"Хит-парад" долбоорунун алпаруучусу Нурзат Токтосунова ишемби күнү телевидениеге кирип бараткан. Босогодон аны 7-8 айлык боюнда бар келин тосуп алып, үч баласы бар экенин, Ошко кеткенге акчасы жок болуп жатканын айтып, Нурзаттан жардам сураган. Шашып кеткен алпаруучу келинге чын дилинен жардам бергиси келип, чөнтөгүндөгү акчасынын баарын кармата берген. Жумуштан кийин кетүү үчүн бир тыйын акчасы жок калган алпаруучу кесиптештеринин жардамы менен үйүнө жеткен.