Сакадай бою сары алтын, жаны тынч албаган ырчы Асел Турдалиеванын биринчи сүйүүсү студент мезгилине туш келген. Ал сүйүүсүнүн ээси чыгармачыл чөйрөдөн болгону менен башка улуттун кулуну экен. Тилекке каршы, төрт жыл бою сүйүшкөн эки жаштын баш кошушуна Аселдин ата-энеси каршы болушканда, айласы кеткен ырчы акыры ал сүйүүсү менен кош айтышкан. Андан ажыраганына 16 жыл болгондо Асел ошол адамы менен интернет аркылуу кайрадан табышып отурат. Бирок, азыр экөөнүн тең жашоолору башка болгондуктан, Асел аны менен жолугушкандан качып жатыптыр. "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" демекчи, бир күнү болбосо, бир күнү бир кездеги сүйүшкөндөр жолугушуп калышаар.