АЙЧҮРӨК НАРИСТЕГЕ АТ КОЙДУ

Белгилүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева боюнда бар аялга кайрымдуулук көрсөттү. Тактап айтканда, Оштон келген Мээрим аттуу ай-күнү жетип турган аял Айчүрөктөн жардам сураган. Аялга боору ооруган ырчы бир аз маектешип, колуна акча берип, көңүлүн көтөрүп узаткан. Сү­йүнгөн аял "ушунча болду эми менин төрөлө турган кызымдын да атын коюп бериңиз" деп өтүнгөн. Анда ырчы: "Кызың кыргыздын акылман кыздарынан болсун, чын эле кыз төрөсөң, атын Каныкей кой",- деп сунуштап жөнөткөн. Күйөөсү акча тапканы Орусияга кеткен Мээримдин жакындарынын баары Ошто болгондуктан, бул жакта батирине акча төлөй албай, үйдөн куулуп чыккан экен. Бул тууралуу Мээрим редакцияга келип, Айчүрөк эжеге ыраазы экенин айтып, газитке жазып коюубузду өтүнүп кетти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 283, 4-10-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан