Уккан адамга эргүү алып келген үнү бар ырчы Роза Шакированы капчыгы калың жигиттерибиздин бири илип кеткен окшобойбу. Ырчы турмушка чыга элегинде, мындан эки жарым ай мурун күйөөсү ага темир тулпар сатып берген эле. Машинасын өзү шаарга айдап чыгууну көздөгөн ырчы айдоочулук күбөлүгүнө ээ болуу максатында окуй баштаганына 20 күн болгону менен уйкусу келгендиктен, сабактан качып кетип жатыптыр. Айдоочулук күбөлүгү жок, анан калса арткы номери жок айдаганды үйрөнүп жүргөн Роза 24-март күнү Алатоо аянтына жакын жерден бурулайын деп жатса, МАИ кызматкерлери айдоочулук күбөлүгүн сурайт. "Мен аянтка ырдаганы келгем",- деп аларды алдаган ырчы машинасын зуулдаткан бойдон айдап жөнөгөн.