Скрипкада мыкты ойногон ырчы Алькамиль эми алпаруучу да болот. Тактап айтканда, жаштар сүйүп көргөн "Түнкү каналда" эми шоу-бизнес дүйнөсүндөгү жаңылыктарды түз эфирге алып чыкмакчы. Ырчы буга чейин продюсери Алексей Филатов менен бирге жүрүп, андан телеалпаруучук кесиптин сырларын үйрөнгөн эле. Мына ошондогу убактысын текке кетирбегенин эми далилдегени турат. Таланттуу ырчынын алпаруучулук жөндөмүнө дүйшөмбү жана жума күндөрү күбө болуп турабыз.