Өзүнүн каргылданган үнү менен өзгөчөлөнгөн ырчы Кайрат Примбердиев иттерге кастинг жарыялайт. Кайрат "Баарыбир калбайм" деген жаңы ырына клип тарттырууну продюсери экөө пландап жатышкан. Ушул клибинде башкы ролду сүйүшкөн эки жаш эмес, сүйүшкөн иттер ойномокчу. Ырчынын айтымында, иттердин эркегине караганда ургаачысы келишимдүү, сүйкүмдүү болууга тийиш. Кастингге кабанаак иттер катыштырылбайт экен.