АБАКТЫН КАПКАНЫНАН АМАН КАЛУУ

"Шаарга кетем!"
Жеңиштин тагдырын жеңил деп айтууга ооз барбайт. Алты жашында атасы каза таап, үйдүн улуусу болгондуктан, эрбеңдей энесинин этегине жармашып иштеп жүрүп чоңойду. Катаал тагдыр сүйкүмдүү бул баланын баёо балалыгын эрте күндө колунан сууруп, түйшүккө салды. Мектеп жашынан тартып энеси менен колхоздун кызылчасын чаап, түптөп дегендей, оюн, эркелик дегенди билбей өстү. Илмийген шыйрактары ийиле кетмен көтөрүп алдында бараткан уулун көрүп эненин зээни кейип кетээр эле.
Мектепти бүтүп жаткан күндөрдүн биринде Жеңиш энесине кеп салды.
– Мен шаарга кетем.
– Ок, эмне дейт?
– Шаарга кетем дейм, апа.
– Ии, балам, окусам дейсиңби?
– Окуу-мокуусу жок эле ошол жакка барып иштеп келсем деп турам.
Совет кезинде азыркыдай "бир жакка барып иштеп келем" дегенди угуп көрбөгөн энеси Батма чочуп кеткен ошондо.
– Кандайча иштеп келесиң? Мен да бир окуусуна тапшырганы жатат экен десе. Иштегиң келсе, мына, биздин колхозго калып эле иштей бер. Ии, баса! Эсиме жара чыгып унутуп кала жаздаган турбаймынбы. Кечээ раис чакырып алып сен жөнүндө сурады. "Уулуңуз ийкемдүү, акылдуу бала. Эгер иштейм десе мага келсин. Колхоздун кампасына ишенимдүү киши керек болуп жатат. Балаңыз мындай иштерди эптеп кетет",- деди. Балам, колхоздун кампасына кирип алсаң канча пайда көрөөрүңдү билесиңби?! Тигине, Алишерди карачы, он жылдан бери кампаны жетектеп жүрүп бутуна туруп алды.
– Апа, раисиңиздин сунушуна рахмат. Минтип айылда жүрө берсем эч нерсеге жетише албайм. Окуюн десем... Сиздин айлыгыңыз инимдин кийим-кечесине жетеби, тамак-ашка жетеби? Ээ, кайдагы окуу...
Оор турмушун ойлоп көңүлү чөккөн Жеңиш колду шилтей тышка чыгып кеткен. Бирок, айтканын бербей энеси менен айтышып, таарынышып жатып шаарга кетти. Ал жакка барып эмне жумуш кылат, кайсы жерде жашайт, аны ойлогусу келген жок.
Калаага келип эле Жеңиш жыргап кеткен жок. Далай жолу ачка калып, башпаанек кылаарга жылуу жайдын жогунан вокзалдарга түнөп да жүрдү. Ошентсе да мындай жашоого чөгүп кетпеди. Көп өтпөй заводго жумушка орношуп, жолун таап кетти. Ошол жерден жубайы Надя менен таанышты. Украиндердин кара көз, кара каш бул кызы Жеңиштин эмнесин жактырды?.. Москвадан университетти бүтүп келип, бул заводдо иштеп жатканына үч жыл болгон экен. Жалпы калкка билинбегени менен ошол кезде эле тааныш-билиш, пара бермей күчтүү эле. Өмүр бою жетекчи кызматтарда иштеп жүргөн ата-энеси Надяны окууну бүтүп келээр замат сүйлөшүп туруп жакшы кызматка орноштуруп коюшкан.

Турмушу оңолуп калган...
Уулу өзүнөн беш жаш улуу украин кызына үйлөнгөнүн уккан Батма өпкө-өпкөсүнө батпай солуктап ыйлап кирди.
– Шаарга жөнөтпөй койсом бул балээ жок эле.
– Койсоңчу, Батма. Келиндүү болгон адам да ыйлайбы? Орусубу, кыргызыбы, бактылуу болсо болгону.
Көзүнүн жашы он талаа болгон Батманы курбусу Кыял соорото албай убара.
– Сага айтууга оңой да, уул-келиниң жаныңда. Энекелеп ысык чайын сунуп отурушат. Кайдагы хахол кызга үйлөнөт деп ким ойлоду дейсиң. Өзүбүздүн айылдагы кыздарга көз салып, мен бечара келин тандап жүрсө...
Уулунун кеңешпей туруп бөлөк диндеги кызга үйлөнүп алганына Батма көпкө дейре иренжип жүрдү. Надяны Батма кабыл алгысы келбесе, Жеңишти Надянын ата-энеси кабыл албай, экөө үч жыл ара жолдо чайналып жүрүштү да, ажырашып кетишти. Күндүз иштеп, кечкисин окуп жүрүп дипломго ээ болгон Жеңишке кайнатасы бир жакшылык кылып, тааныштары аркылуу Фрунзедеги машина чыгаруучу заводго чоң бөлүмгө башчы кылып дайындатып койду.

Экинчи нике
– Балам, эми дагы канчага дейре жалгыз бой жүрмөк элең. Тигил Жибекке үйлөнүп алчы?! Окуусун бүттү. Эми ал да Фрунзеде иштейт экен.
– Жибегиңиз ким эле?
– Ботом, тигил Калыгул акенин кызычы?! Кичинекей кезинде колуңдан түшүрбөй эле көтөрүп жүрчү эмес белең.
– Койчу, апа, ошол кыз күйөөгө чыга турган болуп калдыбы?
– Анан эмне. Кыз бала ошентип бат эле суйкайып чыга келет.
Бул кепке анча маани бербесе да, энесинин шагын сындыргысы келбей: "Макул, шаарга барганда таанышам",- деп койгон. Бир күнү убадасы эсине түшүп, ал-жайын сурап коймокчу болуп ал иштеген техникумга барып калды. Баягы эркелеп колунан түшпөй ыйлактай берчү Жибек жок. Келишимдүү, сулуу, уяң кыз болуптур. Бир көр­гөндө эле жагып, көп ойлонуп отурбай үйлөнүп алды.

Бир топчу илинчек болду
Жибектей ыймандуу, акылдуу кызга туш болгонуна Жеңиш ичинен кубанып жүрчү. Айрыкча биринчи жубайы Надя тууралуу чукуп сурай бербегенине ыраазы болоор эле. Ошентип, эрте күндө бутуна туруп, очор-бачар жашап калган Жеңишти кимдир-бирөө өз үйүнөн өлтүрүп кетип, ак жеринен күнөөлүү болгон Жибек камакка алынган болчу. Анткени, жумуштан келип, төркү үйдө канга боёлуп жаткан күйөөсүн көрүп бакырып ыйлап, өзүн жоготкон. Анан күйөөсүнүн далысына сайылган бычакты сууруп салууга аракет кылып, бирок, сууруй албай койгон. Албетте, бычактан анын бармактарынын изи табылган. Бирок, Жеңиштин жанына кайсы бир кийимден жулунуп түшүп калган топчуга эч ким маани берген эмес.
Тааныштарынын суранычы менен Жибекти коргоого алган адвокат иликтөөнү баштады. Ким өлтүрүшү мүмкүн? Кесиптештеринин, урук-туугандарынын айтымында, Жеңишти өлтүрүп кетчүдөй душманы деле болбогон экен. Маркумдун байланыштарын иликтеп жүрүп, адвокат анын мурун украин кызына үйлөнүп, кайра ажырашканын билип калды. Атүгүл Надя өмүрүнүн аягына чейин Жеңиш менен жакшы мамиледе келгенин тактады. Кызыгы, Надежда Александровна Жеңиштен бир жума илгери каза тапкан экен.
Адвокат Айбекке Надянын үйүнүн эшигин далысы кучак, эңгезердей киши ачты. АлНадянын агасы экен. Адвокатты жактырбай кабагын карыш салып отуруп укту.
– Биз Надянын Жеңишке күйөөгө чыгышына каршы болгонбуз. Экөө ажырашып кеткенине канча жыл болду?! Надя да каза болуп калды. Аны эмне үчүн эми сурап келдиңер?
– Кечиресиз, алардын балдары бар беле?
– Надянын баласы жок болчу.
– Сиз да бул үйдө жашайсызбы? Мага даректи беришкен адамдар Надежда Александровна жалгыз жашайт дешти эле...
– Менин кайда жашаарым менен сенин кандай ишиң бар? Эмне эле мени суракка алып, башты оорутуп жатасың? Давай, жолуңа түш! Бир жакка барышым керек.
Жулкулдаган киши Айбекти чыгарып, артынан өзү жөнөдү. Эмнеден улам кайрыла калды билбейт. Бирок, артындагы кишиге кайрылган Айбектин көздөрү чанагынан чыга жаздап барып токтоду. Ачуулана топчуланып жаткан кишинин күрмөсүнөн бир топчусу жулунуп түшүп калган экен. Болгондо да дал эле Жеңиштин сөөгүнүн жанынан табылган топчунун өзү! Жеңиш өлтүрүлгөн күнү анын жанынан табылган топчуну Жибекке көрсөтүшсө, үйүндө мындай топчулуу кийимдин жоктугун айткан эле.
Көрсө, Надянын агасы жашынан тентек чыгып, чоңойгону түрмөдөн башы чыкпай келе жаткан адам экен. Айыкпас дартка кабылып, өмүрү кылдын учунда илинип турган карындашыныкына келип жашап жүрүп: "Надянын менден бөлөк жакыны жок. Кокус көз жумса, үй-жайы менде калат",- деп ойлогон тура. Бирок, карындашы каза болгон соң үй-жайды Надя Жеңишке каттатып койгондугун билет. Ошентип, абакта жүрүп адамдыгын жоготкон киши Жеңиштин үйүнө барып, аны бычактап салып кете берген экен. Экөө мушташып жатканда күрмөсүнүн топчусу жулунуп түшүп калгандыгын байкаган эмес. Надянын агасын милиция кызматкерлери кармап келишкен соң "сиз бошсуз" деп Жибекти бошотуп коюшту. Бечара уккан кулагына ишенбей жатты. Тоодой аска-жөлөгү болгон күйөөсүнүн бейкүнөө жерден каза тапканына ишенгиси келбей, оор, жагымсыз түш көрүп жаткандай элдир-селдир абалда жүргөн. Мына, эми араң эсине келгендей жан-жагына айлана карап, абактын оозунан өзүн сууруп чыккан адвокатты көрүп ыйлап жиберди.

ДаярдаганАйбек Нурадилов. Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 269, 28-декабрь - 3-январь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан