Ырчы Алина Жетигенова башында турган бир топ ырчылар Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып жаш ырчыларга жана куудулдарга сынак өткөрүшөт. Бул сынак кадимкидей концерт менен башталып, аягы эл ичиндеги жаш таланттарды тандоо менен аяктайт. Бул жүрүш август айына чейин уланып, аймактардан тандалган жаштар үчүн финал Бишкек шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлөт. Баш байгеге "Мерседес" үлгүсүндөгү машина коюлмакчы. Ал эми бул жүрүштүн уюштуруучулары – Талас жергесиндеги "Улут руху" жаштар коому.