АЙГҮЛ АФЕРИСТТЕРДИН ТУЗАГЫНА ИЛИНДИ

Аз гана убакыт ичинде сахна жаатында оозго алаарлык из таштаган Айгүл Чалова курбу кызы экөө батир издеп жүрүшүп 16-февралда жарнамалык агенттиктерден бир аялдын телефонун алышкан. Ал аялга жолуккан ырчы алдын-ала 200 доллар төлөп коюп бейкапар Ош шаарына гастролго сапар алган. Бир күнү ырчы капыстан эле баягы "батирдин кожойкесимин" деген аялды сыналгыдан көрүп калат. Көрсө, ал аял алдамчылык менен шугулданып, "батир берилет" деген сөздөр менен элдин акчасын жеп жүргөн аялдардын бири экен. "Арыз жазып коюңуз" деген милиция кызматкерлеринин сунушунан ырчы кыз баш тартып койду.


ИЛЬЯЗ 70-80-ЖЫЛДАРДАГЫ ЫРЛАРДЫН ЭЛЕСИН БЕРЕТ

«Кыргыз шоу-бизнесине жаңылык киргизсем» деп аракет кылган жаштардын арасында Ильяз Андаш деген ырчы жигитибиз да бар. Улуу муун сүйүп уккан 70-80-жылдардагы сөзү-обону Алымбек Мамытбековго таандык "Айжамал" деген ырды ырчы ошол мезгилдин үнү менен ырдоону пландаштырып жатат. Тактап айтканда, ошол жылдардын мүнөзүн чагылдырган костюм кийген ырчы аккордеондун коштоосунда ырдап жана кайра эле ошол доорду чагылдырган клип тартуу үчүн чуркап жүрөт.


АЙГЕРИМ ӨЗБЕКСТАНДЫН ЫРЧЫСЫ БОЛОБУ?

Ырчы атанын кызы Айгерим Расул кызы өз элине эле эмес, дисктер аркылуу коңшу мамлекеттерге да белгилүү болууга жетишиптир. Өзбек туугандар ырчынын атасын же апасын өзбек деп ойлоп жүрүшкөнүн белгилүү продюсер Шухрат Халилов айтып, "ырчылыгын Өзбекстанда улантсын" деген пикирин Айгеримдин ата-энесине сунуштаган. Мектепти бүткөндөн кийин гана мындай сунуштар тууралуу ойлоноорун айткан ырчы кыз азырынча Халиловго жооп бербей тураарын билдирген.


АЙЧҮРӨК ПРОДЮСЕР БОЛУП КЕТТИ

Эстрада ырчысы Айчүрөк Султанова өзүнүн чыгармачылыгынан сырткары баласына продюсер болуп жаткан кези. Анын 15 жаштагы Марлен аттуу уулу буга чейин балдарга арналган көрсөтүүлөрдө ырдап чыкчу эле. Эми продюсер апасынын жардамы менен сүйүү жөнүндө "Жаным" деген жаңы ырын жаздырды. Ырга клип тарттырылып, эфирден кетип жаткан кези. Азыр Айчүрөктүн ырчы баласына костюмдарды тиктирип, продюсерлер менен аралашып жаткан убагы. Ал эми Марлен болсо агалары Султан, Мирбектер менен кошо концерттерге катышып, чыгармачылык менен кызуу иштөөдө.


БАЙЫШ АЗ БЕНЗИН ЖЕГЕН "ТИКО" САТЫП АЛДЫ

Тээп жүргөн машинасынан тажаган ырчы Байыш Момунов анысын сатып, башка машина алганы базарга барган. Көптөгөн машиналарды аралап жүрүп капыстан Кореянын көгүш түстүү "Тико" машинасына көзү түшүп калат. Ээси менен сүйлөшө келгенде ал машинанын 100 чакырымга төрт литр гана бензин жээрин уккан ырчы ойлонбостон сатып алаарын айтып, акчасын бергиче шашкан. Көлөмү кичинекей болгону менен өтө ыңгайлуу бул машинаны ырчы жигит 2700 долларга сатып алган.


САПАР, НАЗМИ ХАКАСИЯНЫ БАГЫНДЫРЫШАТ

Акыркы мезгилдерде эгиз козудай ээрчишкен Сапар менен Назми чыгармачылыкта гана эмес, жеке жашоолорунда да бири-бирин колдоп келишет. Жакында эле бул эки ырчы биздин Маданият министрлигинен Хакасия мамлекетинде “От тарыхы” деген ат менен өтүүчү эл аралык фестивалга жолдомо алышты. Фестивалдын талабы – улуттун нукура аспабы коштолгон эстрадалык, элдик чыгармаларды аткаруу. Андан сырткары, ырчылар бирден жеке номер жана бир дуэт аткарышмакчы. Учурда Сапар, Назми ошол фестивалда аткарылуучу ырлардын үстүндө иштеп жатышат.


"ДЕМ" ТЕАТРЫ АЙЫМДАРГА ГҮЛДЕСТЕ СУНУШАТ

Курамын таланттуу жаштар түзгөн "Дем" театрынын жигиттери айымдардын майрамына гүлдесте сунганы стартта турушат. Концерттин өзгөчөлүгү, бир дагы эски номурлар кайталанбастан, жалаң музыканын коштоосундагы жаңы интермедиялар, анын ичинде азыркы замандагы абышка-кемпирлердин кылык-жоругу чагылдырылган эпизоддор көрүүчүлөрдүн көңүл борборунда болот.


ОШТУК ЫРЧЫЛАР ЭМНЕ КААЛАШАТ?

Улуттук Биринчи каналга, анын ичинде үч продюсерге нааразычылык билдирип, өздөрүнүн талаптары менен "көтөрүлүш" чыгарган оштук ырчылардын кыймылынын башталганына бир айга жакын убакыт болуп калды. Андан бери маалымат каражаттары аркылуу кыйкырып эле жатышат, кыйкырып эле жатышат, же бир жыйынтык чыгарыша элек. Өздөрүнүн маданиятка жатпаган сөздөрү менен айрым адамдардын моралдык укугуна шек келтиргенге чейин барышты, же койгон талаптарынын негизи жок. Өзүн ырчы кылып чыгарып койгон адамына ыраазычылык билдирүүнүн ордуна "өлтүрөм" деп жүрсө, канчалаган адистердин сынынан өтүп, анан гана эфирге чыгып жаткан берүүлөрдү "ит-парад" деп сындап жатса... Бул балакайлар кайдан өздөрүнө мынчалык ишенишет? Коомчулукка өздөрүнүн ким экенин жарыя кылбай эле мындай маселелерди маданияттуу жол менен деле чечип алышса болмок.


ТААЛАЙ ГЕНЕРАЛДЫН КОЛУНАН СЫЙЛЫК АЛДЫ

Оштон чыккан ырчы Таалайбек Турдубаев 23-февраль Атамекенди коргоо күнүнө карата чыгарган ыры үчүн сыйлык алды. Акын Ташболот Ражабалиевдин сөзүнө таандык патриоттук темадагы "Кыргызстаным" деген ырга мыкты обон жараткан Таалайдын эмгеги дал ушул майрамдын алдында бааланды көрүнөт. Анткени, бул майрамга карата ырчыга генерал Исмаил Исаков өз колу менен акчалай сыйлык тапшырды. Бул ыр үчүн алган акчалай сыйлыгын ырчы досторуна майлап бүтпөй жаткан кези.


КЛАРА БАЛАСЫНА СҮННӨТ ТОЙ БЕРЕТ

Жаштайынан "Кыргызымдын жигиттери" аттуу ыры менен таанылган ырчы Клара Алибекова учурда чыгармачылыгы менен катар баласы Баэлдин сү­йүк­түү эне­си. Ырчы Байыш Момунов экөө­нүн бир убактагы сүйүүсүнөн жаралган Баэль азыр үч жашта. Сүймөнчүк наристе Кларанын айтымында, атасы Байышка союп койгондой эле окшош экен. Бирок, баласынын өзүнө окшош болуп чоңоюп баратканын атасы көрө элек. Эненин да, атанын да милдетин аткарып жаткан ырчы жакында баласын сүн­нөткө отургузууну пландап жатат.


АЛЬКАМИЛДИН КЛИБИНЕ “АЗИЯ ПЕРИСИ – 2007” ТАРТЫЛДЫ

Орус тилинде ырдаган ырчы Алькамиль "Аячы мени" аттуу кыргызча ырына клип жаратты. Клипке Орто Азия боюнча өткөн сулуулар конкурсунун "Азия периси-2007" наамын жеңип алган кыргызстандык Азиза Устемирова деген модель тартылды. Клипке тартылууну Азиза өзү сунуштаган. Мындай сулуу кыздын сунушуна Алькамиль жана продюсери Алексей дароо макул болушкан. Клипти жакын арада теледен көрө аласыздар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 278, 29-февраль - 6-март, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан