ПЛАСТИКАЛЫК ХИРУРГДАР ТҮЗ ЭФИРДЕ ЖАҢЫ АДАМ

Бир нече жыл мурун америкалык «АВС» каналы тарабынан эфирге "Экстремалдуу өзгө­рүүлөр" деген берүү чыккан. Анын катышуучулары – өз эрки жана каалоолору менен пластикалык хирургдун бычагынын алдына туруп берүүгө даяр болгон адамдар эле. Чет өлкөлүк­төр үчүн мурундун формасын алмаштырып же сырткы келбетти өзгөртүү престижге айланган да, мындай телевизиондук долбоорлор кийин башка өлкөлөрдө да пайда боло баштаган.
Аялзатынын түбөлүк кыялы – чырайлуу болуу. Жакынкы арада УТРК "Түнкү канал" аркылуу бул кыялды орундата турган "Сулуулук сырлары" деп аталган көрсөтүүнү чыгарат. Жаңы долбоордо мекенибиздин алдыңкы хирургдары жөнөкөй кызды чүрөккө айландыруу процессин түз эфирде көрсөтүшөт. Мындай укмушка баштан-аяк күбө болгусу келген көрүүчү табылбай койбосо керек.
Көрсөтүүгө эң сулуу жана чырайлуу болууну самаган 27 жаштан улуу бир нече кыргызстандык айымдар тандалат. Атактуу пластикалык хирургдар Искен Качкынбаев менен Бактыбек Өмүрзаков түз эфирде, көрүүчүлөрдүн көзүнчө айымдарды өзгөртүүгө даяр экендерин билдиришкен.
– Биз катышуучулардын операцияга чейин жана андан кийинки жүздөрүн көрсөтүп, бир нече ай бою алардын өзгөрүүсүн байкап турабыз,- дейт жаңы долбоордун автору Ассоль Молдокматова сыр бөлүшө,- Эң жакынкы арада катышуучуларды тандоо башталат. "Сулуулук сырларына" кандайдыр бир себептен улам келбетин өзгөртүүнү каалаган катардагы айымдар катышышат. Аларга бир гана шарт коюлат – пластикалык хирургдун оперативдик кийлигишүүсүнө өтө олуттуу мамиле жасоо.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 283, 4-10-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан