Тармал чачтуу, өзгөчө үндүү ырчы жигит Азат Болотбектин машинасын тоноп кетишти. Түн каткан уурулар таңкы саат төрттө чабуул жасашып, машинадагы компакт-дисктерди, магнитофонду көтөрүп кетишкен. Ууруларды байкап калган ырчынын кошуналары Азатты ойготушканда, алар изин жашырышканга үлгүрүшүптүр. Учурда ырчы милицияга арызын жазып, ууруларды карматуунун чарасын көрүүдө.