"Мен үчүн белең, суктанып сага келем" деп сыздаган Бекчоро жакында үйлөнчүдөй болуп турат. Ырчынын жүрөгүн ээлеген бийкеч анын клиптерин дайыма кооздоп келген Атай Огонбаевдин небереси, модель Балжан Атаева экен. Акыркы убакта Бекчоро иш убактысын да, бош убактысын да мына ушул бийкечтин жанында өткөрүп жатыптыр. Ырчынын "жакында бойдокчулук менен коштошсомбу" деген да ою бар окшобойбу. Буюрса, кыргыз үйбүлөсү курамы таланттуулардан турган дагы бир үйбүлөгө көбөйөт.