"Мен ушундай жөнөкөй жигит" деп короо шыпыргычтын ролун да ойногонго жетишкен ырчы Султан Садыралиев жаңы ырлардын үстүндө талыкпастан иштеп жатат. Анын репертуарынын саны дагы бир "Жагымдуусуң" аттуу ырга көбөйгөн эле. Ал ырын ырдап жаткан учурда микрофонду бир гана эмес, бир нече жолу өпкөн жери бар экен, тобо. Ошон үчүн ар ким колдонгон микрофонду өпкүлөгүсү келбеген ырчы жеке ушул ыры үчүн өзүнө жаңы микрофон сатып алды. Ошондон бери ал микрофон Султандын жандай көргөн жакын буюмуна айланыптыр.