Кыргыз эстрадасында өзгөчө орду бар, комузда да кол ойното билген Динара Акулова күнүгө кечинде кызы Маликаны үйүнөн ырдатат экен. Ар бир ырдын сөздөрүнүн айтылышына, обонуна көңүл бурган ырчынын "Маликаны мыкты ырчы катары таптап чыгарсам" деген ою бар. Эне-баланын репетициясы күнүгө кайталана бергендиктен, Малика эмес, жадакалса үйүндөгү күчүгү да кошо ырдап, бийлегенге үйрөнүп алыптыр. Малика ырдаса кошо үн чыгарган, тегеренсе кошо тегеренген бул күчүктү жакында сахнадан көрүп калышыбыз да мүмкүн экен.