Баскан-турганынын баары күлкү, анан калса, кайгылуу ырларды да ийине жеткире аткарган актёр, ырчы Асылбек Өзүбеков эшектен жыгылды. Бул кандайча болду дебейсизби? Актёр көрсөтүүсүн даярдоо үчүн шаардын четиндеги Арашан айылына барып, съёмка үчүн улак тартышка да минилип жүргөн айылдагы "популярдуу" кара эшекке минет. Жаңы эле отурган Асылбек "кы-кы" деп туруп бир чапканда эшек атырылып кетип, актёр оңкосунан түшүп, аз жерден кабыргалары сынып кете жаздаган. "Аттан жыгылгандан да эшектен жыгылган опурталдуу" деген чын окшойт. Ушул тапта актёр бир жак капталы менен жакшы кыймылдай албай жүрөт.