Бармактайынан баш кошушкан актёрлор Шайыр Касымалиева менен Абдумалик Шерматовдун жалгыз кызы Мээрим турмушка чыккан эле. Апасы үчүн дагы деле секелек кыз болгон Мээрим май айынын ортосуна чейинки аралыкта эне болуу бактысына ээ болгону турат. Туюкбайдын жынысын билгилери келген эне-бала ээрчишип УЗИге барышса, болочоктогу наристенин уул экени билинген. Учурда Шайыр небере жыттаарын элестетип, май айын чыдамсыздык менен күтүп жатат.