Бийчиликтен тамадалыкка, тамадалыктан ырчылыкка өткөн Бакыт Байсариевдин пайда алып келчү дагы бир бизнес булагы бар экен. Тактап айтканда, Жапония өлкөсүнөн рулу оң жагындагы машиналарды айдап келип, кыргызстандык автосүйүүчү кардарларды машина менен тейлеп турган. Учурда Бакыт алып келген машиналарынын акыркы партияларын шашылыш сатып жатыптыр. Анткени, рулу оң жагындагы машиналарды эми Кыргызстанга киргизбөө жөнүндөгү ЖКдагы талкууну кулагы чалып калган. Эгер бул маселе иш жүзүнө ашып тыюу салынса, анда ырчы рулу оң жактагы эмес, сол жактагы машиналарды Америкадан ташый баштайт.