Компьютер менен "адамча сүйлөшүп", экономисттик кесиптин ээси болгон ырчы Самат Доолотбаковдун азыр "Демир" банкта иштеп жаткан учуру. Ырдап ырга, иштеп ишке тойбогон ырчы эми мугалим да болуп алды. Тактап айтканда, Алатоо-Ата-Түрк университетинин 5-курсунун студенттерине финансы тармагы боюнча сабак бере баштады. Сабак англис тилинде жүргүзүлөт. Саматтын мугалимдик кесибинин тушоосу өткөн жумада кесилген. Ырчы сабагын чын жүрөгүнөн берилип түшүндүргөнбү, айтор, сабактын аягында студенттер тура калып кол чаап жиберишкен.