Күн менен түн теңелип, жер жарылып чөп чыккан кезде кыргыздар 21-мартта белгилөөчү Нооруз майрамын казак туугандар 22-мартта майрамдашат экен. Дал ушул күнү бул майрамдын урматына Алматы шаарынын борбордук аянтында Казакстандын жылдыздарынын катышуусунда чоң майрамдык концерт болуп өткөн. Бул концертке биздин өлкөдөн "МКД" тобу да конок катары чакырылган эле. Катышкан ырчылардын баары фонограмма менен ырдашса, "МКДнын" таланттуу жигиттери жандуу үн менен ырдашып, казак ырчыларынын ооздорун ачырышкан. «Ушундан улам жандуу үн менен ырдоо фонограммага караганда элге көбүрөөк таасир этээрин байкадык»,- дешет «МКД» тобунун жигиттери.