ДАЯРДАНГЫЛА, СЕССИЯ БАШТАЛДЫ!

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 49 жогорку окуу жайы бар. Алардын 32си мамлекеттик болсо, 17си жеке менчик. Бардык жогорку окуу жайлардагы студенттердин саны 231095. Келишимдик негизде окуган студенттердин саны 203184. Ал эми бюджетте окуган студенттердин саны 27911.
Учурда сессия убагы. Кай бир студенттер мугалимдин артынан сая түшүп, өз күчү менен тапшырганды эңсешсе, кай бири иштеп тапкан акчасын "развадилага" (ортомчуга) берсе, "башлёвый" (акчасы көп) аталгандары сессия коркунучун тоготпостон жайдары жүрүшөт. Кээ бирлери кайрылып келип эле ата-энесинин капчыгын каңтаруусуна туура келет. Жаңы гана тиешелүү келишим акчасын төлөп, "оф!" деп отурган ата-эне дагы бир баш ооруга, сессия чыгымына дуушар болушат.
Келишимдик бөлүмдөрдө окугандар сессия деген балээден оңоюраак кутулушат. Анткени, буларга бюджетте окугандарга салыштырмалуу талап жумшагыраак. Анткени, алардын ансыз да акча төлөп окуп жаткандыктары эске алынат.

Сессия, батир, студент...
Студенттердин 50-60 пайызы жатаканада турушат. Анткени, акысы арзан, көпчүлүк жа­таканалар окуу жайга жакын болгондуктан, жол кире коробойт. Ал эми студенттердин 20 пайызы батирлерде жашашат. Калган 20 пайыз студент өз үйлөрүндө же туугандарыныкында жашап окушат.
Келишимдик негизде окуган студент келишим акчасынан сырткары жалпысынан бир жылда сессияда баа үчүн жең учунан сунган парасы, жашаган жери, кийими, жол киреси болуп орточо эсеп менен бир жылда 40-50 миң сом сарпташат экен.
Келишимдик негизде окуган студент тууганыныкында же өз үйүндө жашап окуса го жакшы. Анда акчасын сессиясын бүтүрүүгө, кийимине жумшаганы менен батир, батир акысы дегендерге башын оорутпайт. Ал эми келишимдик негизде окуп, эч жерде да иштебей батирде жашагандардын абалы сессия убагында ого бетер оорлойт. Анткени, Бишкекте студенттерге ылайык батир акысы 1000 сомдон 4000 сомго чейин чапчыйт. Ошентип, мындай студенттердин түйшүгүн дагы эле ата-энеси тартат. Алар студент баласынын батир акысын да төлөөгө аргасыз. Ата-энесине күч келтиргиси келбей, окуудан тышкары иштешип, батирдин акчасын өздөрү табышкан тыңдар көп кыйнала беришпейт.

Чөнтөктүүлөр сессияда
Кыргыз медициналык академиясы, Кыргыз-Америка университети, Кыргыз-орус Славян университети сыяктуу "крутой" делген университеттерде көбүнчө байлардын балдары окууру маалым. Мындай окуу жайлардагы келишимдик негиздеги факультеттердин акчасы асмандын башы. Аталган университеттерде окуу системасы башкаларга салыштырмалуу өзгөчө­рөөк. Себеби, бул окуу жайларында көпчүлүк студенттер өз күчтөрүнө таянышат. Пара алуу да көп кездешпейт. Сессия тапшырганга такыр мүмкүнчүлүгү жетпей калганда гана акча беришет. Акча мугалимге ортомчу аркылуу берилет. Болжолу менен бир экзамен 100 доллар менен бүтөт. Байлардын балдары үчүн бул сумма аз сезилгени менен кээ бир орто жашаган же карапайым ата-эненин өз күчү менен өткөн студент баласына оордук келтирет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 187, 2-8-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан