«Атага кат» ыры менен күйөрмандарынын көзүнө жаш тегереткен ырчы Артык Саитов буга чейин Сапар менен бирге ырдап келген. Ортодо бир канча убакыт жалгыз да иштеп көрдү. Жалгыздыктан тажаганбы, айтор, Артык жанына Жандос деген ырчы жигитти алыптыр. Артык менен Жандостун дуэттери даярдалып, формалары тиктирилди. Бул жигиттердин ырларынын тушоосу 21-мартта цирк имаратында боло турган концертте кесилет.