ТАГДЫР ТАМАШАСЫ уландысы СҮЙҮҮНҮН ӨТКӨН ЧАГЫ БОЛБОЙТ...

Режиссёр – Тимур Бекмамбетов
Продюсери – Константин Эрнст, Тимур Бекмамбетов, Анатолий Максимов
Сценарийин жазгандар – Алексей Слаповский, Тимур Бекмамбетов, Константин Эрнст
Ролдордо: Сергей Безруков (Ираклий), Елизавета Боярская (Надюша), Константин Хабенский (Костя Лукашин), Андрей Мягков (Евгений Лукашин), Юрий Яковлев (Ипполит), Барбара Брыльска (Надежда Шевелева), ошондой эле Александр Ширвиндт, Михаил Ефремов, Анна Семенович жана Эльдар Рязанов.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Көрсө, атактуу окуя биз ойлогондон такыр башкача уланган турбайбы... Женя менен Галянын уулу Костя жогорку окуу жайын аяктап, доктурлук кесиптин ээси болот. Күндөрдүн биринде ал Петербургга илимий конференцияга катышуу үчүн кетет. Конференциянын аягы чакан той менен бүтөт. Кызып калган Костя уктап кетип ойгонот да, өзүн Москвада жүргөндөй сезип, такси кармап “үйүнө” айдатат. Анын үйү болсо баягы эле 3-Куруучулар көчөсүндөгү 25-үй, 12-квартира. Бирок, билишибизче, бул дарек Ипполит менен Надянын жана экөөнүн кызы Надюшанын квартирасына таандык...
Кыскасы, окуя кайра башынан башталат. Тагдыр тамашасы менен таанышып калган Костя менен Надя күтүүсүздөн бири-бирин жактырып калышат. Эгер Надянын жигити бизнесмен Ираклий болбогондо абал жеңилирээк болоор эле...

РЯЗАНОВДУН УРУКСАТЫ МЕНЕН
Улуу режиссёр Эльдар Рязановдун “Тагдыр тамашасы же жеңил парыңар менен” тасмасын ар бир Жаңы Жылдын алдында көрүү жакшы салтка айланган. Бул тасма жаш балаты, аппак кар же оливье салаты сыяктуу Жаңы Жылдык символдордун бири десек болчудай. Андагы каармандар жыл сайын биз менен бирге Жаңы Жыл тосууга келгендей сезилет. Ал эми фильмдеги ырлар менен сөздөрдү жатка билбегендер аз болсо керек.
Бул Жаңы Жылдык жомоктун уландысын тартуу чоң эрдикти талап кылган. Мындай эрдик Тимур Бекмамбетов менен Константин Эрнстте табылды. Экөө 15 жылдан бери тасманын уландысын тартуу идеясын иш жүзүнө ашыра албай келишкен. Мунун бир себеби, коркуу, өз күчүнө ишенбестик болсо, экинчи жагынан, ыңгайлуу шарт да табылбай жаткан.
Тасманын бет ачары 21-декабрга белгиленген. Бирок, аны алгач Рязанов өзү көрү­шү керек эле. 20-декабрь күнү “Эль­дар” деп аталган чакан клубда улуу режиссёр жана анын коноктору үчүн жабык көр­сөтүү болгон.
Тобокелге салып ишке кири­шээр­ден мурун тасманын жаратуучулары аны “ээсинен” сурап алууну туура көрүшкөн. Качан гана Рязанов сценарийди толук окуп чыккандан кийин ага кол коюп, жаш муунга уруксаты менен кошо батасын да берген. Ошентип, 2005-жылдын аягынан тартып жаңы тасма тартыла баштаган. Көрүү­чүлөргө сюрприз даярдагылары келген продюсерлер кино тартып жаткандарын колдон келишинче жашырып жүрүшкөн. Тартуу процесси көбүнесе Прага шаарында өткөн.

ЭКИ МУУНДУН МЫКТЫ АКТЁРЛОРУ БИР ТАСМАДА
Фильмде биз күбө боло турчу нерселер, ошол эле мончо, ошол эле учак, ошол эле окшош квартиралар... Бир гана “Ипполит-Надя-Женя” үч бурчтугунун ордуна ”Ираклий-Надя-Костя” деген жаңы үч бурчтук келди.
Фильмди тартуучулар улуу актёрлорду киного чакырып жатышканда адегенде сүрдөп, коркушкан. 1975-жылы жаралган фильмдеги актёрлор Лия Ахеджаковадан башкасы тасманын уландысына тартылууга макулдугун беришкен. Рязановдун фильмди “белек кылгандан” сырткары учактагы жолоочунун ролун да аткарып бергени тартуучулардын баарын кубанткан.
Кичүү актёрлор менен сүйлө­шүүдөн оңой нерсе албетте, жок эле. Үч башкаарман тең келишимге дароо кол коюшкан. Константин Хабенский менен режиссёр “чабыттардан” (“Күн­дүзгү чабыт”, ”Түнкү чабыт” фильмдери) бери тааныш. Жетишкен ишкер адамдын образын Сергей Безруковдон мыкты жаратаар эч ким жок эле. Ал эми Лиза Боярская башкы ролго көптөгөн талаштардан кийин аныкталган. Бирок, кино тартылып бүткөн соң анын эмгеги бийик бааланды.

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЛДАРДЫН ЫРЫ
Тасмага атайын жазылган саундтрек “Бороон” деп аталат. Муңдуу ырдын сөзүн Жахан Поллыева, обонун болсо Константин Меладзе жазган. Ага клип тартууга да жетишишти. Бул клипти азыр россиялык Биринчи каналдан тынбай көрсөтүп жаткандарын сиздер деле байкап жатсаңыздар керек. Балким, бул тасманы колдоо үчүн жарнама, пиардын бир түрүдүр.
Клиптин режиссёру Константин Эрнст өзү. Ал акыркы клибин мындан туура 15 жыл мурун тартканын билдирген. Эмнеси болсо да клип өзүнүн милдетин жакшы эле аткарып жатат. Анда жаңы тасманын үзүндүлөрү көрсөтүлгөн. Кино эки муундун өкүлдөрүн камтып жаткандан кийин ырды да Алла Пугачёва менен анын кызы Кристина Орбакайтенин аткаргандары бекеринен эмес. “Бороон” – апасы менен кызы жаздырган алгачкы дуэт.

ТАСМА ТУУРАЛУУ ЖАРАТУУЧУЛАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Эльдар Рязанов:
– Бул тасманы тартып бүткөнүмдө анын өмүрү мынчалык узак болоорун элестете да алган эмесмин. Негизи, «Тагдыр тамашасынын” уландысын эч качан тартпайм деп өзүмө сөз бергем. Себеби, бул аягы эмне болуп бүтөөрү билинбеген окуя, ар ким аны өзү каалагандай бүтүрүп алышы керек эле. Бирок, жаңы муундун сунушун четке кага албадым.
Константин Эрнст:
– Тагдыр тамашасынын» уландысы бардык курактагы адамдарга арналып тартылган тасма экенине жакында көзүм жетти. Фильм али даяр боло электе дискти үйгө ала келип, кайненеме көрсөттүм. Ал киши өзү өтө каардуу, серт, катуу аял. Тасманы көрүп жатып ал менин көзүмчө биринчи жолу жашын жашыралбай ыйлап жиберди. Ошондо мен элге уят болбойт экенбиз деп ойлодум.
Тимур Бекмамбетов:
– Рязановдун “Тагдыр тамашасы” – бул икона. Мен дайым ага сыйынып келгем. Ипполит, Женя, Надялардын окуясы эмне болуп уланаары өзүмдү да дайыма кызыктырчу. “Кел, бир чыгынып, уландысын тарталы” деп Константин Эрнст экөөбүз кыялданып калчубуз. Бирок, бир топко чейин баштай албай жүрдүк. Кээде «сыйынган, ыйык туткан нерсени өз колум менен булгап албасам экен» деп да корктум. Балким, мен тараптан улуу кинону улантуу – нысапсыздык чыгаар. Бирок, Рязанов баш болуп улуу актёрлордун да бул ишке киришкендери мен үчүн чоң сыймык, бакыт экенин жакшы билип, түшүнүп турам.
Елизавета Боярская:
– Бизди мурунку каармандар менен салыштырышат. Мындай тобокелге салып барган иштен ар кандай көз караштагы пикирлерди күтүүгө мүмкүн. Мен сценарийди окуп отуруп бир эле убакта ыйлап да, күлүп да жаттым. Ошондуктан, тасманы ким кандай кабыл албасын, менин да буга тиешем бар экенине эч өкүнбөйм.

КЫЗЫКТУУСУ...
Тасманын башка аталыштары да бар: “Тагдыр тамашасы-2”, “Тагдыр тамашасы же жаңы бактыңар менен!”, “Чоң россиялык долбоор”.
Тасма 1050 дискке көчү­рүл­гөн. Анын ичинен 830 нускасы Россиянын, 118и Украинанын, 35и Казахстандын, ошондой эле Грузия, Өзбекстан жана албетте, Кыргызстандын кинотеатрларына берилген.
Кинотеатр демекчи, кээ бир россиялык театрлардын көрүүчүлөр залына кино учурунда мандарин, апельсин сыяктуу цитрус жемиштеринин жана жаш карагайдын жытын атайын ароматизаторлор менен себишет. Бул көрүү­чү­лөргө кайталангыс Жаңы Жылдык маанай тартуулоого жардам берет.
Тасманын сценарийинин 40 башка варианты бар. Акыры баарысы бир сценарийге токтолуп, элге тартууланган.
Фильм келишим боюнча келерки 2 жыл ичинде теле эфир аркылуу көрсө­түл­бөйт.
Тасмага тартылган эң жаш актриса, башкаармандын ролун аткаруучу Елизавета Боярская белгилүү ырчы Михаил Боярскийдин кызы. Ал 1985-жылы 20-декабрда төр­өлгөн. Ал эми киного 13 жашынан тартыла баштаган.
Тасма насыяга алынган акчага жана демөөрчү­лөр­дүн жардамы менен тартылды. План боюнча тасмага 4,3 миллион доллар корош керек эле. Бирок, кээ бир эпизоддор кайталанып тартылгандыгы үчүн бул сан 5 миллионго көтөрүлгөн.
Кино аяктаганда соңку титрларда “Эльдар Рязановго багышталат” деген билдирүү бар.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 269, 28-декабрь - 3-январь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан