Ырчы Максат Бегалиев апрель айынын ичинде Кыргызстандын бардык аймагын кыдырууну пландап жатат. Бул турнеси аяктагандан кийинки ырчынын сапары кытайлык кыргыздарды кыдыруу менен уланмакчы. Мекенинен жана Кытай жергесинен тапкан акчасына ырчы Кытайдан компьютер жана эмерек алып келип, товарларын борбордун ортосунан ачкан чоң дүкөнүнө толтурат да, кардарларды тейлей баштайт.