"Ак кушум" деп ырдап жүрүп, бойдок болсо да "никем бар" деп кыздардан качкан Алтынбек Алымов бир жума самын бойдон жүргөн экен. Москва шаарына концерт койгону барышканда ырчы чайканып алмакка душка кирсе, алгач жарык өчүп калат. "Балдар тамашалап жатат го" деп ойлонгуча, суу да токтоп калыптыр. Айласы кеткен ырчы чайканбай эле денесиндеги самынды бир сыйра аарчып, сыр билгизбей сахнага чыгып кетет. Ушундан кийин да концерттин артынан концерт болуп, жуунганга такыр мүмкүнчүлүк болбоптур. Ошол абалында бир жума жүргөн Алтынбек Кыргызстанга кайтып келгенде гана жуунуптур.