн эстрадасына чейинки ырлар камтылмакчы. “Мындай көрүнүш Бишкек шаарында толук камсыз кылынган соң Ош шаарында уланат”,- дейт ырчы Айбек Карымов.


СЕМА МАРШРУТКАГА БАРДЫК ЖҮРГҮНЧҮЛӨР ҮЧҮН АКЫ ТӨЛӨДҮ

Ырчылардын көбү шаардык транспортторго түшүүдөн уялышабы, кыскасы, аты тааныла баштаганда эле менчик унаалуу болууну көздөшөт. Бүгүнкү биздин каарман «Сема» тобунун жетекчиси Самарбектин да коомдук транспорт менен жүрбөй калганына бир канча убакыт болгон. Бирок, анын машинасы бузулуп калганына байланыштуу авто оңдоочу жайга калтырып, өзү жумуштары менен Көкжар кичирайонуна барганга туура келген. Кайра келатканында №277-маршруткасын тозсо, ичинде эч ким жок экен. Сема маршрутканын айдоочусуна түшө турган жүргүн­чүлөрдүн акчасын өзү төлөп, бараар жерине чейин жалгыз келиптир.


САПАР «ЖИПТИ» СҮЗҮП АЛДЫ

Ырчы жигит Сапар өзүнүн “Тайота” машинасы менен продюсери экөө кетип баратып Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинен «Жип» машинасын сүзүп алышкан. Машина кичине гана чийилгени менен ырчы менен продюсери «Жиптин» ээсине бир канча миң акча төлөөгө аргасыз болушкан. Анын үстүнө бул учурда ырчы айдоочулук күбөлүгүн да колуна ала элек болчу.


КУРМАНГАЗЫ ТҮРК АСПАБЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Чыгармасын уккан адамга кадимкидей эргүү бере алган талант Курмангазы Азыкбаев кыргыз аспаптарын гана безелентип тим болбостон, башка улуттун аспаптарын да үйрөнүүгө бел байлады. Тактап айтсак, түрктөрдүн алты кылдуу жүнбүш деген аспабын жана гитараны репертуарына кошконго даярданууда. Буга чейин гитараны билгени менен аны чыгармаларына аралаштырган эмес. Курмангазынын кийинки чыгармаларынан жаңы аспаптын үндөрүн да эми уга алабыз.


АЙГЕРИМ ОШ АЙМАГЫНДА

Төрт жашар баладан тарта “мен кыз сүйө алам” деген жигиттерге чейин көңүл бурдуруп, тал чыбыктай ийилген Айгерим Расул кызы жеке концертин жакында эле бишкектиктерге тартуулаган. Ушул программанын негизинде Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош жана жаштардын шаары аталган Жалалабат шаарынын тургундарына да талантын гүлдесте катары сунууну көздөөдө. Ата-энесинин, жакындарынын курчоосунда жүргөн ырчы кыз ушул максат менен азыр түштүк аймагында.


АЙНУР ТУРДУ КЫЗЫ КЫРГЫЗ АЯЛЗАТЫНЫН ЧАЧЫ ҮЧҮН КАМ КӨРҮҮДӨ

Ырчылык өнөрү менен таанылып, учурда бизнеске өтүүнү каалаган Айнур Турду кызы февраль айынын аягында Кытай мамлекетинин борбору Пекинге аттанат. Айнурдун негизги максаты – ал жактан чачка кандай кам көрүү керек экендиги тууралуу толук кандуу үйрөнүп келип, Бишкекке да ошондой салон ачуу. “Пекинде чачка кам көрүү боюнча тарыхта аты калган мыкты ишкана бар экен. Мисалы, ал жерде адамдын чачы картайганча капкара бойдон түшпөө үчүн атайын аппаратты колдонушат. Бирок, мындай аппаратты алып келсем, биздин эл кандай кабыл алат, ушул көрүнүштү эч элестете албай жатам”,- дейт Айнур.


“АЙТЫШ” КООМДУК ФОНДУ СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШАТ

22-февраль күнү кыргыздын айтыш өнөрүн жандандыруу ниетинде уюшулган “Айтыш” коомдук фондунун жалпы жамааты студенттер менен жолугушат. Жолугушуунун негизги максаты – фонддун мүчөлөрү болгон, али эл алдына чыга элек жаш таланттарды студенттер менен тааныштыруу. Айта кетсек, фонддун бир бөлүгү болгон “Калемгер” адабий клубундагы жаш акындар өз ырларын окушат. “Айтыш фильм” киностудиясынын мультфильмдеринен баштап акыркы комедияларына чейинки тасмалары көрсөтүлөт. Ал эми жаш акындар куйкум сөздөр менен айтышып, бири-бирин жеңгенге аракет кылышмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 276, 15-21-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан