Бийик үндүү Токтобек Асаналиев Нооруз майрамын Түркиянын Стамбул шаарынан тосмой болду. Анткени, дал ушул күнү майрамдын урматына бир канча мамлекеттердин ырчыларынын катышуусунда концерт болот. Биздин мамлекеттин атынан Токтобек, ырчы Азамат Сарыбаев жана төкмө акын Жеңишбек Токтобековдор катышат. Токтобектин айтымында, баргандар 21-мартта концертке катышып коюп, 26-мартка чейин Стамбул шаары менен таанышып, ал жерде эс алышмакчы.